2018: Эрдоган, эски карикатура жана студенттер

ОЧТУнун студенттери Эрдоганды сындаган карикатура менен. 06.7.2018. (Оңдо). “Пингвин” журналынын мукабасы. 24.2.2005 (солдо).

Өзүн сындаган карикатураны көтөргөн студенттер менен Эрдоган элдешти, бирок... Түркиядагы сөз эркиндигинин акыбалына арналган сереп.

Калайыктын шайлоо маалында гана кадыр-баркка ээ болгон учурун акын Шайлообек Дүйшеев ыр саптарында мындайча сыпаттаганы бар:

“Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,

биз байларга шайланаарда керекпиз.

"Эл" деген – биз, макулук да, маймыл да,

Эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз”.

Бул ыр саптарын окуп алып, күйүп-жанып жазган акынга "өз элин маймылга теңеди" деп доомат арткан эч ким болгон жок.

Сөз эркиндигинин күчү ушул!

Дал ушундай сөз эркиндигин баалай алган инсандардын бири – Кыргызстандын “кайра куруу” доорундагы лидери Абсамат Масалиев агай болгон. Антикоммунисттик кыймылдын бир өкүлү аны маймылга теңеп ырдап чыккан учур 1990-жылдын тогуздун айы (октябры) эле. Анда КДК Ак Үйдүн алдында саясий ачкачылык уюштуруп жаткан.

Абсамат Масалиев (оңдо) жана Аскар Акаев. 27-октябрь, 1990-жыл.

Ыраматылык Абсамат агай сатиралык ырга жана өзүн маймылга окшоткон карикатуралык сүрөткө “чым” этип койгон эмес. Көрсө, ал сөз эркиндигин баалоонун мыкты өрнөгүн көрсөтүп жаткан тура!

Быйыл Түркияда сөз эркиндигине байланыштуу олуттуу окуялардын бири болуп өттү.

Анкара шаарында жайгашкан Ортоңку Чыгыш Техникалык университети (ОЧТУ; түркчө Orta Doğu Teknik Üniversitesi, ODTÜ, англисче Middle East Technical University, METU) деген кадыр-барктуу жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү теке (июль) айынын 6сында окуунун аякташына арналган аземдин алкагында университет аймагында жүрүш жасашты.

Дал ошол жүрүш маалында үч студент азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганды жан-жаныбарларга теңеген “Тайыптардын дүйнөсү” (“Artık... Tayyipler Âlemi”) деп жазылган тексти бар эски сатиралык карикатураны көтөрүп чыгышты.

ОЧТУнун студенттери Эрдоганды сындаган карикатура менен. 6-июль, 2018-жыл.

“Эски” дегеним – бул карикатураны өлкөдөгү “Пингвин” ("Penguen") деген сатиралык журнал өзүнүн 2005-жылдагы сандарынын биринин мукабасына (2005-жылдын бирдин айынын – февралынын 25үндө) жарыялаган болчу.

Айтыла жүргөн “Жан-жаныбарлар дүйнөсү” сөзүнүн ордуна бул карикатурада “Тайыптардын дүйнөсү” деген сөз жазылып, пил, уй, төө, жылан, бака, өрдөк, жираф, маймыл тартылган.

“Пингвин” журналынын мукабасындагы Эрдоганды сындаган карикатура. 24-февраль, 2005-жыл.

​Ал кезде Эрдоган Түркиянын өкмөт башчысы эле. Ал өзүнүн кадыр-баркына шек келтирди деген доо менен 2005-жылы жалган куран (март) айынын 23үндө журналга каршы сотко кайрылган. Моралдык жактан доо кетиргендиги үчүн гезиттен 40 миң жаңы түрк лирасы өлчөмүндө (болжол менен 31,000 АКШ долларына тете) акчалай жаза талап кылынган.

Анкарадагы сот 2006-жылдын бирдин айынын (февралынын) 14үндөгү чечими менен Түркиянын премьер-министри Эрдогандын “Пингвин” журналына каршы доосун четке каккан болчу.

Бейхан Азман (Beyhan Azman) төрагалык кылган соттун чечиминде бул сатиралык карикатуралык чыгарма түркиялык карикатурачы Муса Карт мырза мышыктын башына Тайып Эрдогандын жүзүн тартып койгондугу үчүн жаза алгандыгына байланыштуу мурдагы окуяга каршы сын иретинде тартылгандыгы белгиленген.

“Жумхурийет” басылмасынын карикатурачысы Муса Карт өкмөт башчы Эрдогандын жүзүн мышыктын башына жабыштырып азил сүрөт тарткан. Сот акыры сатирикти актап чыккан. 2005-жыл.

(“Жумхурийет” басылмасынын карикатурачысы Муса Карт да оболу Эрдогандын башын мышыктын башы кылып тарткан азил сүрөтү үчүн сотко берилип, акыры ал сүрөтчү да түркиялык сотто акталып чыккан).

Сот чечиминде бийлик өкүлүнүн сынга ачык болушу керек экендиги да көрсөтүлүп, “Пингвин” журналынын мукабасындагы карикатура адам укуктарына каршы эмес экендиги, сөз эркиндиги шартында жаралгандыгы да таасын айтылган.

Айтмакчы, төбөлдүн кадыр-баркын эмес, өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоону туура көргөн Бейхан Азман мырза 2010-жылдан тартып Түркиянын Арыздарды караган жогорку сотунун (Türkiye Cumhuriyet Yargıtay Başkanlığı) мүчөсү болуп иштеп келет. 2016-жылдагы төңкөрүш далалатына байланыштуу окуялардан кийин да Бейхан Азман мырза ушул жогорку сотко мүчөлүгүн сактап калды.

Баса, өкмөт башчы Эрдоган өзүн жан-жаныбарларга теңеген карикатурага ачууланып жаткан кезде сатиралык "Ле Ман” журналы аны мөмө-жемиштерге теңеген сатиралык карикатураны жарыялаган.

“Ле Ман” сатиралык журналы Эрдоганды мөмө-жемишке теңеген карикатураны жарыялады.

​Демек, жогоруда сөзгө алынган айбанат дүйнөсүнө байланыштуу карикатуранын окуясы 2014-жылы президент болуп калган Режеп Тайып Эрдогандын өкмөт башчы кезине – 2005-жылга таандык жана сот чечими менен анын эски доосу 2006-жылы четке кагылган.

Бирок 2018-жылдын жай мезгилинде окуялар башкача өңүттө өнүгө баштады.

Көп узабай, 2018-жылдын теке (июль) айынын 7синде карикатуралык плакатты көтөрүп чыккан үч студент полиция тарабынан кармалса, плакатты майрамдык жайга жеткиришип берген алардын төртүнчү шериги ошол айдын 9унда кармалды.

Аларга “мамлекет башчынын дарегине акаарат келтирди” деген доо коюлду. Аларды убактылуу абакка камоо тууралуу сот чечими теке (июль) айынын 11инде чыгарылды.

Мындай көрүнүштөр ар кандай авторитардык мамлекеттерде боло жүргөн окуя эмеспи. Бирок Түркия өзүн “демократиялуу жумурият” деп жарыялап келет.

Өлкөдөгү негизги оппозициячыл “Жумурияттык Элдик партиянын” (ЖХП) лидери Кемал Кылычдароглу теке (июль) айынын 17синде жогорудагы сөзгө алынган карикатураны өзүнүн “Твиттердеги” барагында жарыялап: “Сиз сын менен юморго чыдашыңыз керек! Сын менен юморду абакка салуу аркылуу токтото албайсыз!” деген сөздөр менен мамлекет башчыга кайрылды. Анан ЖХПнын жалпы 72 депутат мүчөсү “Твиттер” аркылуу алиги карикатураны жарыялап чыгышты. (Депутаттык кол тийбестик аларды камакка алууга мүмкүндүк бербейт).

Кызыгы, ОЧТУнун ректораты студенттерди карикатура көтөрүп чыкканы үчүн сынга алып, “президенттин кадыр-баркына шек келтирүү – кылмыш” деп чыкты. Ал эми "ОЧТУнун бүтүрүүчүлөрүнүн жамааты" деген коомдук бирикме мындан 13 жыл мурда тартылган жана сот тарабынан акталып чыккан карикатура камтылган транспарантты көтөргөнү үчүн камакка алынган бүтүрүүчү студенттерди дароо эркиндикке чыгарууну, сөз эркиндигин сыйлоону бийликтен талап кылды.

Сот чечимине ылайык, алиги төрт студент баш оона (август) айынын 10унда абактан убактылуу бошотулду, бирок алар тогуздун айынын (октябрдын) 22сине белгиленген сот жүрүмүн күтүп калышты.

Ал эми тогуздун айынын (октябрдын) 16сында президент Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталып жаткан төрт студентти Анкарадагы президенттик ордо сарайына чакырып, алар менен жылуу маанайда маектешкени тууралуу “Анадолу” кабар агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, төрт студент мамлекет башчыга гүлдесте алып келишкен. 45 мүнөткө созулган баарлашуу маалында Эрдоган бул студенттерди убактылуу кармаган учур өзү үчүн да оңтойсуз болгонун айткан.

Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКП) басма сөз өкүлү Өмер Челик мырза президент Эрдогандын адвокаты студенттерге карата алиги доо арызды кайра кайтарып алган жатканын тогуздун айынын 16сында билдирди.

Эртеси күнү, тогуздун айынын 17синде, Эрдогандын адвокаты бул студенттерге карата доо арызды токтотуу тууралуу өтүнүчтү Анкара шаарынын № 11 кылмыш сотуна тапшырганы маалымдалды.

Ошону менен Түркияда мамлекет башчынын доосунан улам келип чыккан бир соттук териштирүү маселесине чекит коюлду. Калайык бул кабарды шаттануу менен кабыл алды.

Бирок "мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келтирди” деген доо боюнча бир жылдан төрт жылга чейинки мөөнөттө абакка кесүү жазасы камтылган Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине байланыштуу окуялар ушуну менен аяктады дегенге эч мүмкүн эмес.

Эл аралык “Хюман райтс уотч” укук коргоо уюмунун Түркиянын Адилет министрлигинин статистикалык маалыматына таянып билдиргени боюнча, эгерде Режеп Тайып Эрдоган президенттик бийликке жаңыдан келген 2014-жылы 299-беренеге ылайык 132 киши жазага тартылган болсо, ал эми 2015-жылы 1 953 киши, 2016-жылы 4 187 киши, 2017-жылы 6 033 киши сотко берилген. 2017-жылы сотко жеткирилгендердин ичинен 2,099 кишини сот жазага тарткан.

Быйыл деле Түркияда 299-берене боюнча башка да көптөгөн кишилер камакка алынганы кабарланууда.

Түркия - Адам укуктары боюнча Европа келишимине жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык келишимге кол койгон өлкө. Демек, Түркия өкмөтү өз өлкөсүнүн аймагында сөз эркиндигин ырааттуу камсыз кылууга милдеттүү.

Жогоруда сөз болгон ОЧТУнун төрт студенти 13 жыл мурдагы саясий карикатураны “жөн гана курсагы токтугунан эрмек кылып”, ОЧТУнун бүтүрүүчүлөр жыйынына көтөрүп чыгышкан эмес. Юул ишарат аркылуу алар да өз коомуна адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо жаатында маанилүү эскертүү бергиси келгени анык.

Дүйнөгө Азиз Несин сыяктуу залкар сатириктерди берген бул өлкөнүн жарандык коому азыр да демократиялык баалуулуктарды жана жетишкендиктерди сактап калыш үчүн сатира ыкмалары менен да жан үрөп күрөшүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.