Түркия: туристтик сезон мигрантты күтөт

Анталия. 2015-жыл.

Түркиянын Анталия аймагындагы мейманканаларга 2019-жылы 50 миллиондон ашык турист келери күтүлүүдө. Жергиликтүү серепчилер мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл мигранттарга талап көбөйөрүн айтышууда.

28-февралда Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигине караштуу Эл аралык эмгек дирекциясынын жетекчилери жолукту.

Жолугушууда жыл сайын Анталия аймагындагы мейманканаларга келип иштеп жаткан кыргызстандык эмгек мигранттарынын кыйынчылыктары да сөз болду.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Түркиядагы расмий мекемелер менен кыргызстандык мигранттардын маселесин түздөн түз сүйлөшкөнүн билдирди:

Самат Токтоболотов.

- Биз Анкара шаарында жергиликтүү миграция кызматынын жетекчилери менен жолуктук. Алар өз тарабынан кыргызстандыктар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып беришти. Тараптар миграция тууралуу маалымат алмашуу боюнча бир пикирге келип, мындан ары иш алып барууну чечтик. Андан тышкары Анталия шаарына келип кыргызстандыктар иштеген мейманканалардын шарттары менен тааныштык.

Бишкек шаарында иш алып барган Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов Анталияда 2019-жылдын жайкы туристтик сезону ачылып, эмгек визасын алган айрым кыргызстандык мигранттар кетип жатканын маалымдады.

Түркиядагы кыргыз мигранттары менен жолугушуу.

Бирок ал өткөн жылга салыштырмалуу айрым маселелерден улам Анталияда иштегенге кызыккан кыргызстандыктар азайганын баса белгиледи:

- Азыр лицензиясы бар фирмалар көбөйдү. Түркиядагы мейманканалардан да «жумушчу керек» деген сунуштар көп болуп жатат. Бирок «барам, иштейм» деген кыргызстандыктар аз. Буга эмгек визасынын төлөмдөрүнүн кымбаттаганы себеп болду. 22-февралдан баштап виза ала тургандар 283 доллар төлөй башташты. Бул былтыркыдан кымбат. Айла жок, айрым агенттикттер карызга жиберип жатышат. Бирок виза жараяны жай болгону, Түркиядагы айлык акынын долларга которгондо аз болуп жатканы маселе жаратууда.

Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматында чет өлкөгө жумушчу жиберген 75 жеке фирма катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Түркиянын туристтик аймактарына мигранттарды жөнөтөт. Ошондой эле 2018-жылы түрк лирасынын арзандаганы да Анталиядагы мигранттардын абалын оорлоткон.

Жаңы туристтик сезондо чет өлкөлүк мигранттардын айлык акысы боюнча Түркиянын Анталия шаарында иш жүргүзгөн Ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер коомунун жетекчиси Себих Чайлак маалымат берди:

Себих Чайлак.

- Былтыр айлык боюнча көп маселе чыкты. Быйыл андай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн айрым чечимдерди кабыл алдык. Азыр минималдык айлык акы 2020 лира. Мейманканалар лира менен айлык төлөшөт. Бул сумманы долларга которгондо аз болуп калбасын деген ойдо минимум 350 доллар деп бекиттик. 2019-жылы орточо эсеп менен 20 миңге жакын кыргызстандык мигрант Анталияга келет деп божомолдоп турабыз. Айрымдары келе баштады. Мейманканалар да акырындап иштей баштады.

Түркия жумушчу бирикмелеринин конфедерациясынын жетекчиси Мустафа Яхйаоглу социалдык тармактарда өзгөчө жергиликтүү калк туристтик аймактарда иш таба албай жатканын жазып келет. Мунун себебин ал Анталия аймагындагы мейманкалардын ээлери чет өлкөлүк мигранттарды аз айлыкка иштетип, көбүрөөк киреше табууну көздөгөнү менен түшүндүрдү:

Мустафа Яхйаоглу.

- Минималдык айлык акыдан аз акчага чет өлкөлүк мигрантты иштеткен мейманканалар албетте, өз кирешесин гана ойлойт. Мигранттардын медициналык камсыздандыруусун, салыгын аз көрсөтүп көп иштетет. Бул мыйзам тарабынан текшерилиши керек деп ойлойм. Биз конфедерация аркылуу чет өлкөлүк мигранттардын Анталияда иштешине каршы чыкканыбызды билдирип келебиз. Түркияда ансыз деле жумушсуздук күч алып турган кезде эмне үчүн жергиликтүү жумушшчуларды мейманканалар жумушка алышпайт? Биз улутчул эмеспиз, бирок өзүбүздүн жаштар иштей турган жерге чет өлкөлүктөрдү аз айлык акыга иштетип жатышканы чыккынчылык деп ойлойм. Биз конфедерациянын алкагында түрк жумушчулардын аркасында туруп бере алабыз. Ал эми мигранттардын аркасында туруп таламын талашкан эч ким жок. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мейманкана иштеткендер аларга аз акча берип, көп иштетишет.

Анталия аймагында 400дөн ашуун беш жылдыздуу мейманкана катталган. Алар 2019-жылы 50 миллионго жакын чет өлкөлүк турист кабыл алууну пландашкан. Бул былтыркыдан эки эсе көп.

Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенишет. Расмий эмес маалыматтар боюнча жайкы туристтик сезондо 40 миңден ашык кыргызстандык Анталия аймагындагы мейманканаларда иштейт. Алар негизинен официант, тазалоочу болуп кызмат кылышат жана ашканада иштешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.