Соцтармакты эрмектеген мигранттар

Түркияда социалдык тармактардын 51 миллион жигердүү колдонуучусу бар. Түркия дүйнөдө "Фейсбук" колдонуучулардын саны боюнча алдыңкы саптагы он өлкөнүн ичине кирет. Бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын социалдашуусу дал ушул "Фейсбук" сыяктуу социалдык тармактар аркылуу болуп жатканы байкалат.

Көп жылдардан бери Стамбул шаарында жашаган Гүлистан Атагулова ири холдингдердин биринде экспорт бөлүмүндө иштейт. Мекенден алыс жашаган Гүлистан Стамбулдагы кыргыздардын "Фейсбуктагы" айрым тайпаларынын жигердүү колдонуучусу. Ал өзү өңдүү мигранттардын социалдык тармактарды колдонуу зарылчылыгын социалдашуунун жаңы агымы деп түшүндүрдү.

- Чет жакада жүргөндө мигранттар бир туугандарымдай болуп калат. Кыргызстанда болсок өз үй-бүлөбүздү, өз түйшүгүбүздү эле ойлонушубуз мүмкүн. Кыргызстандан сыртка чыкканда кыргыздардын көйгөйлөрүн кошо ойлонобуз. Бул жерде улут маселеси алдыңкы планга чыгып, улут сенин үй-бүлөң болуп калганын байкадым.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

"Фейсбукта" Түркиядагы кыргызстандыктар ачкан ондогон тайпалар бар. Анда мекендештер кызыктуу маалыматтар, жаңылыктар жана жарыялар менен бөлүшүп турушат. Бул тайпаларда өз оюн ачык жазган Гүлистан Атагулова социалдык тармактарды колдонуунун оң жана терс жактарын санап берди.

- Мисалы, "Стамбулдагы кыргыздар" сыяктуу тайпалардын пайдасы көп. Ошончо киши бир жерде чогула албасак дагы "Фейсбукта" чогулуп бир убакытта ой бөлүшө алабыз. Ой-пикирлерибизди, көйгөйлөрүбүздү жазабыз, жардам сурайбыз. Бул пайдалуу эле нерсе. Анан пикир жазып отуруп кызыл чеке болуп урушкандар бар. Маданияттуу жазышып айтышкандар деле болот.

"Стамбулдагы кыргыздар" тайпасында өткөн апталарда мигранттар Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон пост жазып сынга алышкан. Айрым такма ат менен кирген колдонуучулар бири-бирине ар түрдүү пикирлерди жазышып, кызуу талкуу жаратышкан.

Гүлистан Атагулова да бул талкууларга катышып сын жазып, бул сыяктуу социалдык тармактардагы пикир келишпестиктин себебин "онлайн сабатсыздык" менен түшүндүрдү.

- "Фейсбукта алданып калдым" дегендердин көбү же социалдык тармакка эми эле киргендер же билбегендер болуп чыгат. Менин сунушум бар эле. "Фейсбукту" ачканда эле тааныган кишилерин достукка кошсо дейм. Тааныбагандарын баракчасына албаш керек. Ошондо гана алдамчылардын, "фейктердин" "кылтагына" илинбейт. Биздин кыздар көбүнчө "Фейсбуктагы" алдамчылардын сөздөрүнө ишенип, запкы көрүшөт.

Насият Казиева.

Түркияда төрт жылдан бери жашап келаткан Насият Казиева да "Фейсбуктагы" тайпаларда билдирүүлөрдү жазып, социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Мигранттын жашоосун өзү таанып билген Насият Түркияга жаңы келген мекендештерине жардам катары пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп жүрөт. Бирок аны социалдык тармактагы жалган кабарлар түйшөлтөт.

- Терс маалымат тез таркайт эмеспи. "Фейсбукта" жалган кабарлар укмуш тез тарайт. Биз мигранттар алыста кабарларды Интернеттен эле билгендиктен туура эмес кабарларды окуп чагымга көп алдырабыз. Анткени социалдык тармакта жазылган ар бир кабар же маалымат эле туура деп айтыш кыйын. Ал эми мигранттар аларды электен өткөрүп окубастан, билбей эле бушайман боло беребиз. Андай маалыматтардан көп таасирленебиз. Түркиядагы мигранттар "Фейсбуктан" жумуш издейт, виза жасатуунун жолдорун сураштырышат. Биз алыста жүрсөк дагы жаңы технология өнүккөн сайын аны колдоно билгенди үйрөнсөк өзүбүзгө эле жакшы деп ойлойм.

4-майда Түркиянын Анадолу шаарында өткөн Жаш илимпоздор конгрессинде Анадолу университетинин магистранты Элиза Шаева кыргызстандык мигранттардын "Фейсбукту" колдонуу маданиятын камтыган илимий изилдөөсүн сунуштады.

Элиза Шаева.

Анда Элиза Шаева бир айлык мөөнөттө Түркиядагы кыргыздардын "Фейсбуктагы" тайпаларда жазылган постторго этнографиялык байкоо жүргүзгөн. Конгрессте чоң кызыгуу жараткан бул билдирүүнүн максатын автор өзү айтып берди.

- Мигрант "Фейсбукта" эмне издеши мүмкүн? Биринчиден, жумуш издейт экен. Экинчиден, өзүнүн статусун белгилеш үчүн колдонот экен. Көбүнчө виза, жумуш, маяна боюнча бири-биринен кеп кеңеш алышат. Кыргызстанга кеткен, ал жактан келгендерди издеген посттор көп. Эң маанилүүсү - кыргыз мигранттар "Фейсбукту" активдүү колдонгонун байкабадым. Баракча ачып, ар түрдүү группаларга катталып коюшкан, бирок баракчасында көп деле маалымат жок. Бир айлык изилдөөмдө Түркиядагы кыргыз мигранттардын социалдык тармактарда агрессивдүү комментарий жазып, өз оюн толук так айта албаганын көрдүм.

Социалдык тармактар аркылуу таанышып, билим алып, бизнес кылган колдонуучулардын да, шылуундардын да аянтчасына айланды. Өзгөчө эмгек мигранттарынын мекени менен байланышуунун дагы бир жолу.

Түркияда акыркы эки жылда Кыргызстандан барган мигранттардын саны эки эсе өстү. Өлкөнүн статистикалык департаментинин маалыматына ылайык, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык иштейт.

Түркиянын 81 миллиондон ашык калкынын 51 миллиону социалдык тармактарды жигердүү колдонушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.