Алар тогуз жыл мурда полицияга адамдарды кызматка алууда алдамчылыкка барган, сынак учурунда суроолорду кайсы бир адамдарга алдын ала берип койгон деп шектелип жатат.
Бийлик "Фетхуллах террорчул уюм" деп атаган "Гүлен кыймылынын" мүчөлөрү катары шек саналган 1112 адамды камакка алуу буйругун чыгарды. Жергиликтүү маалымат каражаттары аларды кармоо операциясы өлкөнүн 76 провинциясында жүргүзүлүп жатканын кабарлашты. Ал эми "Анадолу" мамлекеттик агенттиги шектүүлөрдүн жарымынан көбү колго түшкөнүн маалымдады.
Ички иштер министри Сулайман Сойлу эки күн мурда “гүленчилерге” каршы ири операция даярдалып жатканын кабарлап, аны улуттук коопсуздук менен байланыштырган:
- Биз "Фетхуллах террорчул уюму" үчүн ири операция даярдап жатабыз. Аларды жоготпосок коркоктук кылган болобуз. Керектүү ишти кылабыз. Булардын өлкөдөгү тамырын кыркабыз.
"Анадолу" мамлекеттик агенттигинин жазганына караганда, камакка алуу боюнча буйрук чыккан адамдар 2010-жылы полиция кызматкерлерин сынактан өткөрүүдө суроолорду "Гүлен кыймылынын" мүчөлөрүнө алдын ала берип койгон деп шектелип жатат.
2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүш окуясынан кийин Түркияда 80 миңдей адам кармалып, 150 миңдей киши кызматтан бошотулган. Алардын арасында саясатчылар, журналисттер, мугалимдер, дарыгерлер, соттор, аскер адамдары жана коомдук ишмерлер бар. Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги булардын баарын бозгундагы саясатчы, төңкөрүш аракетинин артында турган деп санаган, 78 жаштагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары деп санайт.
Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашайт. Ал 2013-жылга чейин президент Режеп Тайып Эрдоган менен кызматташып келсе, кийин ортолору сууп кеткен.
Фетхуллах Гүлен 250дөй адам каза тапкан 2016-жылдагы төңкөрүш окуясына тиешеси жоктугун билдирип келе жатат. Анкаранын аны АКШдан өткөрүп алгысы келген аракетинен майнап чыга элек.
- Мен эч качан төңкөрүштү же отставканы колдогон эмесмин. Эгер зарылчылык болсо, бардык өзгөрүүлөр шайлоо аркылуу болушу керек. Эң маанилүүсү - андан демократия жабыркабашы зарыл, - деп билдирген буга чейинки сөзүндө Фетхуллах Гүлен.
Укук коргоочулар Түркияда акыркы жылдары адам укуктары одоно бузулуп жатканын эскертүүдө. Ошондой эле президент Режеп Тайып Эрдоганды сындагандар ал кутумга шылтоолоп, каршылаштарынан кутулуп жатат деп эсептешет.
Эрдогандын авторитардык башкаруусу күчөгөнүнө жана Түркиянын 2016-жылдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки масштабдуу жазалоо чараларынан улам эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттери Анкараны сындап келе жатат.
Анкара бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына таандык мектептерди жабууну талап кылган. Гүлендин кыймылына таандык делген “Себат” мектептери 2017-жылы Кыргызстанда “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Расмий Бишкек ал өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун айткан.