Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары башталды

Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы, биринчи канайым Айгүл Асанбаева учактан түшүп баратышат. 

Анкара. 9-июнь, 2021-жыл. 

Жапаровду "Эсенбога" аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. 

Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти тарыхый инсан Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүл койду.

Бул - Садыр Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган  Анкарада жолугушту.

Жапаровдун сапары Кыргызстандын экономикасы каржалып, чек ара маселеси күн тартибине чыккан жана түрк бийлиги айыптаган "Сапат" мекемелеринин президенти Орхан Инанды дайынсыз кеткен учурга туш келди.

Президенттердин жолугушуусу түрк лидеринин "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз көрсөтүлдү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия Кыргызстандын негизги алты соода өнөктөштөрүнүн бири болгону менен соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Орусия, Кытай, Казакстан жана Британиядан артта турат. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Кыргызстанга эгемендик жылдарында 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция салганын айткан.

Садыр Жапаров соңку маегинде Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгын өнүктүрүү керек экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына да токтолгон. 

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү жалпы товар жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу демилгесин 2010-жылдардын башынан бери көтөрүп келишет. Бирок бул максат азырынча аткарыла элек.

Эки лидер көп тараптуу алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулашты.

Түркия. 9-июнь, 2021-жыл.

Жапаров 11-июнга чейин пландалган сапарында Анкарада иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктар менен да кезигери расмий маалымдалды.

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий сапар менен барды. Сапар 11-июнга чейин уланат. Эки жетекчи өз ара алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулаганы кабарланды.