Каракол Кыргызстандагы чоңдугу боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан кийинки төртүнчү шаар. Өлкө эгемендик алгандан бери таш-талканы чыккан шаардын жолдору акыркы эки жылда оңдолуп, 30 жылдан бери бош турган кинотеатры ишке киргени турат.
Каракол шаарында учурда болжол менен 65 миңден ашуун адам жашайт. Шаарга жайы-кышы каттаган туристтердин саны үзүлбөйт.
Мындан улам шаар бийлиги калааны өнүктүрүүнүн түрдүү жолдорун таап, көрктөндүрүү аракетинде.
Каракол шаарынын мэриясынын билдиришинче, акыркы эки жылда шаардын 15 чакырымды түзгөн ички жолдору оңдолуп, 50 чакырымды түзгөн тротуар салынган.
68 жаштагы Самара апа шаардын жолу оңдолуп, калаа өзгөрө түшкөнүнө токтолду:
"Жолдорубуз бузулуп, тамтыгы кеткен эле. Азыр оңдолуп, кыйла кооз шаар болуп калды. Бирок эски үйлөр бузулуп, анын ордуна жаңысын салынып жатканы мени бир аз кейитет. Анткени Караколдогу эски үйлөр абдан кооз. Аларды сактап калыш керек. Албетте жаштар атайы топторду түзүп, тарыхый имараттарды сактап калууга аракет кылып жатат. Бирок бул жетишсиз да", - деди ал.
Каракол шаарынын ички жолдорун оңдоо үчүн жалпы эсепте 737 млн. 679 800 сом сарпталган. Бул каражат республикалык жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Каракол шаарынын ичиндеги жолдор жалпысынан 200дөй чакырымды түзөт.
Караколдогу "Ысык-Көл" кинотеатры дээрлик 30 жылдан кийин кайрадан ишин жандантты. Имараты 1968-жылы курулган кинотеатр 1992-жылы иштебей калган. Маданий борбор 20-январдан баштап көрүүчүлөр үчүн эшигин ачат.
150 жылдан ашык тарыхы бар шаарда 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында курулган үйлөрдү, имараттарды көрүүгө болот. Акыркы жылдары калаа өзгөрүп, жаңы имараттар курулууда.
Каракол шаары 1869-жылы негизделген. 1889-жылы 23-мартта падыша Александр III буйругу менен орустун саякатчы-натуралисти Николай Пржевальскийдин аты ыйгарылган.
1922-жылы шаарга мурдагы аты Каракол кайтарылып, кийинчерээк кайра эле Пржевальский деп аталып калган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин кайра Каракол болгон. Учурда Каракол Ысык-Көл облусунун борбору болуп саналат.
Караколдун тарыхый имараттары
Караколдогу ажайып, тарыхый имараттардын сап башында “Ыйык Троица” чиркөөсү жана мыксыз курулган Дунган мечити турат. Бирок шаарда тарыхый, өтө кооз жасалгалары менен курулган имараттар көп.
Мисалы Касым Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан бул имарат 19-кылымдын аягында курулган. Бул үй соодагер, көпөс Бабкинге таандык. Анын сырты жыгачтан жасалган оймо-чиймелер менен кылдат кооздолгон.
Караколдогу үйлөрдүн өзгөчөлүгү - оймо-чиймелер менен жасалган терезеси менен кире бериштеги жыгач тепкичтүү аянтчалары.
Сары түскө сырдалган бул кооз имараттын курулганына 100 жылдан ашкан. Мында 1906-жылдары мажар чыгыш тануучусу Дёрдь Алмаши (1867-1933) жашаган. Ал "Манас" эпосунун изилдеген окумуштуу болгон. Азыр бул имаратта Б.Бийбосунов атындагы Каракол шаардык педагогикалык коллежи жайгашкан.
Каракол - тарыхый имараттарга бай шаар. Акыркы жылдары жарандык активисттер түзгөн коомдук уюмдар тарыхый имараттарды сактап калуу үчүн демилге көтөрүп, шаардагы бир канча имараттарды реконтрукциядан өткөргөн.
Караколдун мурдагы көрүнүшү кандай болгонун билгиңиз келсе төмөнкү фотобаян менен таанышыңыз.
Акыркы жылдары бийлик Каракол шаарын өнүктүрүү максатында түрдүү долбоорлорду демилгелеп келет.
2022-жылдын май айында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын алкагында 885 млн. сомдук 10 долбоор көрсөтүлгөн.
Каракол шаарын өнүктүрүүнүн үч багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго - муниципалдык базар, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген. Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.