Түгөлбай Сыдыкбековдун миң жылы

Түгөлбай Сыдыкбеков жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны түптөгөн. 

Жазуучу жубайы Асылгүл жана балдары менен. 

Иш бөлмөсүндө. Түгөлбай Сыдыкбековдун биринчи поэзиялык жыйнагы «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан. «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесалардын жана роман, повесттердин автору. Орус жазуучулары Пушкин, Некрасов, Чеховдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргыз колхоздорунун турмушун баяндаган "Биздин замандын кишилери" аттуу романы 1948-жылы кыргыз жана орус тилинде жарык көргөн.

"Биздин замандын кишилери" романы 1949-жылы Сталин сыйлыгын алган. 

Түгөлбай Сыдыкбеков жана М. Фадеев баштаган советтик жазуучулар.

Жазуучу «Манас жана Алмамбет» эпикалык драмасын (1942-ж.) (К.Рахматуллин менен авторлош), «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесаларды жазган.

Уулдары Аскарбек, Арстанбек, Сабырбек жана кызы Динара менен. 

Т. Сыдыкбеков жубайы Асылгүл жана карачай-балкар акыны Кайсын Кулиев.

Т. Сыдыкбеков, К. Симонов, Т. Байзаков, Т. Абдумомунов.

Жазуучу өз туулган күнүн өзү тандап алган. Кызы Динарага 15-апрелден 15-майга чейинки күндөрдү жазган кагаз тилкелеринин бирин суурдуртуп, ага негизденип, 14-май күнүн өзүнүн туулган күнү катары шарттуу белгилегени айтылып жүрөт. 

Түгөлбай Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошуп, «Манас» – «Сейтек» эпосунун жыйынтыкталган вариантынын үч томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялаган жана басмага даярдаган. 1960-жылы басылып чыккан «Кыргыз совет адабиятынын тарыхый очерктеринин» башкы редактору болгон.

Жазуучу жубайы Асылгүл менен Арстанбек, Аскарбек, Сабырбек аттуу үч уулду жана Динара аттуу кызды тарбиялап чоңойтушкан. 

 

Сүрөткердин турмушунда “Көк асаба” романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон, ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун “кара сандыгына” кабылып, көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди.

Замандаштары Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүлдүн турмушу далай үй-бүлө үчүн үлгү болушу керектигин айтып келет. 

 

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышат.

Неберелер

1970-80-жж. ортосунда Түгөлбай Сыдыкбеков "улутчул жазуучу" катары бейрасмий түрдө обочолонуп калган, бирок анын бир кезде Сталиндик сыйлыкка ээ болгону гана аны толук куугунтуктоого жергиликтүү бийликтерге мүмкүндүк берген эмес.

 

Түгөлбай Сыдыкбеков жана мурдагы президент Аскар Акаев. 

Түгөлбай Сыдыкбеков эгемен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Эл Баатыры" наамын туңгуч ирет алган.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.

Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр жолун камтыган архивдик, эксклюзивдик сүрөттөр.