Түркмөнстандын көсөмү "100 пайыз" добуш менен сенаторлукка шайланды

Улуттук Кеңештин мүчөлөрү сенаторлорду шайлоодо. 2021-жылдын 28-марты.

Түркмөнстандын авторитардык көсөмү («Аркадаг») Гурбангулы Бердымухаммедов жаңы түзүлгөн Сенаттын мүчөсү болуп шайланды. Бул шайлоо өнөктүгүндө эч бир оппозиция өкүлү талапкер катары караандаган да жок жана калайыкка кыйыр шайлоо укугу гана таңууланды.

Борбор Азиядагы кубаттуу көзөмөлгө алынган жана обочолонгон бул өлкөдөгү өкмөттүк ЖМКлар Бердымухаммедов 28-марттагы шайлоодо "100 пайыз" добуш алып, сенатор катары жаңы кызмат ордуна жетишкендигин шаттануу менен кабарлашты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов. Ашгабат. 2018-жылдын июну.


63 жаштагы Бердымухаммедов буга чейин өзүнүн жеке керт башына сыйынууга негизделген мамлекеттик түзүлүштү куруп алууга жетишкен. Ал бир эле учурда мамлекеттин президенти жана премьер-министри болуп саналат.

Өкмөттүк маалымат каражаттары бул жолку шайлоо – "Түркмөнстандын демократиялык өнүгүүсүнүн жана биздин улуттук көсөмүбүз жүргүзгөн чечкиндүү реформалардын салтанатынын ачык далили" болду деп даңазалоо менен шардана кылды.

Бул шайлоо Сенат үчүн алгачкы ирет өткөрүлдү. Былтыркы сентябрь айындагы конституциялык өзгөртүүлөр мурдагы бир үйдөн турган парламентти эки үйгө жиктеген.

Дагы караңыз Түркмөнстан Баш мыйзамын өзгөрттү

“Миллий Геңеш” (“Milli Geňeş”), же Улуттук Кеңеш деп аталган Түркмөнстандын эки үйлүү (палаталуу) жаңы парламенти эми 56 сенатордон жана 125 депутаттан турат.

Сенат түркмөнчө "Элдик жыйын" ("Халк маслахаты" / "Halk Maslahaty") деп аталса, төмөнкү үй – "Жыйын үйү" ("Межлис" / "Mejlis") деп аталат.

Шайланган 48 сенатордон тышкары, президент Бердымухаммедов дагы сегиз сенаторду өз каалоосуна ылайык дайындамакчы.

Дагы караңыз Түркмөнстанда шайлоочуларга добуш берүүгө 2 гана саат берилди


Мамлекеттик маалымат каражаттары Сенаттагы 48 орун үчүн катталган 112 талапкер акыйкат ат салышкандыгын айтып, шайлоо "таза" өттү жана "көз карандысыз" жергиликтүү байкоочулар добуш берүүнү көзөмөлдөштү, деп баса белгилешти.

Шайлоолор кыйыр шайлоо укугу аркылуу жашыруун добуш берүү ыкмасы менен өткөрүлүп, облустардан жана борбор шаар Ашгабаттан 231 шайлоочу добуш бере алды.

"Шайлоо атаандаштык негизде өттү – 48 талапкердин ар бири биздин мекендештерибиздин өзгөчө урмат-сыйына татыктуу болгон 2-3 киши тарабынан көрсөтүлгөн", – деп мамлекеттик маалымат каражаттары баяндашты.

Дүйнөдөгү зулум тартип орноткон өлкөлөрдүн бири деп эсептелген потс-советтик Түркмөнстанда добуш берүү жүрүмүнүн чет элдик байкоочулар тарабынан көзөмөлдөнүшүнө тыюу салынган жана шайлоодо бир дагы оппозициялык талапкер катталган эмес.

Г.Бердымухаммедов иттерге арналган медалдардын долбоорлорун кылдат кароодо. 2021-жылдын 28-январы.

Айтмакчы. өкмөттүк маалымат каражаттары президентти улуттук асыл-нарктардын коргоочусу катары да жогору баалашат.

Жакында Түркмөнстандын алтынчы чакырылыштагы Межлисинин (парламенттин төмөнкү үйүнүн) он үчүнчү отурумунда “Элдик ит багаар” ("Türkmenistanyň halk itşynasy") жана андан төмөнүрөөк “Эмгек сиңирген ит багаар” ("Türkmenistanyň at gazanan itşynasy") деген наамдарды негиздөө боюнча мыйзам кабыл алды. 13-мартта бул мыйзам долбоору кызуу талкууга алынгандыгын Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги маалымдады.

Алабайдын айкели. Ашгабат. 2020-жылдын 10-ноябры.


Депутаттар наамды түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун “улуттук тарыхый-маданий мурасты сактоо жана даңазалоо” саясатынын алкагында негиздешкен.

Наам менен кошо берилчү төш белгинин жана “Жылдын мыкты түркмөн алабайы” ("Ýylyň türkmen edermen alabaýy") деген медалдын эмблемасын Бердымухаммедов өзү тандап, бекиткен.

Атчан Гурбангулы Бердымухаммедов. 2019-жылдын 16-декабры.

Түркмөн мамлекет башчысынын дагы бир ышкысы – жергиликтүү ахалтеке аргымактары.

Былтыр 30-мартта ал Ахалтеке ат майданына баргандыгы да өзгөчө шаани менен кабардалган. Мындан улам ал элди ат майданга жыйып алып, таажы вирусун ахалтеке аргымагынын туягы астында жанчып жатканы жөнүндө азил кабар да бейрасмий айтылган.

Дагы караңыз Бердымухаммедов аттан кулады


Учурда түркмөн оппозициясынын азыноолак өкүлдөрү чет мамлекеттерде бозгунда жүрөт.

Түркмөн диссиденти Дурсолтан Таганова айым. Түркия. 2020-жылдын 3-ноябры.

Бозгундагы диссиденттер менен алака түзүү жана аларга чыныгы маалыматты жөнөтүү далалатын жасагандар өлкө ичинде коопсуздук кызматы тарабынан кармалган учурлар маалым.

Маселен, былтыр 17-июнда ашгабаттык тургун Мурат Дүшемовду коопсуздук кызматынын өкүлдөрү «Телеграм» тиркемесинин баарлашуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, чет өлкөдөгү оппозициялык уюм менен байланышты деген доо менен кармап кетишкен. Бул тууралуу Түркмөнстан демократиялык тандоосу кыймылынын башчысы, Улуу Британияда бозгунда жүргөн Какамурад Хыдыров маалымдаган болчу.

Бозгундагы түркмөн саясатчысы Какамурад Хыдыров. 2019.жыл.

Батышта жана Түркияда байырлап жаткан түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү демонстрация, пикет сыяктуу ар кыл нааразылык чараларын мезгил-мезгили менен уюштуруп келишет. Алар уюмдарды бирдиктүү блокко баш коштуруу үчүн бир нече жолу далалат жасашты.