Түркия: президенттик шайлоодо ким жеңет?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

28-майда Түркияда шайлоонун экинчи айлампасы башталды. 14-майда добуш берүүдө жеңүүчү аныкталбай, президент Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон. Бүгүн Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.

Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган үчүн бул окуялар анын карьерасындагы эң оор саясий сыноо. Эгерде шайлоону анын башкы атаандашы - оппозиция лидери Кемал Кылычдароглу жеңсе, бул Түркиянын саясий түспөлүн түп-тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн.