Түркия менен Сирияга алаамат салган зилзала

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 4 миңден ашты. Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.