Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити сүрөттөрдө
Түрк мамлекеттери уюмунун IX саммити Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү.
10-ноябрда президент Садыр Жапаровду коштоп Самаркандга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков барды.
Саммиттин алкагында жыйындан бир күн мурда, 10-ноябрда коноктор үчүн түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган, түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт коюлду.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту. Анда транспорттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча сүйлөшкөн.
Саммит “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам” деген ураан алдында өттү. Ага уюмга мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу өлкөлөр Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.
Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтырдан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда транспорттук байланыштарды күчөтүүнү сунуштады. Ал Кыргызстан бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп жатканын белгилеп, ага мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу планын атады.
Саммиттин жүрүшүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий Астана бардык көз карандысыз өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө колдой турганын билдирди. Ал бардык өлкөлөр БУУнун уставын кынтыксыз аткарышы керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдү да ушул аракетти колдоого чакырды.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулук тааный элек Түндүк Кипрге Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүүнү сунуштады. Бирок бул сунуш боюнча талаш жаралып, колдоо тапкан жок.
Саммитте Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев шайланды. 62 жаштагы дипломат 2019-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси. Ал буга чейин Кыргызстандын Дубайдагы консулу, Беларустагы элчиси болгон.
Уюмдун жаңы негизделген Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошкону үчүн ыйгарыла турган сыйлык биринчи жолу берилип жатат.
Саммиттин жыйындыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери беш документке кол коюшту. Алар:
- Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;
- "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим;
Бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирсе, былтыр орган Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келген.
Саммиттен кийин Самарканддагы эски шаарда эстеликке сүрөткө түшүү учурунан.
Уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери: (солдон онго) Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жоомарт Токаев (Казакстан), Режеп Тайип Эрдоган (Түркия), Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан), Түркмөнстандын Калк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Илхом Алиев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.