Ооган согушунун ардагерлеринин күнү, маанайы чөккөн футбол күйөрмандары (сүрөт баян)

Москва, Поклонная гора. 1979-1989-жылдарда ооган согушунда курман болгондордун элесине арналган мемориалдык парк. Кыргызстандык ардагерлердин жанында сүрөткө түшүп жаткан айым. 1-июль, 2024-жыл 
 

3-июль, 2024-жыл. Тирана. Улуттук опера жана балет театрында 88 жашында каза болгон албан жазуучусу, драматург Исмаил Кадаре менен коштошуу зыйнаты. 

Москвадагы метро станциясы. 20-кылымдын орто чениндеги советтик турмушту чагылдырган барельеф. 

Болгария, Бургас шаары. Кара деңиз жээгинде пристанда балык кармап жаткан киши.

Черногория, Подгорица шаары. Муниципалдык кызматкер 2-июлда катуу бороондон кийин кулаган дарактан куткарылган үкүлөрдү кармап турат.

Москвадагы фонтанда серүүндөгөн наристе. 

Киев. Днепр дарыясынын жээгиндеги тургундар. 

Киевдеги Эгемендүүлүк аянты. Орусия баштаган согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү жайы.  

Грузия менен Испаниянын футбол беттешин аянтта көрүп, маанайы чөккөн күйөрмандар. Тбилиси. 30-июнь, 2024-жыл 

1-июль, 2024-жыл. Москва, Поклонная гора. Ооган согушунун ардагерлеринин күнүн белгилөө учуру. 1979-89-жылдардагы согушта курман болгон советтик жоокерлердин эстелигине таазим кылган киши 

Ирандын президенти болуп шайланган Масуд Пезешкиандын сүрөтү тартылган плакат Тегерандын көчөлөрүнүн биринде илинип турат.

67 жаштагы Владимир Норкин Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Луганск облусундагы Тошковка кыштагында чиркөөнүн куполун оңдоп жатат. 

Ооганстан, Бадахшан провинциясынын Файзабад району. Сууга түшүп жаткан балдар.