Тоо арасына саякат

Бооке жайлоосундагы Тулпар-Көл. Чет элдик туристтер аны эртең менен күнгө чагылышкан сыйкырдуу өңүнөн улам, "Изумруд көл" деп атап алышкан.

Эл аралык альпинизм коомчулугунда кеңири белгилүү Ленин (Манас) чокусуна бара жаткан жолдогу айтылуу Талдык ашуусу. Деңиз деңгээлинен 3615 метр бийиктикте.

Бооке жайлоонун башында, Памир-Алай кырка тоолорунда Ленин (Манас) чокусу жайгашкан.

Топоздор жайлоонун эң бийик жагында, чыктуу чөп жешет.

Союз урагандан кийин жоголуп кеткен топоз чарбасы акырындап калыбына келе баштады. Алай, Чоң-Алай районунда учурда беш миңден ашуун баш топоз бар.

Топозчу бала. Ал минип турган топоз 2014-жылы "Кырчын" жайлоосунда өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан.

Топозчулар эс алуу учурунда.

Топоздор байырлаган бийик жайлоого баруу үчүн мөңгүнүн шар аккан суусунан кечип өтүүгө туура келет. Топозчулар дарыянын кечүү жерин атайын ушинтип, таштарды үйүп белги кылып коюшат.

Кой багып жүргөн бала. Бооке жайлоосу. Алай району.

Памир тоосунун этегинде майда, кооз көлдөр көп.

Жайлоодогу чабандын үйү.

Кыштоо. Бул жерге кышында топоздору менен топозчу кыштайт.

Бул үй кышында кыштоо, жайында жайлоо болуп берет.

Алгыр, көк жал ит - топозчунун негизги жардамчысы.

Жайлоодогу мотуракайлар.

Көң - жайлоодогу негизги отун.

Казанда бышып жаткан майлама чабаты.

Жайлоодогу нанүштө. Ысык майлама чабаты менен жаңы тартылган каймак, нак айран.

Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улантып жатканын көрүүгө болот.