Төө буурчактан гүлазык чыгарган ишкерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев төө буурчактан порошок жана паста даярдайт. Ал бул азыкты спортчуларга, аскерлерге берсе болорун айтууда. Ал эми Ак-Дөбө айылында чакан цех ачып, буурчак унунан токоч жасаган ишкер Темир Чынгожев азыктын өзүн сатканга караганда кайра иштетүү кирешелүү экенин билдирди.