Токтогулдан калган таберик
Улуу акын Токтогул Сатылгановдун музейи мындан 34 жыл илгери 125 жылдык мааракесине карата ачылган.
Музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Гүлмира Осмонованын айтымында, бул жерде акынга таандык таберик буюмдар, анын ичинде эки комузу сакталып турат.
Музей бир кабаттан турат. Ичиндеги үч бөлмөдө Токтогул Сатылгановдун жашап өткөн өмүрү, үй-бүлөсү, Сибирдеги жашоосу жана анын шакиртеринин сүрөттөрү сакталып турат.
Кылымдардан бери сакталып турган акындын комузу
Музейде сакталып турган жазмалар.
Гүлмира Осмонова акындын Сибирден кайтып келе жаткандагы жол картасын көрсөтүп берип жатат.
Чолпон-Ата айылындагы Саз-Жийде деген аймакта Токтогул Сатылганов жашаган үй азыр музейге айланган.
Саз-Жийде аймагындагы акындын үйү
Акын бул үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашап, сөөгү ушул жерден чыкканы айтылат.
Акындын үйүн көргөнү келген туристтер жыл сайын көбөйүп жатат.
Үйдүн таманына камыш төшөлүп жылууланган. Бул үйдө акын жашап өткөндүктөн келген коноктор ар дайым кызыгуу менен келип көрүп кетишет.
Үй эки бөлмөдөн турат. Дубалдарда атайын идиш-аяктар жана төшөктөр үчүн жайлар даярдалган. Бөлмөлөр жарык болуш үчүн терезелер көп коюлган.
Үй музейде сакталып турган жез буюмдар.
Токтогулдун сөөгү айылдагы Узун-Акмат суусунун жээгинде коюлган. Бул жерде Токтогул акындын жакындары, шакирти Коргоол Досу уулунун да сөөгү жатат.
Токтогул Сатылгановдун күмбөзү
Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан кишилер келип, зыярат кылып, куран окуп кетишет экен. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү чакан музей жана акын баскан жерлер ошонусу менен дагы көпчүлүк үчүн таберик болсо керек.
Акындын өмүрү жана сөөгү жаткан Чолпон-Ата айыл аймагындагы алты айылда 8650 тургун бар. Жергиликтүү эл мал багып, дыйканчылык менен тиричилик кылат.