Токтогулдагы күндүзгү стационарлар

 

Токтогул шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун алдында эки чатырда жайгашкан 12 орундук стационар.

Бул стационарга күн сайын 100гө чукул адам келип дарыланып жатат.

Токтогул райондук ооруканасында учурда бир бейтап, үй шартында 23 адам дарыланып жатат.

60 орундуу стационар Токтогул шаарчасындагы бала бакчада иштеп жатат.

Токтогул районунда 43 киши коронавирус менен ооруганы аныкталган. Алардын төртөө каза болгон.

Коронавирус жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоо үчүн Токтогулда райондук ооруканадан сырткары 214 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационарлар ар бир айылда ачылган. Бейтаптарды дарылоо иши аймактык ооруканадан сырткары абалына жараша райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Токтогул шаарчасындагы бала бакчада жана айылдардагы 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда,19 ФАПта жүрүп жатат.