Токмок: укукту эске албаган "уу коргошун сыноосу"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Токмок шаарындагы аймактык ооруканада коронавирус болгон 400 бейтапка уу коргошун менен дарылоо боюнча тажрыйба жүрүп жатканын айтты. Анын бул сөзүн башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында ырастады. Көз карандысыз эксперттер уу коргошун менен жүргүзгөн эксперимент жарандардын ден соолукка, өмүргө болгон укугун бузуп жатканын айтышууда.