Токаев Казакстандын мурдагы президенти Назарбаевдин башкаруусунда сыртка чыгарылган миллиарддаган байлыкты өлкөгө кайтаруу демилгесин көтөрдү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу механизмин иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды. Бирок, ал акчанын көлөмүн жана сыртка чыгарып кеткендердин аты-жөнүн атаган жок. Ошондой эле президент "Хоргостон" кирип жаткан товардын көлөмүндө 7 млрд. долларга чейин айырма бар экенин айтып, аны текшерүүгө он күн убакыт берди.
Токаевдин чукул чечими
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аткаруу бийлигинин 8-февралда болуп өткөн кеңейтилген жыйынында чукулунан эле "буга чейин уурдалып, өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткен мамлекеттин байлыгын кайтаруу" демилгесин көтөрдү. Ал эки айдын ичинде өкмөткө чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.
Анын бул демилгесин "Назарбаевдин башкаруусу маалындагы кыңыр иштерди текшерүү аракети" дешсе, кээ бирлери муну популисттик кадам катары карап жатат.
Казакстандык юрист Галым Нурпеисов демилге толук болбой, президент негизги багыттарды ачык атабаганын айтты.
“Мындай учурда бул акчаны кайтарып алуу үчүн аларды мыйзамсыз деп таануу керек. Эгерде алар мыйзамсыз болсо, тиешелүү түрдө аларды алып чыгып кеткендерди күнөөлүү деп табуу зарыл. Демек, бул жерде иликтөө болушу керек. Ал акчанын ээлери кимдер экенин билебиз. Аларды бизде баардыгы айтып жатат. Алар биринчи президенттин үй-бүлө мүчөлөрү”, -деди юрист.
Эгемендик жылдарынын орто ченинде, айрыкча мунайдын баасы дүйнөдө кескин кымбаттай баштаганда чет өлкөлөргө чыгарылган активдердин көлөмү да көбөйгөнү айтылды.
Сыртка ташылган акчанын көлөмү
Казакстан Мажилисинин депутаты Марат Раманкулов өлкөдөн уурдалып, сыртка чыгарылып кеткен улуттук байлыктын көлөмүн атады.
“Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча өткөн 25 жылда Казакстандан чет элдик оффшорлорго болжол менен бери эле дегенде 140-160 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө акча чыгарылып кеткен. Бул деген биздин өлкөнүн жалпы дүң өнүмүнө барабар. Ошондой эле өлкөнүн 30 жылдан берки тышкы карызынын өлчөмүнө тең келчү акча. Биздин укук коргоо органдары бул жылдар аралыгында акчаны мыйзамсыз сыртка чыгарууга байланыштуу 200дөн ашуун кылмыш ишин козгогон. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес”.
Ошол эле кезде адистер чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен акчаны кайтаруу оңой эмес дешет. Финансы аналитиктери бул үчүн тиешелүү документалдык далилдер болбосо акчанын тек-жайын аныктап, аны кайтаруу татаал машакат экенин айтууда.
“Ар бир иш өз-өзүнчө жекече каралат. Ар бир тыйын үчүн тиешелүү кагаздарды, тиешелүү отчетторду көрсөтүш керек. Биздин бийликке абдан эле кыйын болот. Анткени, бул акчалар транштар менен жаап-жашырылып чыгарылган. Кээ бир документтер жок болуп калышы мүмкүн. Анткени алар ошентип иштешкен. Ал эми Европа соту деген ушундай. Кагаз жок болсо, далил жок дейт”, - деди финансалык аналитик Арман Бейсембаев.
Токаев "Хоргостогу былыктарды" ашкерелөөнү тапшырды
Ал эми президент Токаев өлкөдө жемкордук кызыл чекке жеткенин, айрыкча бажы тармагындагы кыңыр иштер мамлекеттик казынаны толтурууга кедергисин тийгизип келе жатканын айтты.
Касым-Жомарт Токаев бажыдан уурдалып жаткан акчанын жолун бөгөө үчүн өкмөткө 10 күн убакыт берди.
“Бажы өткөрмөлөрүндөгү былык иштерди тартипке салбаса, анын кесепеттери оор болушу мүмкүн. Кытайдын статистикалык маалыматтары менен биздикин салыштырганда эле ар жыл сайын 5-7 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө айырма чыгып жатат. Бул абдан көп айырма, мына ошол иштердин далили. Азыркы учурда эле Кытай менен чектешкен бажы өткөрмө бекетинде 12 миңден ашуун күбөлүк электрондук кезекте турат. Көмүскө экономиканы гүлдөткөн бажыдагы операторлордун мыйзамсыз иштери тууралуу буга чейин дагы айткамын. Алар бажы өткөрмөлөрү аркылуу жана башка фискалдык органдардан бажы жана салык төлөмдөрүн жашырган жеңилдиктерди кантип жасап жатышат? Буга эмнеге көңүл бурулбай калган? Бул суроолорго 10 күндүн ичинде так жана толук жоопторду күтөм”.
Дагы караңыз Казакстан: "Улут көсөмүнүн" таасирдүү бир тууганыКазакстандагы коррупция
Жакында британ парламентинде Казакстандагы коррупция боюнча талкуу өттү. Британиялык депутат Маргарет Ходж өлкөдөн тонолгон байлыктын көбү бийликке жакын чөйрөгө таандык экенин айтты. Ал казакстандык олигархтарды санкцияга алууну сунуштап, 28 адамдын атын атады. Алардын көбү мурдагы президент Назарбаевдин жакындары.
2016-жылы өкмөттүн жыйынында экс-президент Назарбаев өзү дагы чет элге чыгарылып жаткан акча тууралуу кеп козгоп, бирок анын жыйынтыгы кийин белгисиз бойдон калган.
“Акчаларды кайтарып алып келип, аларды Казакстанда кармагыла. Кандай кепилдиктер керек? Мыйзамдар мененби же жарлыктар мененби? Аны мен жасайм. Эгерде мындай кылбасаңар. Анда биз өзүбүз жасайбыз. Анан бизге капа болбогула”, - деген болчу Назарбаев.
"Алтын виза" алган олигархтар
Маргарет Ходж Британия да казак олигахтарына уурдалган акчаны жашырууга жардам берген деп сындады. Анын айтымында, өткөн 7 жылда Улуу Британия "казак клептократтарына" 205 атайын виза берген. Tier1 деп аталган бул виза Улуу Британияга 2 миллион фунт стерлингден кем эмес инвестиция салгандарга гана берилет. Аны "алтын виза" деп аташат.
Дагы караңыз Назарбаевдин "бизнес-империясы"Ал визалардын ээлери кийин британ жарандыгын алуу үчүн да кайрыла алышат. Бул үчүн эгер сиз 2 миллион фунт салсаңыз, беш жыл, ал эми 5 миллион фунт стерлинг салсаңыз үч жыл күтөсүз. 10 миллион фунт салсаңыз, эки жыл гана күтөсүз.
Британиянын бул “алтын визасын” алуу үчүн постсоветтик өлкөлөрдөн баргандар көп кайрылат. Депутаттын айтымында, кандуу январдагы тополоңго дал ушул коррупция себепкер болгон.
2010-жылы бийликтен куулган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев дагы Улуу Британиядан башпаанек тапкан.