Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялады. Мындай чечимин "адилеттүү Казакстанды куруу үчүн жаңы реформалар керектиги" менен түшүндүрдү.
"Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору. Ошондуктан кызматтык мөөнөтүмдү кыскартып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын", - деди Токаев.
Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча сунуш берди. Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат.
Токаев ошондой эле парламенттик шайлоону да мөөнөтүнөн мурда - 2023-жылдын биринчи жарымында өткөрүүгө чакырды. Анын айтымында, шайлоолор парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилиске жана бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге – Маслихаттарга да өткөрүлөт.
Токаев 2019-жылы июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Мөөнөтү 2024-жылы бүтө турган казак президенти буга чейин кийинки шайлоого да катышуу ниети бар экенин айтып келген.
Казакстандык саясат таанучу Досым Cатпаев Токаев айтып жаткан жаңы Казакстанды куруу реформаларын жүргүзүү үчүн кымындай да куралы жок экенин, анын командасы демейдегидей эле маалыматтык чабуул менен ийгиликке жетүүнү көздөп жатат дейт.
"Чынында Токаевдин башкаруу системасында модернизациялоо үчүн экономикалык же саясий ыкмалары жок. Токаев кандайдыр бир маалымат "чордонунун" ичинде калгандай. Ал өзүнө жакын кишилердин айтканын угат, алар курган каналдардан маалымат алат. Нурсултан Назарбаевден эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бир айырмасы Назарбаевдин кишилери аларды сынга алгандарды басмырласа, Токаевдин тарапташтары соцтармактарды тролдор менен капташат".
Жарандык активист Асем Жапишева соцтармактарда жарыялаган видеосунда, Токаевди айлакерлик менен шайлоого аттанды деген ойдо.
"Шайлоо ушул күздө, ноябрда өтүшү мүмкүн. Андан тышкары президент жети жылга шайланары да белгилүү болду. Ошентип Токаев жеңсе, албетте, анын жеңишине күмөнүбүз жок, ал 2029-жылга чейин президент болуп калат. Токаев өтө куулук кылып кетти. Анткени шайлоого барууга өтө ыңгайлуу убакыт. Баалар мындан ары да өсүп, экономикабыз алсырай берсе, эки жылдан кийин эмне болобуз, бир кудай өзү билет".
Ал эми Vlast.kz долбоорунунун жетекчиси, казакстандык журналист Вячеслав Абрамов шайлоодо Токаев менен атаандашчу талапкерлер кыска мөөнөттө даяр болуп чыгышы кыйын дейт.
"Көпчүлүк күткөндөй Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоону жарыялады. Бул убакыттын ичинде кандайдыр бир альтернативдүү талапкерлер же жаңы саясий партиялардын даяр болушун элестетүү өтө кыйын", - деп жазды Абрамов Твиттерге.
2019-жылы март айында Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп, кызматты Сенаттын ошол кездеги төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Ошол эле жылдын июнь айында болгон шайлоодо Токаев жеңип, президент болуп шайланган.
Дагы караңыз Казакстан коргонуу бюджетин көбөйтүп, аскердик доктринасын өзгөртөтРасмий маалыматтар боюнча, ал шайлоочулардын 70% ашык добушун алган. Анда шайлоо өкмөткө каршы массалык нааразылык акциялары менен коштолуп, митингчилер жапырт камакка алынган. Казак оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде мыйзам бузуулар да катталганын билдиришкен.
Серепчилер ошондой эле Токаевдин өкмөтүн, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев сыяктуу эле, оппозицияны басып, адам укуктарын бузуп жатат деп айыптап келишет. Расмий Нур-Султан өлкөдө адам укуктары сакталып, реформалар жүргүзүлүп, демократиялык институттар өнүгүп жатканын билдирүүдө.
Быйыл 5-июнда президент Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өттү. Анда добуш берүүгө келгендердин 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдогон. Ага ылайык, 7-июнда жаңы Конституция күчүнө кирди. Баш мыйзамга, баш-аягы 56 өзгөртүү киргизилди. Анын ичинде Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынды.
Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирген.
Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.
Президент Касым-Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин ачык айткан. Ал өлкөдө бийликти күч менен алмаштыруу аракети болгонун айткан, бирок анын уюштуруучуларын так атаган эмес. Бийлик бул окуяларда кеминде 238 киши каза тапканын билдирген.