Кыргызстанда март айынан бери тигүү ишканаларына буйрутма көбөйүп, бирок кесипкөй жумушчу күчү жетишпей жатат. Майда жана орто тигүү цехтери үйдө иштеген тигүүчүлөргө буйрутма берүүгө мажбур болуп, бирок алардын сапатын арттыра албай убара чегүүдө. Ал эми ири фабрикалар болсо кол күчү жетиштүү жана арзан болгон алыскы аймактарга тигүү цехтерин ачууда.
"Буйрутманы аткарганга жетишпей жатабыз"
Сирожидин Бишкектеги "Дордой" базарынын тегерек четинде жайгашкан тигүү цехинде 2,5 жылдан бери бычмачы болуп иштейт. Ал иштеген цехте 30 тигүүчү эмгектенет, бирок соңку кездери алар жетишпей жаткандыктан үйдөн тиккендер менен иштешүүгө басым жасашууда.
"Цехте бул жылы былтыркыга караганда иш жакшы болууда. Буйрутма былтыркыга караганда жакшы, жайкыга караганда да күзгү кийимдерге буйрутма көбөйдү. Быйыл кардарларды да көбүрөөк тартты окшойт. Азыр кошумча тигүүчү алып, үйдө иштей тургандарды издешүүдө".
Адистердин баамында, соңку мезгилде Кыргызстандын тигүүчүлөрүнө Орусиядан буйрутма кыйла көбөйгөнү байкалды. Украинада согуш башталган баштапкы мезгилде жана Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга жапырт санкцияларынын капшабы менен Кыргызстандын жеңил өнөр жайына буйрутма кескин азайып, тигүү ишканаларынын иши 70-80% чейин кыскарып кеткени айтылган.
Дагы караңыз Чүйдөгү тигүү фабрикасы кеңейтилдиКыргызстанда тигүү ишканалары негизинен Бишкек менен Чүйдө. Соңку кездери бул аймактарда жумуш күчү жетишпегени тигүү цехтери үчүн чоң көйгөйгө айланды. Буйрутма көп, өндүрүштүк кубаттуулук бар, бирок жумуш күчү жетишсиз. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, айрым ишканаларда тигүү адисинин жетишсиздигинен улам 30-40% чейин машиналар иштебей калууда.
"Буйрутма марттан кийин эле көбөйдү. Билбейм, Орусияга башка жактын рыногу жабылып калдыбы, айтор биздин товар жакшы кетүүдө. Бизге буйрутманын 80% Орусиядан болот. Буйрутманы 100% аткарганга жетишпей жатабыз. Мурда цехтен гана тигилчү. Азыр үйдөн тигүү варианты көбөйдү. Мисалы, кездемени бычып даяр кылып Ошко жиберебиз, ал жактан тигип туруп кайра салышат. Ар бир жакшы тиккен тигүүчү үйүнө бир-экиден машина коюп алып, үйүнөн эле тигүүдө. Аларды цехке алып келип, таңгактайбыз. Жумушчулардын айлык акыларын мурункуга караганда 30% көтөрдүк. Товардын баасына да ошондой эле койдук. Көтөрүлгөнү менен бүт жак кымбаттагандыктан мурдагы эле көрүнүш болууда. Канча көп акча алып барсаң да, мурдагыдай кичинекей эле нерсе аласың", - деди Бишкектеги чакан тигүү цехинин ээси Мирбек.
Дагы караңыз Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт"Орусиядан суроо-талап өстү"
Нурлан Орозбаевдин тигүү цехи Бишкекте жайгашкан. Анын айтымында, өндүрүмүнүн 99% Орусияга экспорттолот. Кыргызстандын кийим-кечектерине суроо-талаптын өсүшүнүн себебин Орусияга салынган санкциялардан көрөт.
"Ушул жылдагы кырдаалда, быйыл өзгөчө талап жогору болууда. Көбүнчө Орусия жергесиндеги соодагерлерден талап көп. Ошол эле мезгилде биздеги товарлар инфляцияга байланыштуу кымбаттады. Ага карабай суроо-талап аябай жогору. Айрыкча, "Кыргызстанда жасалган" деген товарларга басым жасашууда. Бул мезгилдик көрүнүш эмес, анткени мезгилдик факторду буга чейин да көрүп келгенбиз. Мурда мынчалык болбойт эле, быйыл аябай көп. Эмне себептен деп биз дагы талдоо жүргүзсөк, биринчиден, Кытай менен Түркиядан келген жүк ташуучулардын акысы аябай жогорулап, ал жактан келген кийимдер кымбат баада болуп калды. Ал жактан алынбай калды. Экинчиден, Орусиянын бизге мамилеси өзгөргөндөн эмес, ал жактагы санкциялардан улам орун бошоду. Мындайча айтканда, көп өлкөлөр баш тартып кеткенден кийин, алар Кыргызстандын товарларын алганга аргасыз болду окшойт".
Эксперттер өндүрүштүн көлөмүн өстүрүү үчүн Кыргызстандагы тигүү тармагы квалификациялуу жумушчуларга муктаж болуп турганын айтып келишет. Алар кесипкөй тигүүчүлөрдүн жетишсиздигинен улам көптөгөн тигүү ишканалары жарым-жартылай кубаттуулук менен иштешерин белгилешет.
Ишкер Гүлмира Жунусованын тигүү ишканасы Кыргызстандагы орто ишканалардын катарына кирет. Ал ишканасын Gulum деп атап, чыгарган өндүрүмдөрүн да ушул аталыш менен сатат. Ишкер Кыргызстандагы тигүү цехтеринде өндүрүмдүн сапатын көтөрүү муктаждыгы бар экенин белгилейт.
"Орусиянын Украина менен болгон көйгөйүнөн улам көптөгөн орусиялыктар Кыргызстан менен иштишүүгө өтүп жатат. Алар мисалы, мурдагыдай эле Бангладеш, Вьетнам, Пакистан жана Индия менен иштеше бермек. Бирок азыр логистика абдан кымбат болуп калды. Аларга Кыргызстан менен иштешүү жеңил. Тилекке каршы, Кыргызстан орусиялыктардын керектөөсүн өз маалында аткарып жетишпей жатат. Бул – сапат, туруктуу мөөнөт жана тактык дегенди билдирет. Орусия бизге көп жумуш берет, Кыргызстандын буюмдары алардын 0,6% керектөөсүн гана камсыздай алат. Орусиянын рыногу чоң болгондуктан, биз бүт Кыргызстан отуруп алып тиксек дагы анын керектөөсүн жаба албайбыз. Ар бир тигүү ишканасынын ээси ишин мыкты уюштурса, Кыргызстаныбыз өнүкмөк. Тилекке каршы, башкаруу, элди социалдык камсыздоо боюнча билимдин жетишсиздигинин айынан тигүүчүлөр ал жакка кошумча жумуш катары гана келишет".
"Ишканалар 60% кубаттуулукта гана иштөөдө"
Кыргызстандын жеңил өнөр жайы текстиль, тигүү жана булгаарыны иштетүү өнөр жайы болуп үч тармактан турат.
Булардын ичинен тигүү тармагы 80% үлүштү ээлейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы жеңил өнөр жайы 7 млрд. 346 млн. сомдук өндүрүм чыгарган. Анын 80% же 4 млрд. 800 млн. сомдук өндүрүм кийим-кечек товарына туура келет.
Муну менен тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 2021-жылы 14,4% төмөндөгөн. Экономика министрлиги буга тигүү цехтеринде жумушчулардын жетишсиздиги, Орусияга бараткан жүктөрдүн Казакстанда узакка кармалышы, кыргыз-кытай чек арасынын жабыктыгына байланыштуу кездеме, фурнитура өңдүү чийка заттардын Казакстан аркылуу кечигип келип жатышы себеп болгонун белгилейт.
Экономика министрлигинин маалыматында, соңку жылдары өлкөдө тигүүчүлөрдүн тартыштыгы өсүп, ишканалар 60% кубаттуулукта гана иштеп жатат. Мурда Москвага чейин беш күндө жетип турган жүк, кийинки жылдары Казакстанда узакка кармалып калган учурлар көбөйүп, 15 күндө жете турган болгон.
Дагы караңыз Казак-кыргыз чек арасы: жүк өткөрүү жеңилдей элекТигүү ишканаларын аймактарга жайылтуу аракети
2022-жылдын жети айында Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында 4 млрд. 824 млн. сомго товар өндүрүлгөн. Текстиль өндүрүшүндө 105% туруктуу өсүү катталса, тигүү тармагында дагы деле 3,5% артта калуу байкалат.
Эксперттер Орусиядан ири буйрутмалар негизинен Өзбекстандын компанияларына берилерин айтууда. Алар Кыргызстанда кубаттуу саналган 5-6 эле тигүү фабрикалары бар экенин, калганы майда цехтер болуп эсептелерин белгилейт. Мындан улам кийинки кездери ири компаниялар Түп, Каракол, Араван, Кызыл-Суу, Кызыл-Кыяда тигүү цехтерин ачып жатышат.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиргендей, тигүү ишканаларынын дээрлик 60% Бишкек шаарында, дагы 25% Чүй облусунун аймагында жайгашкан.
Министрликтин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов акыркы 2-3 жылдан бери тигүү ишканаларын аймактарга көбүрөөк жайылтуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.
"Негизги ишканалар Чүй облусу менен Бишкекте жайгашкан. 2020-2021-жылдарда аймактарда тигүү жана текстиль ишканалары ачылып жатат. Мисалы, текстилдик-пахта кластери түзүлүп жатат, ушунун үстүндө иштеп жатабыз. 2021-жылды карасак, Чүй облусунун Москва районунда 300 гектардай жерге пахта себилген. Ошол пахтаны тазалоо заводу азыр ишке киргени турат. Андан тышкары, Ош облусунун Араван районунда Cool Bro's 400 орундуу ишкана ачты, Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында 200 орундуу тигүү цехи ишке кирди. Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу айылында Aziar Fashion деген ишкананын 300 орундуу филиалы ачылды. Түп районунда "Салкындын" 200 орундуу филиалы ачылды. Ош шаарында "Дастан Стиль" деген ишкананын филиалы ачылып жатат. Мына ушундай, аймактарда көп тигүү ишканалары ачылууда".
Карасартов кошумчалагандай, учурда жеңил өнөр жай тармагын 2022-2026-жылдарга өнүктүрүү программасы иштелип жатат.
Жаңы салык кодекси боюнча жеңил өнөр жайы 2027-жылга чейин жөнөкөйлөтүлгөн салык төлөө режимине киргизилген. Ага ылайык, бул тармакта иштеген ишканалар 0,25% салык төлөшөт.
"Окуу жайлар тигүүчүлөрдү эски ыкмада окутууда"
Ишкер Нурлан Орозбаев буйрутманы аймактарга жана үйдө тигүүчүлөргө таркатып тиктирүүдө өндүрүмдүн сапаты начар болуп жатканын айтты. Кыргызстанда жеңил өнөр жайы приоритеттүү тармак болуп саналганы менен, мамлекет тарабынан адис даярдоого жетиштүү көңүл бурулбайт дейт ал.
"Азыр цехтердин баарында эле тигүүчү табуу көйгөйү бар. Тигүүчү жокко эсе. Сапаттуу тигүүчүлөрдү издеп биз окутуп-үйрөтүп жаткан окуу жайларга барып кайрылганбыз. Барып көргөндө ошол жердеги методиканы көрүп аябай күлгөнбүз. Анткени союз убагындагы жабдыктар менен отурушат экен. Окуган ыкмасы дагы эски, дүйнө такыр башка жакка кеткен. Ал жерди бүткөн кыз келсе биздин жаңы моделдеги машинаны көргөндө эле өзүн жоготуп коёт. Ылдамдык деген бар, электроника өсүп атат, ар кандай жаңы нерселер кошулууда, тигүүнүн жаңы ыкмалары колдонулуп жатат. Бизде окуткан жерлерде эптеп-септеп окуттук, акчасын бердик, жумуш орун менен камсыз кылдык дешет. Жөн эле мамлекеттин акчасын кетирип, окуду деген тизмени түзүп, антип-минтип атабыз деген сөз да".
Дагы караңыз Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?Адистин айтымында, соңку мезгилдерде Кыргызстандагы тигүү ишканаларына Өзбекстандан келип иштегендер көбөйдү. Буга себеп катары Кыргызстанда маянанын салыштырмалуу жогору экендиги жана иштөө шартынын жакшы түзүлгөндүгү айтылат. Кыргызстандагы тигүүчүлөр айына орточо 50-60 миң сом табышат.
Кыргызстанда жеңил өнөр жайы приоритеттүү, социалдык мааниси чоң тармак болуп эсептелет. Жумуш менен камсыздоо боюнча айыл-чарба тармагынан кийинки экинчи орунда турат. Бейрасмий эсеп боюнча Кыргызстанда тигүү өнөр жайында иштегендердин саны 200 миңге чейин жетет. Буга тигүү, жүктөө, жеткирүү жана сатуу тармагында иштегендер кирет.