Театр заманбап каарманга зар болду

Театр актерлору.

Бишкектин театрларында күзгү театралдык сезон жүрүп жатат. Театр күйөрмандары ага атайын барган көрүүчүлөр жылдагыдай эле аз экенин айтышат.

Адистер буга репертуарлар бүгүнкү көрүүчүлөрдүн талабын канааттандырбай калганы жана коюла турган оюн-зооктор жетиштүү жарнама болбой жатканы себеп дешет.

Бул жолку күзгү сезон эмнеси менен айырмаланды жана көрүүчүлөрдү кайсы спектаклдер кызыктырып жатат?

Театрдын жанында алдыда боло турган спектаклдердин жарнамасын карап турган шаар тургуну Алмаз Жунусов азыр өзү курактуу орто муун өкүлдөрүнүн көбү жума сайын той-топурга барып, бирок театрдын астанасын аттабай калганына капа:

- Жаш балдарды айтайын десең чоң кишилер деле ушул жерден тарсайып басып өтүшөт. "Театрга кирип коёюн" дебейт. Билет баасы көп болсо 100, ашып кетсе 200 сом. Бош убактыларында келип, черин жазып эс алып кетсе жакшы да!

"Саманчынын жолу" спектакли.

Алмаздын пикиринде, азыр театрга улуу муун өкүлдөрүнө караганда жаштар көп келет.

Деген менен студент Алишер Үсөнбаев жаштардын дээрлик көбү театрга өз эрки менен келбей турганын айтты: ​

- Менин теңтуштарым азыркы спектаклдерди көргөндө "койчу ай, каяктагы эски, кылымдар мурда болгон окуяларды көрмөк белек" деп айтышат. Туура, азыр театрларга жаштар келип жатат. Бирок аларды кыйнап алып келип жатышат да. Менимче азыр жаштар АКШнын, Европанын кинолоруна, маданиятына кызыгат деп ойлойм. Мисалы, менин теңтуштарым "Саманчынын жолу" спектаклин "зериктирип ийет" деп айтып жүрүшөт.

Алишер учурда өзүнүн курбулары театрдан комедия жанрын жана легендага айланган дүйнөлүк театрлардын оюн-зоогун өздөрү каалап көрмөк деп ойлойт.

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театры быйыл күзгү сезонун Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен ачты. Театр тарыхында бул спектакль 1982-жылдан бери сахнадан түшпөй коюлуп келет.

Спектаклдер тизмегиндеги андан башка 12 спектаклдин ичинен куудул Күмөндөр Абыловдун 60 жылдык мааракесине арналган "Өпөң-чычаң" аттуу оюн-зоогунан башкасы буга чейин эң аз дегенде эки жолудан коюлган.

Аталган театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы күзгү сезондогу репертуар тууралуу буларды кеп кылды:

- Биринчиден, театрда көп жылдан бери коюлуп келаткан спектаклдердин өзүнүн бай тарыхы бар. Экинчиден, репертуардагы айрым спектаклдер билим берүү системасына байланган. Анткени азыркы тапта мектептерде, жогорку окуу жайларында "Манас" таануу сабактары көзөмөлгө алынып, жакшы окутулуп жатат. Ошол себептен окуучулар, студенттер "Манастын уулу Семетей" спектаклин бизден келип көрүшөт. Тактап айтканда, мурдатан сахнадан түшпөй келаткан спектаклдердин көбү мектеп программасында бар. Ошол себептен да алар коюлуп келет.

Нуркыз мектеп окуучуларын, студенттерди окуу программасынан негизинде театрга милдеттүү түрдө алып келүү алар үчүн пайдалуу деп эсептей турганын билдирди. Адис быйыл башкы театр беш жаңы спектакль даярдап чыгууну пландаганын кошумчалады.

Дагы караңыз Нарын театры Өзбекстанга аттанды

Учурда жүрүп жаткан спектаклдердин андан кийинки тизмесинде Бактыгүл Чотурованын "Тумар ханыша"; Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу"; Бексултан Жакиевдин "Көздөн учкан Ата-Журт"; Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгыз хандын ак булуту"; Саид Ахмаддын "Күйөө бала"; Кайрат Иманалиевдин "Коркут-Ата" баштаган он үч спектакли бар. Бул репертуар былтыр да дээрлик кайталанган.

Театр ишмерлер бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов учурда жалпы кыргыз театрларынын репертуары заманбап көрүүчүлөрдү канааттандырбай жатканын айтып, аны сахнада бүгүнкү күндүн каарманы жаралбай жатканы менен түшүндүрдү:

Жаныш Кулмамбетов.

- XIX кылымдын соңунда биринчи жолу режиссерлук театрды түзгөн француз режиссеру Андре Антуан он жыл бою жалаң заманбап көйгөлөрдү чагылдырган чыгармаларды койгон. Анын сыңары биз да ошол ыкмага багыт алышыбыз керек. Биздин ыраматылык Султан Жумагулов жылдын башында "заманбап пьесалардын сынагы" деп атайын конкурс жарыялаткан. Ал 30-октябрда бүтөт. Азыр бүгүнкү күндүн темаларын чагылдырганга умтулган 54 пьеса түштү. Буюрса айдын соңуна чейин алтымышка жакындайт окшойт. Ушул драмалардын ичинен тандалып алынгандар театрдын сахнасына келиши керек.

Кулмамбетов сынактан өткөн пьесалар Маданият министрлиги тарабынан республикадагы мамлекеттик театрларга таратылып берилип, репертуарлардын жаңыланышына, көрүүчүлөрдү өзүнө тартууга шарт түзөт деп үмүттөнөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.