Жамгырлуу түндө тутанган сүйүү

Иллюстрациялык сүрөт.

Тагдыр жолу чиелешкен татаалдыгы эртең эмне болорун табышмак калтырганы менен кызык болсо керек.

Жамгырлуу түндө жолунан адашып калган кыз кудайы конок болуп кеткен үйүнө келин болуп келерин ойлобосо деле керек. Жазуучу Сулайман Рысбаевдин “Түнкү мейман” аңгемесин окуйбуз.

“Мен эле…”

Сулайман Рысбаев балдар жазуучусу, педагогика илиминин таанымал корифейлеринин бири, “Алиппенин” автору. Анын аңгемелеринде таалим-тарбия маселеси алдыга чыгып, жаңы муунду жакшылыкка үндөө, кылымдарды карытып келаткан улуттук уңгуну барктоо идеясы көтөрүлөт.

“Түнкү мейман” аңгемесинде адам тагдыры, сырт көзгө байкалбаган пенделик ышкы-сезимдер көркөм иликтөөгө алынган. Чыгарманын сюжеттик курулушу өтө жөнөкөй, жолдон адашып калган кыздын бир үйдө түнөп кетиши, анын суу жоолугунун ордуна үй ээсинин келинчеги өзүнүн баш кийимин кийгизип ийгени, арадан эки жыл өткөндөн кийин ошол кыздын бир учурда түнөп кеткен үйүнө келин болуп келери баяндалат.

Тумандуу түндөрдүн биринде короочу ит абалай үрүп, сыртка бирөө келет. Көзгө сайса көрүнгүс түн, тынбай жамгыр жаап, элдин баары үйүнөн чыкпай отурса жолго чыккан ким болду экен? Үй ээси Искак сыртка чыгат. Келинчеги Тумар эмчектеги баласын эмизип, бешикке жөлөнгөн бойдон уйкуга кеткен экен. Караңгы түн, үйдөгүлөр уйку кучагында жатканда ат дубүртү чыгып, үй ээси “мал-жандыр” деп “жети түндө келген” ким экенин боолголоп жаткан.

“Атчан улам жакындап, үйдүн босогосуна келди. Ит өлүп-тирилип асылат. Балдар чукуранышып, кайра тынчышты. Тумар да ойгонуп: «Киши келди белем…» деди көзүн укалап.

Дагы караңыз Сарымсак менен Асылбек кайтпай калышты

Искак үстүнө бирдеңке жамына калып, босогого жетти да, каалганы ачып-ачпай, итти «кет» деп үн чыгарып, майдайында турган эрбейген жалгыз атчанды көрдү. Эшик ачылганынан улам иттин үнү да басыла калды.

- Ай, сен кимсиң?–деди Искак, тиги караанды тааный албай.
- Мен эле…- Кыздын үлбүрөгөн үнү чыкты. Кыз экенин билген Искак чоочуп кетти, –Ой, мен деген ким? Кайдан келаткан немесиң?
- Жийдемин… Ылдыйтан келаткам… Анан… – кыз: «жаан жаап суу болгонумдан кайрылдым» деп айткысы келип, бирок үшүп кайыкканынан унчукпай калды.

- О кокуй, Батыркан акенин кызысыңбы? Түш! Үшүп калган турбайсыңбы?!
Искак аттын тизгининен жылоолоп, кызды аттан көтөрүп алды да:
-Кире бер үйгө, мен байлай келейин, - деп ары бастырма жакка басты.
Аңгыча Тумар туруп кийинип, бу түнкү мейманды кургактантып да жиберди.
- Балакетиңди алайын, жазгы жаан өтмө-катарыңдан өтүп кеткен тура.
Тумар колу-буту көк муштум болгон кыздын алдына термостогу ысык чайдан куюп, эбелек болду.”

Кыздын кеч жолго чыгышы, жаанда үйүнө жетпей Исхактыкына бурулуп калышынын себепкери жандан өткөн жамгыр, көзгө сайса көрүнгүс караңгылык болчу. Жийде кыз Кичи-Талдагы эжесиникине барып, жолго кеч чыгып калган экен. Жийде Батыркандан ортончу кызы. Айылдагылар аңыз кылган адамдын сулуу кыздарынын бири. Жийде мектепти бүтүп, турмуш жолуна аттанганы турган.

"Кеч чыгып алыпмын..."

Минтип сөөктөн өткөн суукта кайыгып, үйүнө жете албай, жолдогу биринчи үйгө ат тизгинин буруп, жылуулук издеп келген.

“ - Кеч чыгып алыпмын… - деди кыз өзүн күнөөлүүдөй сезип, ичиркене.
Искак үйгө кирип, мейман кызга аялынын кылган ызатына ичи жибип, ыраазы боло тасмалга келди.
- Кайдан келаттың эле?..., - деп сурады Искак кыздан. Үшүп, бозоргон жүзү жылууга киргенге нурдана түшүптүр. Суу болгон чачтары бириндеп бешенесине түшүп, бүлдүркөндөй жаш кыз чын эле татынакай көрүндү”.

Сулуулук кимди болбосун биринчи кезиккенде аптыктырып коёт. Ичиркенткен жаандан үшүгөн сулуу кызды аттан көтөрүп алып үйүнө киргизип, дасторкон четинде аны дагы жакшылап көрүп, Искактын делебеси козголо түшкөн.

Келинчеги Тумар ысык чайдан куюп, үшүгөн кыздын кийимдерин алмаштырып, жылытыштын камында. Ойдо жок жерден айылдын өзгөчө бир жаны – Батыркан акенин сулуу кыздарынын бири бейкапар жаш үй-бүлөгө келип калышын Искак тагдырдын бир жазуусу катары кабыл алат. Өзүнөн-өзү өрөпкүп, үйүнө келип калган үрдүн кызындай болгон бир периште жанга сугу артып, бирок аптыккан сезимин сыртка чыгарбай, ысык үйдө өзүнө келе баштаган сулууну тиктеп, бул түнү анын үйү башкача сезилип, аптыгып отурган.

Жазуучу кыска-кыска диалогдор менен психологиялык кылдат сүрөттү тарта алган. Мурда баш бакпаган үйгө айласыз келгенине кыз өзүн ыңгайсыз сезип отурат.

Дагы караңыз "Мен бир кушмун канаттары кайрылган"

“Кыз беймаал убакта келип, булардын тынч уйкусун бузганына да уяла тартынчактап, колундагы ысык чыныны кош колдой кармап, чайдан ууртап жатты. Анысынан кыздын дагы деле үшүгөнү кетпей, ичиркенип турганы билинет.

- Насип буйруган жерге адам айттырбай келет деген...
Искак сыпайы, бирок атасын сыйлагандыктан кызга ызаат кыла унчукту. Анан:
- Тумар, мейманга орундук даярда. Үшүп калган тура… Жылуу эс алсын, - деди кыз тамактанып бүткөндө.
- Ат эмне болот, байке… – кыз татынакай жүзүн Искакка буруп, аны саамга тиктей калды.
- Атыңды таң ашырайын. Алыстан келген турбайсыңбы. Эртең менен таң эрте туруп, отко коем. Сен кам санабай уктай бергин…”

Беймаал убакта келген кыз үчөөнү тең кызык абалга калтырат. Искак үчүн сулуу кыздын үйүнө бурулуп калышы чынында эле “тагдырдын жазуусу”. Ал өзүнүн сулуулугу үйлөнүп-жайланып алган жигитке чок таштап, санаасына кирип калганын биле элек.

Жылаажын үндүн жыргалы

Сүйүү, ышкы сезими пенде баласынын акыл-эсине баш бербеген, капыс жаралып, беймаал убакта бажырая ачылып, гүлбурак болуп кетет тура. Искак ошондой сезимге кабылып калган.

“Искак кыздын сурмалуу бакыракай кой көздөрүнөн жалтанып, анын бутунан башына чейин бир сыйра карап алды. Анын жүрөгүн кандайдыр жылуу сезим аралап, ага ниетинен ыраазы боло, инсандык таза пейли менен суктанып да, кыздын эмелеки өзүнө багышталып айтылган эки ооз жылаажын үндөнгөн жөнөкөй эле сөзү кулагына кайталанып турду.
Суктанды демекчи, суктанса эмне экен. Жакшы көрсө эмне экен; жакшыны «жакшы» дебегенде эмне дейт. Искак өз бүлөсүнө ыраазы, аялын сүйүп алган; эки балалуу болгончо бири-бирине өйдө карап сүйлөшкөн жан эмес; аялын ушу мүнөттө да сүйүп турат… Бирок, турмуштагы кооздукка, асылдыкка, сулуулукка карата болгон ойноок эрке сезим - туюму Искактагы аялын, балдарын сүйүү менен эле биротоло өчүп калган эместир… Андай сезим өчпөйт, ал өчсө адам кошо өчөт.

Дагы караңыз Айдана акыры сүйүүсүн тапты

Тумар аркы үйгө түнкү мейманга орундук даярдагыча экөө жалгыз оозгу бөлмөдө калган эки мүнөттүк убакыт ага бир далайга созулуп, эмнегедир Искак да, кыз да өздөрүн оңтойсуз сезип кетти.”

Жийденин ошончодон жол боюндагы үйлөрдүн арасынан Искактыкына келиши, жамгырлуу түндө үшүп, жардам сурап кайрылышы тагдыры жазмышы беле же бири-бирин жактырган кош жүрөктүн бири-бирине тартылуусу беле? Жийде турмушка жаңыдан баш багып аткан, тиричиликтин миң бир кыйынчылыгы, татаалдыгы кандай болорун биле элек булак суусундай таза, жамгыр тамчысындай мөлтүр эле. Ойдо жок жерден башталган психологиялык драма ошентип жамгырлуу түндөгү айылдын бир үйүндө улантылат.

Ак жоолук баяны

Бирок бул тынчтык экөөнүн ортосунда көрүнбөгөн бир жип менен байланган сырдуу сезимге капталып, кыз менен үй ээсин түйшөлтүп койгон. Искактын бейкапар сезими козголуп калган.

“Ички үйдөн кыздын чечинип жаткандагы көйнөгүнүн шуудураганы угулуп, көз алдына эмелеки бейкам жаткандагы иттин үргөнү, караңгыдагы бейтааныш караан, күтүүсүз келген түнкү мейман, анан үйгө киргендеги акак мончоктой мөлтүр сулуу кыз кайра бир ирет элестеп алды уктаар алдында.”

Акыры таң да атты. Искак туруп мейман кыздын атын отко коюп, дегеле үйүнө келбеген кыздын ага бурулуп калганына биралдын таң калып, анткен менен кандайдыр бир жылуу сезим көңүлүн бийлеп, өзүнчө толкунданып турду. Сулуу кыз меймандос үйдөн чай ичип, сыр чечише сүйлөшүп, шашпай кетти.

“Ак самоор булоолонуп, чай да бат эле алдыга келди. Ак ниет менен сунган аш ширин татыйт. Кыз дагы ыраазы боло, алар менен жылдызы жанып, ачылып сүйлөштү. Баятан берки шашканы унутулуп, кечке дейре болсо да кеткиси келбей, кетсе да кайрылып бир ирет келүү оюна түшө берди. Баштыгын ачып, эжесинин үйүнөн сала чыккан сормо конфеттен «тиги уктап жаткан уулуңарга» деп, «кой» десе болбой алып чыгып, тасмалга койду. Буларды көптөн бери татуулаша жүргөн эң жакын адамдарыңдай көрүп кетти. Ачык-айрым, ыймандуу, жылдыздуу кыз Исхак менен Тумарга да жагып калды.
Кыз жөнөмөк болгондо карашса, анын жоолугу кургабай калыптыр.
–Кап, кургай элек тура!– деди Тумар кейип. Анан ойлоно калып минтти. –Мейли… Мен сага өзүмдүн жоолугумду берейин… Бир күнү апкелип таштап кетерсиң…
Тумар төркү үйдөн өзүнүн сыйга салынчу гүлдүү ак жоолугун алып чыкты.
–Тим эле койбойсуз да, эже…
–Кой, садагаң…Жазгы суук жандан өтөт дейт. Ооруп каласың…
Мейман кыз коштошуп аттанып кетти. Ошондо гана бу мурдатан ымаласы жок, кайдыгер эле бирөөгө жалгыз жакшы көргөн баш кийимин салынтып жибергенине негедир ичи ооруна түштү. Ошо ичи ооруна калганына өзү кайра өкүнүп, «бекер шекчилдиктин кереги эмне» деп өзүн токтотту кайра”.

Мейман кыз Тумардын сый жоолугун салынып, өзүнүкүн унутуп кетиптир. Анын унуткан жоолугу Тумарга “негедир, бөтөн бирөөнүкү эместей, ушул үйдүн аялуу бир буюмундай сезилди. Искак да мейман кыздын жоолугун саамга көз албай карап турду. Андан түндөгү бүлдүркөндөй татына кыздын кипарис жыты келип турган. Кыз жоолугун атайы эле ал үчүн таштап кеткендей туюлду…”

Дагы караңыз Фантастикага айланган сүйүү кумары

Мына ушул түнкү капыс окуядан көп өтпөй Искактын үйүн кайгы басып Тумарынан айрылып калды. Окуянын жүрүшү кескин өзгөрүлүп, сюжеттин фабуласы алдыга чыгат. Тумар күздүн күнүндө каза болот. Эки баласы менен жалгыз калган Искак тагдырдын башка салганына айласыз көнүп, жыл айлана аялынын ашын өткөрүп, жесилдик турмушка көнгөн. Кичинекей эки баланы жалгыз өзүнүн багышы, үй тиричилигине көнүшү кыйын эле. Мына ушуну эске алган анын туугандары эки жылдан кийин чогулушуп, мындан аркы турмушун аныкташмак.

Искак өзүнүн тагдырын башка бирөөлөрдүн чечишине каршы болчу. Ошондон туугандардын жыйынын сүйүңкүрөбөй кабыл алып, сиркеси суу көтөрбөй турган. Тумарды өзү жактырып, өзү сүйүп алган эле, өмүр жолу кыска экен, бешиктеги баласы баса электе алышкан оорудан оңоло албай каза болуп калды. Тумар жакшы келин болгонун айткан жакындары Искакка айтпай-этпей эле, аны «Эми кандайга туш болом» деп чоочуба… Биз ишти ойлонуштуруп чечтик. Буюрса, жакшы бүлө чыгат”, деп алдын-ала кимге үйлөнөрүн чечип коюшуптур. Искакты ушул сөз чочутту, жакшы бүлө болорун кайдан билишти экен алар? Акыры түбү ала турган аял менен Искак жашайт го.

Бул жерге акыл кошкону келген жакындарына эмне, ар ким өз тиричилиги менен кетишет. Мурда-кийин билбеген, көрбөгөн немени буга аял кылганы отурушабы? Адам тагдыры, анын кимдиги, кандайлыгы буларды ойлонтпой экен го. Ансыз да кайгыдан арыла элек Искак туугандарына “силерди аял таап бергиле деп кыйнап жатамбы?” деп нааразылыгын ачык айтканда апасы акыркы жүйөнү ортого жаят.

“–Бу эле… Батыркандын кызы…
«Батыркандын»?
Бу сөз анын сезимине чагылгандай чарт этип, көздөрү тумандай түштү. Ал кыз окууга өтпөй келип, айылда иштеп жүрөт дешпеди беле…
«Демек, булар иштин баарын бая эле чечип коюшкан тура».
«Батыркандын» деген бир сөз аны багынтып таштагансыды.”

Ошентип Искактын тагдыры туугандар кеңешинде чечилди. Ага кимди алып беришерин башында айтканда нааразылык чыкмак эмес. Жаздын жамгырлуу түнүндө бир келип Тумардын жоолугун салынып, өзүнүн жоолугун унутуп келген Жийде кыз анын өчүп калган отун жандырып, муздап калган үйүн жылытып, энесин сагынган балдарына эне болуп бермекчи. Мындай чечимге Искак каршы чыгалмак эмес.

“Анын көз алдында баягыда жазгы жаандуу бир түнү, бейкам жатканда, күтүүсүз келип түнөп, аялы Тумардын ак жоолугун салынып, өзүнүкүн унутуп таштап кеткен назик мейман кыз карагат көздөрү элестеп турду”.

Ким билет, ошол жазгы жамгырлуу түн экөөнүн тагдырын эки жыл мурун кошуп, экөөнүн турмуш жолун бириктирип койгондур. Ортодо ойноок сезим пайда болуп калганын сезимтал кыз менен Искак ошондо эле сезишкен, бирок анда баары башкача болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.