Сакманчың болуп барбасам...

Иллюстрация

Абдиламит Матисаковдун “Өмүрдүн үзүмү” аңгемеси 1985-жылы жазылган. Сүйгөн жарынан ажырап, жалгыздыктын азабын тарткан айылдык жигиттин ички дүйнөсүн жазуучу мыкты ачып берген.

Чыгармада айылдын жөнөкөй жашоо-турмушу, адамдар ортосундагы мамиле, алыста калган балалыктын элестери тартылып, окуган адамды ойго салат.

Өтүшүп кеткен кесел

Бирөөгө кылдай жамандыгы жок, колдон келген ишин жасап, жалаң чарбанын түйшүгү менен жүргөн карапайым жигит капысынан катаал сыноого кабылат.

Сүйүп алган жары илешкен оорудан айыга албай төшөк тартып жатып калганы түйшүгү көбөйөт. Исраил баарына кайыл болчу, күндөн-күнгө алсыз болуп бараткан Паизгүлү айыгып кетсе, буга чейинки тарткан түйшүктөрүнүн баары бир тыйынчалык болбой калмак. Келинчеги айыгып кетсе деген тилек менен гана жашап аткан.

“Паизгүлдүн кесели өтүшүп кетти. Алмадай жүзүн көк жөтөл мүлжүп, чырактай көздөрү эле калган. Арыктаганын айтпа… Мурда түзүк эле. Кыбыраса да дары жыттанган бөлмөсүнөн качып, саар-кеч оорукананын короосунда көпчүлүккө кошулуп басып жүрчү.

Өткөн апта жыгылды. Бирге жаткан келин экөө короодо басып жүрүп, кызык кепке күлөм десе, ыкшып дарты козголот. Дарты курусун! Күлдүрө да койбойт. Оозун чоң ачкан менен өпкөсүнө аба жетпей, көк жөтөл тамагын кысат. Бул жолу да убагында ийне сайып, ажалдан арачалап калышты.

Дагы караңыз Алымсейит аңдабаган сыр

Басууга тыюу салышты. Керебетте козголбой эки күн жатты. Үчүнчү күнү тура албайт. Буттары сенек. Эси чыкты. Муздап калган буттарын мыжыккан бойдон кыйкырды. Ыза-муңун да түзүк билдире албады. Жөтөл дароо алкымдады. Жаны көзүнө көрүнсө да, сенек буттар көз алдынан кетпейт. Ийне сайып, кислород жуткурушту. Көөдөнүн мыжыгып кабыргасын сайгылаштырган жөтөл чегингенде керебеттин аягында олтурган күйөөсүн көрдү.

Исраил жүдөңкү. Боосу үзүлгөн тумагынын бир учу ылдый салаңдайт. “Кеселге чалдыкканымдан быякка жетим көпөлөктөй тегеренип, жанымдан чыкпайт. Мен деп жүрүп ак мокоду. Дагы билгизбейт. Минтип үч жылдан бери башым ооруканадан чыкпаса…” Паизгүлдүн көздөрүнө жашы кылгырат…”

Экөөнүн баш кошконуна төрт жыл болгону менен, үч жылы минтип алышкан ооруга кетип, жаш өмүр жалаң кесел менен күрөшкө жумшалып жаткан.

Илешкен дарттын илеси

Келинчегинин алын куруткан оор дартты Исраил да кошо тартат, колунан келишинче жакын адамынын оорун жеңилдеткиси, көңүлүн көтөргүсү келет. Бирок колунан эмне келет? Бала кезден тооруган дарт күчөгөндөн күчөп, жедеп айласы кеткенден кийин келинчеги акыркы күндөрүн ооруканада өткөрүп калган. Жазуучу бирин-бири айттырбай эле түшүнгөн, күйүмдүү үй-бүлөнүн ичара мамилесин ыктуу деталдар аркылуу ачып берет.

“ - Табың кандай? – деди Исраил. Жубайынын эки уурту бүлкүлдөп, күлгөнү-күлгөнгө окшободу… Көздөрү сүйлөйт. Көздөрү көп нерсени айтат…

- Кордо аш ичесиңби, кичине?.. Көөнүң ачылат. – Исраил ыйлап басылган баладай энтигип коёт.

- Убара болбо, - Паизгүл кыңкыстайт. Арык колдору мискейге жабышат. Кордо аштын табын сезет. Тамагынан аш өтпөсө. Айла жоктун иши да. Күйөөсү күрөктөй алаканы менен саамайынан сылап, көздөрүнө муңайымдуу тигилет.

- Өзүңдү бөөдө кыйнаба, Паизгүл?!

- Кесел деген кайтчу эле, бу дарттын дабасы жок окшойт. Эки буттан тең айрылган бейм. Кыймылдабайт.

- Антип айтпа, жөн эле бадан-боюңдун кубаты жок. Оокат ичпесең каяктан дарман… - Исраил келинчегинин одеялын кымтылады. – Канча күндөн быякка оозуңа түзүк наар ала элексиң. Бир жактан жөтөл да шылып салды…

- Мындан быягына дары ичсем-ичпесем да баары бир окшойт… -Паизгүл шыптан көз албай, созултуп үшкүрдү.

- Доктур берсе, жөн бербейт. Дарынын бирине да жок дебе…

- Ийнесин алам. Жанымды алып калып аткан ошо. Дары ичкенге жараша курсагымда бир нерсе болсо экен”.

Алышкан оору күн санап күчөп, алы куруган келин эми баарына кайыл болуп калган. Ооруканадан башы чыкпай, ал жерден берген дарыларын ичип, уколун алып, бирок алардан жылыш болбогонун көрүп, үмүтү биротоло үзүлүп калган.

Дагы караңыз "Барктабастын аялы кетип калды"

Үч жылга созулган бу мүшкүлгө жалгыз Исраил гана чыдап, ошол гана келинчегинин айыгып кетишинен үмүт үзбөй, аны жамандыкка кыйбай келаткан. Исраилдин бир буту ошол ооруканада эле калды окшойт. Жалгыз өзү күн дебей, түн дебей аялынын жанында. Келинчегин таңдандырган нерсе да ушул. Жакшылыктан үмүтүн үзбөй, айыгып кетер деп өзүн жооткотуп келатат. Күн сайын иче берчү дарылардан тажап, тирүүлүктөн үмүтүн үзүп калган Паизгүл акыркы саатын гана ойлоп калган.

Мына ушул оор учурларда Исраил бийик адамгерчилигин көрсөтөт, жалаң келинчегинин кайгайы менен болуп, ошол деп гана жашайт. Оорулуу адамдын көңүлүн оорутпай, аны акыркы сааты, акыркы демине чейин колдоп-жөлөп, чын дилден камкордук көрүш – бийик адамгерчиликтүү адамдын гана колунан келчү иш. Исраил ошондой адамдардын бири. Анын ойлогон ою, иш-аракети бир гана нерсеге - оорудан жабыркаган келинчегинин көңүлүн көтөрүп,жарыкчылыкта көбүрөөк жашасын деген тилекке байланган болчу.

Оорулуунун абалы кыйындап кеткенин көргөн дарыгерлер аны үйүнө чыгарышат.

“Жубайын көк жөтөл коё бербеди. Эрип-эпчип жөткүрсө, ысык сүт куюлган пиаланы кармап, Исраил маңдайында. Калтыраган колу менен пиала талашкан Паизгүлдүн көздөрүнөн жашоого канбаган кумарды байкаганда каңырыгы түтөйт. Бирок, билгизбейт. Жубайын ооруканадан чыгаргандан быякка, эси-көөнү үй жакта”.

Алышкан оору алмайын тынбайт экен. Ооруканадан чыккандан аз өтпөй Паизгүл каза болуп, бир үйдө Исраил жалгыз калат.

Түшүмө кирдиң түндө сен

Күндүзү ишке алаксыганы менен түнкүсүн кыйын. Кыска өмүрүндөгү таап алган бактысынан ажыраган жигит ээн үйдө айласын таба албай, убактысын кайгы-муң менен өткөрөт. Жумуштан кийин үйүнө келгиси келбей, эптеп эле алаксыгысы келип, колуна тийген жумуштарды жасап жүрө берет. Баарынан да аялы иштеген мектептин жанынан өтүү кыйын, мектептин китепканасын, баскан жолдорун көргөн сайын кусалыгы күчөп, өзүн коёрго жер таппайт.

Экөөнү табыштырган нерсе, көрсө каниет кылып жашоо экен. Жетишпеген турмуш, бирок да ага кайыл болгон эки жаштын ичара ынтымагы, бири-бирине болгон урмат-сыйы, анан бир көргөн түштөй болуп анын баары бир күнү эле жок болуп кетиши Исраилге абдан катуу тиет. Жумуштан колу бош, өзү менен болуп калганда келинчегин эстеп кыйла күндөрүн сагыныч, кусалыкта өткөрөт.

“Көзү чакчайып, бу түнү да уйкусу качты. Бир маалда өзүнө-өзү ээ боло албай, көкүрөгү толуп, көкүрөгү жибип келатканын туйду.

“Өгүнү түшүмө кирдиң, Паизгүл,- Исраил түшүркөгөн адамча сүйлөп кирди. Энтиккенин баса албайт,- сен өлбөй эле каяккадыр чыгып, шам аралаш ич нерсе билбеген, ич каякка барбаган адамча илгери кезүүгө кошчу кара токтубузду айдап, кирип келет имишсиң. Сени өлдү деп ойлогонума уялып, жерге кирип кете жаздайм. Жүрөгүм бир ордунда болбой эле ээленип, сага суктана берем. Колуңа шыпыргы алат экенсиң да, кой дегениме болбой супанын алдынан тартып, шыпырып кирет имишсиң. Шыпырып атып, көзүңдүн кыры менен орок мизин терген кара кашыңды серпип коёсуң. Жүрөгүм лакылдап, алдынан ысык кан жүгүрүп кетет, тобба. Токол үйүмдүн куник пешайваны чырайына чыгып тиктеп эле отургуң келет. Өзүңдүн ыраң-ороюңду айтсаң… Кара кыжым кемзелиң боюңа жарашып, чөнтөгүңдө дөмпөйүп бир нерсе жүрөт. Алма-салма, шире-пире салып жүргөндү жакшы көрчү эмес белең. “Паизгүл, сен жанымда жүрсөң бу дүйнөдөгү болгон курсантчылыгым ошо” деп айтмакчы болуп, өйдө турсам шыпыргыңды таштап, бак ичинде жүгүрөт имишсиң. “Исраил, Исраил, мынабы сагызганды кубалачы, мынча эмне шакылыктап алган, үнүң өчкүр! Кесек урчу, учурчу, суук кабар айтып турат!” деп сагызганды көрө албай ордуңда тегеренесиң. Оромолуң желкеңе түшкөндө чачыңды көрүп, селейдим. Аппак. Ичим бир ачышат. Кундуздай чачы имне болгон деп. Бак аралап кесек ыргытып жүрөм. Кызыл алмалар “топ”, “топ” этип жерге түшөт. Сагызган көрүнбөйт. Шакылыктаганы мээге чыгат. “Үнүң өчкүр, учуп кет, биздин бакка айланганы келдиңби!” дейм. Үнүм чыкпай атканын сезе коюп, жүрөгүм “зырп”, “зырп” деп алды. Ошентип жүрсөм коңшубуз, коңшубуз Бурул эже баканын бак аралата атып урду. Сагызгандын доошу дароо өчтү. Алманын бариктери ушунчалык көп күбүлдү дейсиң, сени көмүп калды. Ана чыгат, мына чыгат дейм күтүп. Үймөк былк этпейт. Жетип үймөктү чачып кирдим. Шилеп атам, сен жоксуң, Паизгүл! Атыңды чакырып атып, чочуп ойгонсом көл-шал тер басыптыр…”

Ким билет, Айымкан кемпир болбосо Исраил дагы канчажеке күйүтүнө басылып, өзүнөн өзү чүнчүп жүрөт беле.

Кезүүдөгү көз ирмем

Өмүр бою жалгыз жашап келаткан кемпир деле бирин-экин мал күтүп тирүүлүктүн күндөлүк түйшүгүнө чарпылып жашап аткан экен. Кемпирдин “санаа жаман, адамды билгизбей жеп бүтөт… Жалгыз бойчулукту баштан өткөрдүк го. Ээ, пенде баласынын башына түшкүлүк кылбасын” дегени катуу таасир этет. Кемпир Исраилди кезүү кайтарганга суранып келген экен. Ансыз да дем алыш күн болгондуктан Исраил кезүү кайтарып келгенге макул болот.

Адырга кой жайып чыккан жигиттин көзү илинип, койлору туш тарапка жайылып кетет. Жоголгон койлорун издеген кыз аларды чогултуп, койлорунун дайынын сурамакка уктап жаткан койчуну ойготот.

“- Малыңызга жат кой кошулбадыбы? – деди кыз. Ичке каштары биригип, кара-тору жүзүндө кыжалаттын изи байкала түштү.

- Саар менен кошулгандай болбоду. Мен дагы бирөөнүн кезүүсүнө чыккамын. Коюңуз жокпу? – Исраил күндөн көзүн калкалап, ат үстүндөгү кызга көңүл коюп карады. Чыйрак экенин баамдады.

- Бир жоголгондо үчөө жок. Барбаган жерим, сурабаган адамым калбады. Эми менчик малды аралап, көрүп келатам. Малга киргенибизге төрт жыл болгон. Мындай кырсыкты биринчи көрүшүм”.

Дагы караңыз “Орунча” – эненин ордун баскан өгөй аял

Исраил төрт жылдан бери жеке турмушунун кайгайы менен алек болуп, сырт дүйнөнү унутуп, иши болбой келсе, бул кыз чарба малын багып, турмуштун ысык-суугун жалгыз өзү көтөрүп келатыптыр. Малдын түйшүгүн билбеген уста уктап, койлору чачырап кеткенде койчу кыз чогултуп, кезүүчүнү ойготконго келет. Капыс кездешүү экөөнө тең өзгөчө таасир калтырат. Исраилге жапжаш кыздын түйшүгүнөн коркпой чарбанын малын багып жатканы жакса, кызга кезүү малын таштап уктап жаткан жигиттин кичипейилдиги ичин жылытат. Исраилдин жүзү өзүнөн өзү дуулдап, аптапка кактагандай кызарат.

“ - Келбейсизби бизге, сакмалчы жетишпейт. Эки үкам, өзүм каягына жетишебиз. Анабы чоң жылганын оозундагы биздин короо. – Чоң мурундун кыштоосунан көрүнгөн узун короону экөө тең эми көргөндөй тиктеп калышты. Исраил адатынча сөз айта албай баш ийкей берди. Аттын башын бурган кызды кыйлага чейин ээрчип келди.

- Ташпишке түшпөңүз. Коюңуз табылып калар. Мен да сураштырам. Кабар уксам, сөзсүз айттырып жиберем, же өзүм эле…

- Болуптур, айтканыңыз келип, табылып калгай эле. Жакшы калыңыз. Сакмалга айдаса, үндөбөй биздин короого келе бериңиз. Айырмасы кайсы?! – Кыз атын желдирип жөнөдү.

Исраил ичинен кыңылдап койду. Көңүлү көтөрүлө түшкөн. Көмөкөйүн качанкы бир тааныш обон кытыгылайт… “Кичине алыс узасын, анан жылганы жаңыртпасамбы…” деп Исраил чын эле тамагын түзөп койду”.

Төрт жыл бирге жашаган жарынан айрылган Исраил керт башынын кайгысы менен кыйла убакты-саатын өткөрүп ийген. Эми минтип жашоо-турмуштун нугу капыстан башка нукка бурулуп, жан дүйнөсү өзгөрүлө баштайт. Кайгынын оор жүгүн ыргытып, жаңы турмушун баштоого киришет. Жайытта коюн издеген кызга жолугушу аны башка дүйнөгө алып кирет, жашоо кумары, маанайын чөктүргөн кайгы-муңдан арылтып, өмүрдүн жаркын барагына жол ачат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.