Катылган дары табылат

Иллюстрациялык сүрөт.

«Доктордун ууланышы» - Дайырбек Казакбаевдин мыкты аңгемелеринин бири.

Чыгарма батыш адабиятында, айрыкча англис жазуучулары жеберине жеткире сүрөттөгөн детектив жанрына жакын. Анткен менен окуянын жандырмагы чиелешкен окуянын түйүнү жөнөкөй турмуштук көрүнүшкө көбүрөөк ыктайт.

Ашыктык уулантпайт

Айылдык дарыгердин ууланып калышы заматтын ичинде ар кыл божомол, жоромолдорду жаратат. Ким уулантты, эмнеге мындай ишти жасады экен? Дарыгер айылдыктардын эң жакын адамы, ооруп калгандын баары Кубат деп издеп келип турушса... Узун кулактар тез эле шектүүнү таап коюшту.

«Ал уктаган кезде үйгө уу чачып, эшик-терезени жылчыксыз жаап таштаптыр. Жанагы Каным деген сестра келин бар эмес беле, ошол колдуу дешет». Болду, анан Каным менен Кубаттын мамилеси, дарыгердин үй-бүлөсү эл оозуна алынып, биринен экинчиси шумдук кептер чыга баштайт. Көпчүлүгү «жакшы доктур эле» деп, бирөө сокур ичегиден операция болуп айыкканын айтып, экинчиси «бечара доктур аман эле калса болду» деп уккандын баары Кубаттын үйүнө топтолушат.

«Акыры мына, эл да, машина да короо алдында. Тез жардамчы врачтар короого кирип кетишти… Ары карай жабылган каалганын бери карай качан ачылары абдан создукту. Мына, бир кезде гана каалга акырын ачылып, замбил көтөргөндөр. Доктордун мурду коркоюп, жүзү кара күрөң тарта түшкөн. Эл силкинди, бирде туурага, бирде артка термелип, доктордун абалы кандай экенин билип калыш үчүн ар бири мойнун созуп карап жатты. Бирок доктор сүзүлүп гана кыймылсыз. Аны «Тез жардам» эл көзүнөн жашырды да, чымылдаган боюнча жүрүп кетти. Машинанын жөнөшү элди кайрадан дуу көтөрдү. Бул жолку дуунун себеби - элдин ортосунда курчалып калган жанагы аты аталган Каным деген келин болду. Келин врачтар менен замбилди тутамдашып чыккан. Жанараак эл, көңүлдөрү доктурга алаксып, келинди байкашпаса керек?..

Түйүлгөн муштумдар, кычыраган тиштер.

Келин коркконунан титиреди. Акшыйган көздөр, сурданган жүздөр жакындагандан жакындап, келин шакек ортосунда туюкталгандай. Деми тарып, айласы түгөнгөнүнөн бет аарчысы менен жүзүн басты, эчкирип ыйлап жиберди».

Дагы караңыз «Башка аялдан дагы бир балам бар...»

Келинде эмне күнөө? Бирок жаалданган көпчүлүк коймокпу. Анын артында ууланган Кубаттын уулу Марат турган, улуусу Бектен ошол кезде жок экен. Мунусу кичине, жети жашта, бала эле бойдон. Былтыр апасы өлгөндө ыйламак турсун балдарга кошулуп ойноп кеткен. Ал эми медайым Каным аялы өлүп жесил калган кесиптешине жардамдашып, үйүнө кол кабыш кылып турчу. Ошол жети жаштагы Марат чогулган элдин эмнеге Каным эжесине каарын тигип, ачуусу келип жатышканына таңданып карап алды. Анан үңүлдөп ыйлап аткан эжесине келип, тигини капталга түртүп өйдө тартты. Жаалданган көпчүлүккө ушул түшүнүксүз болчу. Атасын уулантты деген эжесине ыктап атканы айылдыктарды биралдын таң калтырып, башкалары анын балалыгына шылтап, «эмне болгонун билбей атат го» дегендей болушту.

Иштин жөн-жайы тактала электе эле ким күнөөлү экенин аныктап, эми айыпкерди жалпы элдин көзүнчө эстен кеткис кылып жазалоо гана калган болчу. Жаалданган көпчүлүк жазалап да иймек. Бейкүнөө тестиердин эжесине ылым санап, ага боор тартып турушу көпчүлүктү токтотуп турду. Ал болбосо эмне болорун ким билет? Дарыгердин баласынын адаттан тыш мамилеси чогулгандарды токтотуп, баары маңыроо тартып туруп калышты.

Жаалданган көпчүлүктүн сүрүнөн өзүн жоготуп, анын үстүнө капыс жерден жакшы көргөн адамынан ажыраган медайым ыйдан бошобой, «тур, эже» деген Мараттын сөзүн укпай калган. Эл баланы эжесинен ажыратып, ары көтөрүп кетишкенде да тиги «эжелеп» ыйлап, ыйы ансайын күчөп, көтөргөндөргө баш бербей, аны алып кетишсе эжесин уруп салышарын айтып, чатак салды. Ошондо тургандардын арасынан бирөө «келин эмне болгонун айтып берсин» деди. Баарын ый менен жууп салыш кыйын. Көздөрү каканактап шишиген келин чогулган элдин: «Айыбың эмнеде?» деген суроосуна «билбейм» деп кыска жооп кылып, анан: «Менин дары бергеним чын, бирок ал уубу, же уу эмеспи билбейм…» – деди.

Ошентип сырдуу окуянын бир түйүнү да табылат. Келин дары берген экен. Ал түштө, кечинде доктордун үйүндө тамак бышырып, анын балдарына жакын болуп алган тура. Келин докторго жаккысы келиптир. Ошон үчүн ички сырын жашырбай эл алдында айтып отурбайбы:

«Орой айтканда, эр кылып алсам деп эңсегем. Бул сезим менде, анын үйүнө барып каралашып жүргөндөн кийин ойгонду. Мен ошол күндөрү башымды жоготтум, күндүр-түндүр кыялымда жыргап: аны менен бирге жатып, бирге уктайм. Жакшы нерсемдин баары-жогун ага арнагым келчү. Бул мендеги жаңы, таттуу сезим эле, мурунку күйөөмө чыгарда да мындай болгон эмесмин.

Өз үйүмө баргым келбейт, доктордун үйүнөн кетким келбейт. «Кыз кезимде эмне үчүн жолукпадым экен» деп да ойлоп жүрдүм, ал түгүл менден мурун таап кеткен зайыбына ичим тарычу. Экөөнүн бирге түшкөн сүрөтүн дубал бетинен алда нече алып айыргым, же зайыбын бөлөк кесип таштагым келди. Бирок антүүгө колум кыскалык кылды.

Доктур болсо мага назар салмак түгүл көрбөгөн сыяктанды. Түрлөнтүп-түрлөнтүп, бал татырлыктай тамактарды жасаганыма да көңүлүн бурбады. Ошондо кыйкым издедим: тузун аз татыткым же караманча кор кылууну ойлодум. Бирок дале анте албай, «бир телтейген неме го? Жадегенде тамакты тыңдап жасай албайт» дейби, деп корктум».

Дагы караңыз Кечиккен автобус, үзүлгөн үмүт

Кыскасы, бу мээримдүү келин дарыгерди сүйчү. Армандуу дүйнө, бирок тигинде андай сезим жок болчу. Үйүнө келип жардам кылганы үчүн Кубат Канымга кээде рахмат айтып, болбосо акча берген учуру да болуптур. Махабат азабына кабылган селкиге акча кеппи. Ишинде жетекчиси, жумуш маалында делбиреген бийкечти какыс-кукус кылган мерес жигитке алоо сезими өчкөн келин уу бериши мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Бирок Каным катуу сөз укса деле, көңүлү чөксө деле балдарды ойлоп түтпөй, доктурдун үйүнө барып, балдарга тамак жасап, кир-когун жууп, аларга апа ордуна апа болуп жүрө берди. Кээде арасат ойлор пайда болчу. Арасат болуп калбадыбы: «Баары бир жакпайм,— мен кимге керек элем»— деп ойлой баштадым».

Уйку дарыга кызыкпагыла!

Медайым ийибеген жигитти өзүнө буруш үчүн балдарын колго алууну ойлойт. Кичинекей баласын «апа, апа деп чакырсаң» деп алдап, бала да, тиги бир-эки жолу аны «апа» деп иет. Канымга ушул жетиштүү болчу. Анын бул аракетин дарыгер Кубат көрбөй-сезбей койду. Эми эмне кылса? Чоң уулу Бектенден үйдө чай жок экенин угуп, чай апкелип кайнатып, картөшкө кууруп, жумушка бара турган убагы болгонун айтып биринчи ирет «Кубат» деп чакырса да тигил ойгонбойт.

«- Ойгон, ойгон… Кубат,— деп эрденип туруп биринчи жолу атынан атап чакырдым. Козголбоду. Мага баарын билип, баарын туюп эле жаткансыды. Колум кийимине эле жакындаса денем дүрт-дүрт этет.

- Кубат, Кубат…— деп дагы чакырдым. Бир кезде катуу түртүп жибердим. Бирок дале жата берди. Былк этип да койбойт. Жүзүнө карадым: кара-көк… Анан эмне болгонумду билбейм. Ой келди эле бетин, маңдайын, көкүрөгүн… колум менен бастым. Денеси жылымсык тартып муздап баратыптыр. Элди чакырдым. Доктордун өз аспаптары күзгүнүн суурмасында сакталарын билчүмүн, деги бүтүн үйдү билип, тейлеп калгам…

Анан ийне сайдым…»

Чогулгандарды келиндин айткандары ынандырбады. «Эмне ичирдиң эле?» Каным оозуна чай куйганын, ийне сайганын айтып, титиреп башка сөзгө келбеди. Айылдыктар Канымды ортого алып, айыптууну эми жазалайын деп жатышканда доктурдун чоң уулу Бектен көрүндү. Ошондо Марат чуркап барып агасына бирдеме деп шыбырады. Кебетеси, атасынын ууланып калганын айтты окшойт. «Баланын үнү кардыгып, буулугуп, сүйлөйүн деп сүйлөй албай энтикти». Анын өңү көпкөк болуп чыкты. Жанатан бери элди дүрбөтүп аткан сырдын түйүнү ушул жерде чечилди. «Дарыны атама мен бергем да!» Башка сөз айтпады. Чогулган көпчүлүк ортого алганда ал болгон окуяны айтып берди.

Дагы караңыз «Зөөкүр күйөөсүн жоктогон жеңем...»

«Дайым жатар алдында суусун ичет. Мени кээде ичесиңби деп чакырат. Экөөбүз тең ичебиз. Анан жатканыбызда оозу-башымы ушалап, кыйт-кыйт деп күлдүрөт. Кантип эле уктап кеткенимди билбейм. Аба гана оор тартчу болду. Демим ичиме кысылып, үй жымжырт гана болуп калганын сезип жүрдүм. Эмне үчүн мындай? Аба мурун оор эмес эле го деп жүрдүм, атаман да, эжемен да сурадым. Билишпейт экен.

Бир күнү атамдын амалын туюп калдым. Көрсө аз-аздан уктатчу дары берип жүрүптүр. Уурдап алдым дарысын. Чөнтөгүнө салып койгонун көргөм. Билип калабы дедим эле, мени алат деп ойлободу окшойт.

Чөнтөк, суурмаларды тинтип, издеп жатканда эшикке чыгып кеттим. Эми атам баары бир ичпейт эле… Мен болсом тикчийип, үстөлдүн жарыгында ишине үңүлгөн атама карап — сени элеби! Эс алгың келбейт ээ?— деп эптеп ыңгай издеп жүрдүм. Эң аягында бүгүн чай ичирип жатып дарыны кошо чылап бергем. Көп бергем, көпкө дейре уктасын деп…»

Баланын иши чала, атасын аяп уйку дарысын көп берген дарыгердин трагедиясы ушундай. Ким билет, бала дары кайда катыларын, аны эмне үчүн атасы чөнтөгүнө салып жүрөрүн билбесе бул капыс кырсык болбос беле? Чыгарма тууралуу бир жактуу бүтүм чыгарыш кыйын. Дарыгердин ууланышы бир топ социалдык-психологиялык жагдайларга байланышкан, баласы байкатпай салып койгон уйку дарыдан Кубаттын аман калар-калбашы белгисиз. Жазуучу жөнөкөй турмуштук окуя аркылуу бири экинчисине байланышкан бир топ проблемаларды сууруп чыгат.

Социализм доорунда Дайырбек Казакбаевдин «Ала-Тоо» журналына жарыяланган «Бир болгон окуя» аңгемеси да идеялык жагынан бузук чыгарма катары адабий жыйындарда байма-бай сындалып, автору бир топ жыл басынып жүрдү эле. Андай ур-токмокко Т. Сыдыкбеков, Т. Касымбеков, Ш. Абдыраманов, А. Саспаев, М. Мураталиев, К. Сактанов, Т. Акматов сындуу сүрөткерлер туш келип, ачык-тымызын басым-кысым алдында жүрүшкөн.

Дайырбек Казакбаев Москвадагы Адабият институтун аяктап, ошол жерден аспирантураны бүтүрүп, философия илимдеринин кандидаты болуп, көркөм-эстетикалык проблемаларды иликтеп жүрдү. Адабият күйөрмандарына ал социалдык курч проблемаларды козгогон чыгармалары аркылуу жакшы тааныш. Совет адабиятында анчалык кеп болбогон абак жайын, түрмөдөгү турмушту, ак жеринен айыпка жыгылган жигиттин үй-бүлөсү туш келген азап-тозокторду жазган чыгармасы ушу азыр да эстетикалык жамалын жогото элек. Жазуучунун социалдык жигердүүлүгү коомдук курч проблемаларды тартынбай козгоп, аны окурмандын сотуна коюшунан көрүнөт го.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.