"Башкарма кыз бактысын Алайкуудан тапты"

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева.

Кыргыз китепкөйлөрүнө Зуура Сооронбаева чиелешкен сюжетке негизделген кызыктуу романдары, повесттери аркылуу жакшы тааныш. Айрыкча анын “Жетимдер”, “Астра гүлү”, “Чоочун кишиси” бир нече ирет басылып, ушу кезде чейин окумдуу чыгармалардын катарынан түшпөй келатат. Жазуучунун аңгемелери менен поэзиясы андай тагдырга туш келген жок. Окуяны кызыктуу, сюжеттик чечилиштерди татаалдаштырып, фабулага ык коюу жагынан Зуура Сооронбаевага атаандаш чыкчу авторлор аз эле. ​

Эненин тилеги – баланын жоругу

Сүйүшкөн эки жаш үйлөнүү тою жакындаган сайын жүрөгү алып учуп турганда ойдо жок окуяга туш келишет. Келин болор кызды издеп жигиттин энеси жатаканага келиптир.

“Аялдын кабагы кызга салкын учурады. Экөө ээрчише басып, обочо жерде турган скамейкалардын бирине келип олтурушту. Даныкедей уулду төрөп өстүргөн мээрбан аял менен эне-балача сүйлөшүү кыз үчүн кол жеткис бакыттай сезилди. Бирок кыз жүрөгүн тынчсыздандырган эненин салыңкы кабагы болду. Бир демге унчугушпай тымтырс олтурушту. Аял манжаларын кармалап, тынчы кетип олтурган кызга бурула карап минтип сурады:

– Сени менин уулум менен сүйлөшүп жүрөт деп угам. Ошонун чын-төгүнүн билгени келдим эле. Таанып жатасыңбы, Даныкенин энесимин.

Кыз көңүлүндө чындыкты айтууну ойлоду. Анткени жакында Даныке экөөнүн үйлөнүү тою болгону жатпайбы. А балким, мени менен атайын сүйлөшкөнү, кеңешкени келгендир. Ушинтип ойлогон Сатина аялды алдыртан жымыя бир карап алып чечкиндүү, шар жооп берди.

– Даныке менен сүйлөшүп жүргөнүмдү башкадан жашырбаган, сизден жашырат белем. Укканыңыз туура. Чын айтып жатасыз.

– Сага ал аялы бар экенин айтты беле?

– Эмне?! – Кыз ордунан учуп туруп, аялды алая карады. – Эмне дедиңиз? Кайта айтыңызчы? Мен жакшы укпай калдым.

Аялдын үнү кекээрлүү чыкты:

– Даныкенин колуктусу бар деп жатам сага.

– Жалган. – Кыйкырып жиберди.

– Калп айтып жатасыз. Ишенбейм. Даныке башкага калп айтып алдаса да, мага жалган айтпайт. Биз бири-бирибизди үч жылдан бери билишебиз.

– Э кагылайын, ага ишенип, аны тууп өстүргөн ак чач энесине ишенбейсиңби? Катын кетирип, катын алат деген оюнчук эмес, кызым. Сен жөнүндө угуп жаштыктыр, мастыктыр деп жүргөмүн. Акыры бир күн эсине келер деп ойлогомун. Азыр да кеч эмес, кызым.

– Жок, жок, жок ишенбейм. Такыр ишенбейм. – Кыз башын мыкчый кармап туна түштү. «Эмне болуп турам? Өңүмбү чын эле. Ой кудай ай, түшүм болуп ойгонуп кетсемчи» кыз ушинтип ойлоду. өңү самандай саргайып, көздөрү канталап оттой жанат."

Иллюстрациялык сүрөт.

Эненин сөзүнө айныксыз ишенген кыз Даныкеден биротоло кол үзүп, кат жазып таштайт да айылына кетет. Уккан кебинин чын-бышыгын сүйгөнүнүн өз оозунан угуп, тактоо оюна келбейт. Жуп тою болордо сүйгөн кызынан ажыраган жигит эмне кыларын, ачуусун кимден чыгарышты билбей, кыздын таштап кеткен катын окуйт. Көрсө кылгылыкты энеси кылган экен. Неберелери менен жесир калган сулуу келинин кетиргиси келбей, чалы экөөлөп уулуна баш байлап коюуну чечип, энеси ушул ишке барыптыр. Аны билбеген Сатина “котур ташы койнунда” жүргөн жигит менен мамилесин үзүп, “тааныбаган бирөөгө турмушка чыгып кетүүгө аргасыз” болгонун жазып четке чыга берет. Бир мүнөз Даныке ачуусун энесинен чыгарат.

“- Тфу, ушундай ишке кантип дитиңер барды? Уулуңдун гүлдөп турган өмүрүн биротоло солутайын деген экенсиң да. Мен мындан ары силер менен эне-бала, бир тууган болуп ушул үйдө турат же кайрылып келет деп турасыңарбы?

– Байкуш жетимчелеримди башка атанын көзүн кантип каратам деп олтурасың. Жаш катын эрге тийбей карап турабы? Өмүрү кыска шордуу баламдын арбагын сыйлар деген элем сени.

– Арба-а-к! Ар-б-а-ак! Жакшыдан калган керээз! А менин келечегим эмне болот? Угуп кой, эне, эми Сатинадан кийин агамдын жесири эмес, кыз албаймын.

– Күнүмдүк кызыкчылыгыңды ойлоп чокко салба, балам, мени. Кызылгүл деген кызылгүлдөй кулпунган эле татынакай жаш келин. Катын менен катындын эмне айырмасы бар экен.

– Эмне-е-е! Акылыңдын жеткен чеги ушул болсо керек. Шумдук. Мынчалык болуп кетет экен деп ойлогон жок элем.

– Сен ойлобосоң биз ойлоп койгонбуз. Кызылгүл үчүн канча чыгымыбыз чыгып, калыңды кандай бергенди унутуп калдыңбы? Ошончо акчаны, ошончо дүнүйөнү берип коюп, бизди таш жалак калса деп турасыңбы, намызсыз. Кой, балам, ата-эненин азары жаман болот. «Ачуу шайтан, акыл дос», – дейт. Ойлон, кагылайын.

– Болду. Ойлонуп бүткөм.

– Жок. Али ойлонуп бүтө элексиң. Баары бир Кызылгүлдү аласың.”

Ата-энесине таарынган жигит катуу ооруп калат, андан жакшы оңоло электе арак иче баштайт. Сюжеттин жүрүшү ушул жерден кескин бурулушка өтөт. Ичкиликке берилген Даныкенин бары-жогу билинбей калган чакта анын айылына Сатина кыз колхоз башкармасы болуп келет.

Жанданган сүйүү

Ал айыл чарба институтун бүткөндөн кийин айылында бир аз убакыт агроном болуп иштептир. Анан партиялык кызматка өтүп, эми минтип алыскы Алайкууга башкарма болуп келген кези экен.

“Сатина бул жерге келип кеткенден баштап, Даныке өзгөрдү. Мурдагыдан да токтоо, мурдагыдан да коймаарек тартып кетти. Ачылбаган кабагы ого бетер ачылбай, түнөргөндөн түнөрөт. Мурдагысындай ичкиликтин да артынан түшпөй калды. Ал ойлогон оюн, санаган санаасын, көөдөнү толгон кайгы-муңду, Сатина үчүн тарткан азап-тозогун жыйынтыктай албай убара. Сатина менен беттешерин же беттешпесин билбей дел болуп жүрдү. Бир кезде өзү сүйүп, өзү үчүн күйүп жүргөн өз бактысынан өзү сүрдөнгөнсүйт. Сатинаны көргөндөн бери мурунку күйүтүнөн азыркы күйүтү ашып түштү. Жатса турбай, турса үйгө байыр алып олтурбай туш келди баса бере турган адатка жолукту. Жүрөктүн тереңинен мүргүгөн бир кусалуу күч аны Сатинаны көздөй жетелейт...”

Бетме-бет келип ачык чечип алчу иш ошентип татаалдашып, бир жагында жигит, экинчи жагында чарба жетекчиси болуп калган селки азап тартып, сюжеттик чечилиш дагы тереңдейт. Окуянын кызыгына, баяндоонун фабуласына ык койгон сүрөттөөнүн табияты ушундай, окуядан окуя уланып кете берет. Ошон үчүн бир айылга келип калган эки жаштын жолугушуусу кыйын ишке айланат.

“А Сатина болсо Даныкенин атын, Даныкенин элесин өзүнөн оолактата убара. Ал түнү бою ошол жөнүндө ойлоп, өткөн күндөрүн эстей берип кирпик ирмебей чакыйып чыккан. Азыр да көзүнө Даныкенин элеси машине менен тең жарышып, жолдун ортосунда бирде күңүрт, бирде даана көрүнө түшүп келатты”.

Даныкенин алдында кыз айыптуу болчу. Иштин чын-төгүнүн тактабай, сүйүүсүн таштап баса берген. Кайып-каскагынан Ысык-Көлдөн Алайкууга кызматка которулуп келбесе ал Даныкенин айыпсыз экенин билмек деле эмес. Билгенден кийин кыздын санаасы жалаң жигитине бурулуп, чарба иштери унутта калат.

“Ой-санаасы Даныкеде. Өткөн сүйүүсү, өткөн махабаты жылт этип оттуктун алсыз учкунуна окшоп жүрөгүн каптап өттү. Ага өзүндө боор оору сезими пайда боло баштаганын сезди. «Оо, менин жазыгы жок алтын Даныкем. Сен менин күнөөмдү, кайрылып кабарыңды албаган көктүгүмдү кечирип кой. Энеңдин сөзүнө ишенбедимби. Өз баласына өз энеси душмандык кылат деп кайдан ойлодум. Көрсө, сени бактысыз кылган энең экөөбүз күнөөлүү турбайбызбы. Кудая тобо, сен ушундай асыл адам экенсиң ээ, Даныке?!» Сатина улам өткөн күндөргө сүңгүп кирип, кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экендигин таразалап ойлогон сайын Даныкеге жеңилип баратты”.

Иллюстрациялык сүрөт.

Ойдо жок жерден опсуз тоскоол жаратып алган эки жаштын баш кошору, бирин-бири кечирип бактылуу болору аңгеменин финалдык бөлүгүндөгү бир эпизоддон улам ачыкка чыгат. Даныке башкарма кызды узатып үйүнө келип, эшиктен кире албай тартынчыктап атканда “Сатина болсо, «кире бер» дегендей, каруусунан кармап” колдоосун билгизет. Бул күттүргөн эки жаштын махабаты турмуштук тоскоолдуктарды жеңип, бирин-бири табышканын белгилеген кез эле.

Зуура Сооронбаеванын улут адабиятындагы орду, кара сөз жаатындагы чеберчилиги жайында жазуучу Топчугүл Шайдулаева ой жүгүртөт:

- Зуура эженин чыгармаларынын аягы жакшылык менен бүтөт. Окурман ошого канааттанат. Карапайым адамдардын жашоосун, өзүбүз көргөн турмушту ушу күзгүдөн көргөндөй кылып айтып берген жазуучу эжебиз эле. Сооронбаеванын чыгармаларына адабиятчылардын берген баасы башкадыр, бирок Зуура эженин чыгармаларын издеп жүрүп окугандар абдан көп, муну да айтышыбыз керек. Жазуучунун окурманды өзүнө тарта алгандыгы, болгондо да эмоционалдуу таасир бергени жакшы белги.

“Аялдар прозасы” жалаң эле оруста эмес, дүйнө адабиятындагы өзүнчө бир багыт. Кайсы бир өзгөчөлүгү бар үчүн "аялдар прозасы" деп аталат. Кыргыз адабиятында мына ушул аялдар прозасынын калыптанышында Зуура эженин чыгармачылыгы чоң мааниге ээ. Айым Айтбаева деген кара сөз чебери бар эле. Азыркылардан Меңди Мамазаирова жакында эле жаңы романын жарыялады. Бирок, салыштырмалуу алганда, кыргыз адабиятында аялдар прозасы өзүнчө багыт катары өзүн толук көрсөтө элек. Аялдар чыгармачылыгына тиешелүү өзгөчөлүктөр, албетте, бар. Зуура эжеде да андай сапаттар көп болчу, ички көркөм маданият, чыгармачылык дымак күчтүү болчу. Жазып атканда эле окурманды, анын кабыл алуусун ойлойт, анан ички тартип, цензура деп коёбуз го, эмнени ойлоп турсаң ошонун баарын эле жаза бербейсиң. Миң өлчөп, толгонуп атып жаратат. Зуура эже турмушту позитивдүү ыңгайда сүрөттөп берчү.

Зуура Сооронбаева чиелешкен адам тагдырларын, ортодон чыгып калган тоскоолду кыйынчылык менен жеңген каармандардын узун сабак баяндарын чечмелеп берүүгө ык койгон сүрөткер болчу. Бул сапат анын “Сатина” аңгемесинен да байкалып турат. Сүрөттөөнү динамикалуу, окуяларды кызыктуу кылыш үчүн жаңыларын таап киргизүү, сюжеттик кескин бурулуштарды кошуп, жыйынтыгында адилеттик менен адамгерчиликтин салтанат курушуна жетишүү жазуучунун көркөм ыкмасына мүнөздүү сапаттардан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.