Орусиядагы үрөй учурган согуш

1922-жыл. “Ачка болгон орус аялдары” АКШнын гуманитардык жардам берген кызматкерине чөгөлөп турушат. Большевиктер беш жылдык салгылаштан кийин жеңип чыккан учур.

Жарадар болгон большевик аскери, 1919-жыл.

1921-жыл. Орусиянын Самара облусундагы аял өлүп бараткан күйөөсүн карап турат. Бул көрүнүштү Американын Кызыл чырым уюмунун белгисиз сүрөтчүсү Орусияга келип, жарандык согуш жана андан кийинки ачарчылык каптап турган учурду тартып алган.

1919-жылдагы жүдөгөн большевик жоокери. Жарандык согуш негизинен Лениндин коммунисттик большевиктерге ыктагандар (же күч менен тартылгандар) менен төңкөрүшкө каршы турган падышалык ак гвардиячылар ортосунда жүргөн.

“Ак гвардиянын” аскерлери. Алардын айрымдары “казак” баш кийимин кийип алышкан.

АКШ аскерлери немистердин лагеринен бошотулган орус аскерлерине бут кийим таратып жатат. Кошмо Штаттардын мындай гуманитардык жардамын биринчиден, адамдардын муктаждыгын камсыз кылуу, экинчиден, Орусиянын Биринчи Дүйнөлүк согуштан сакталып калуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашы, үчүнчүдөн, америкалык тараптын үгүтүнүн эң таасирдүү формасы менен түшүндүрүүгө болот.

1919-жыл. Америкалык жоокер түндүк Орусиянын чек ара тозотунда күзөттө турат. Америкалыктар адегенде 1917-жылдагы падышалык төңкөрүштү өздөрүнүн 150 жылдай мурда болгон революциясына окшоштуруп кубанычтуу маанайда кабыл алышкан.

“Орустар үчүн АКШнын тамак-ашы” Гамбургда кемеге жүктөлүп жатат. 1917-жылкы революциядан кийин “Эркин Америкадан эркин Орусияга карай” деп жазылган 50 миң ящик коюлтулган сүт (сгущенка) жөнөтүлгөн.

Архангелскидеги АКШнын башкы кеңсесинин тепкичинде “ачкадан өлөйүн деп калган” орус дыйканы. 1918-1919-жыл. АКШнын большевиктерге карата “убакыт көрсөтөт” деген өңүттөгү мамилеси коммунисттер бийликти колго алгандан кийин бузулуп кеткен. Кошмо Штаттардын аскерлери Британия жана башка Биринчи Дүйнөлүк согуштагы өнөктөштөрү менен бирге “Ак гвардияны” колдоого ала баштаган.

Америка аскери Архангелскиге жакын жердеги Американын чек ара тозотуна киргенге аракет кылган большевиктердин жоокерин аткандан кийин, анын камуфляжын көрсөтүп жатат.

Ачка отурган орус жоокери. Бул сүрөттүн түшүндүрмөсү бүдөмүк. Бирок Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин, Америка Кызыл чырымынын негизги тапшырмаларынын бири туткунга түшкөн орус жоокерлерине жардам берүү болгон.

Орус жоокери чачын тегиздетип жаткан учур. Кызыл чырымдын кызматкерлери туткундан бошогон орус жоокерлерин Орусияга кайтканда “Германияны жек көрүүгө, Орусиянын учурдагы бийлигине каршы турууга, Америкага ыраазы болууга” үндөшкөн.

Харьковдо табылган сөөктөр. Падышанын бийлиги шаарды большевиктерден тартып алган учур. 1919-жыл. Орусияда жарандык согуш учурунда өлгөн адамдардын саны миллиондон ашат.

1919-жылы большевиктер чиркөөдөн тоногон кымбат баалуу буюмдар. Айрымдар ыйык деп санаган нерселерге большевиктердин акылга сыйбас кастык мамилесин көрсөтүш үчүн булар Кызыл чырымдын кызматкерине өткөрүлүп берилген.

Петр Врангел “Казак”. “Ак армиянын” эң күчтүү командирлеринин бири болгон. 1919-жылы тартылган сүрөт. Врангел “Ак армия” жеңилери белгилүү болуп калганда Орусиядан качып кеткен. 1927-жылы Брюсселде өлгөн.

“Ак армиянын” аскерлери Британиянын шлемдерин кийип турат. Батыштагы өнөктөштөрү актарды “ыплас бабуиндерге” жана коммунисттик большевиктердин зомбулугуна каршы колдоп турушкан. Ал эми “Ак армия” өз алдынча “ак террорун” жүргүзгөн. Актар тарабынан антисемисттик зордук-зомбулукта он миңдеген орусиялык өлтүрүлгөн.

“Ак армиянын” Харьковдогу үгүт плакаты. “Ак армиянын” бир аскери орустарды “еврей-коммунисттердин жүрөгүндө жашаган жаман күчтөрдү” жок кылууга чакырып жатат.

Большевик лидерлери жана алардын аял стенографтары Томскиде кармалгандан кийин. Эркектери кийинчерээк өлүм жазасына тартылган.

Чикаголук жоокер орусиялык качкын балдар менен Кызыл чырымдын кемесинде.

1920-жылы Орусиядан Түркияга келген качкын балдар. Коммунисттер Орусиянын элитасын “мурдагы эл” деп атап, большевиктердин бийлиги бекемделгенден кийин аларды өлкөнүн ичинде каардуу тагдыр күтүп турган

Ачарчылыкты көргөн жети жаштагы бала. 1921-жыл. Орусиянын Самара облусу. Согуш бүтөрдө Орусиянын экономикасы оор абалда болгон. Большевиктердин дыйкандардан буудайын күчтөп тартып алган “согуш коммунизми” миллиондогон орусиялыктарды айласыз кырдаалга туш кылган.

Ачарчылыктан өлгөндөрдүн жыйылган сөөктөрү отун сымал жыйылып турат. 1921-жыл. Биринчи дүйнөлүк жана жарандык согушта өлгөндөргө ачарчылыктан өлгөндөр да кошулары күтүлүп жаткан. Самара облусу. (Сүрөт эл аралык Кызыл чырым уюмунуку)

Американын Кызыл чырым уюмунун фотографтарынын сейрек кездешкен сүрөттөрүнөн Орус империясын кыйраткан кыйын учурдун көз ирмемдерин көрүүгө болот.