Чылымдын экономикага тийгизген тоодой зыяны

Дүйнөлүк банктын эсептөөсү боюнча мындан жыйырма жыл мурда глобалдык экономика үчүн чылым тартуу жылына 200 миллиард доллар зыян алып келчү, азыр бул сумма 500 миллиард долларга чыкты.

Тамеки адамдын ден соолугуна жана чөнтөгүнө зыян келтиргени аз келгенсип, дүйнө экономикасына да опол тоодой чыгым келтирүүдө дешет аналитиктер.

Чылым ар бир чеккен адамдын жеке бюджетине өмүрүнүн аягына чейин 1 миллиондон 2 миллион долларга чейин зыян алып келиши ыктымал деген макала жакында эле Time журналында жарык көрдү. Американын өпкө саламаттыгы багытындагы уюмунун маалымдоосу боюнча, бул өлкөдө чылым тартуудан улам өпкө ооруларына чалдыгып, каза болгондордун саны жарым миллиондон ашты. Ал эми глобалдык экономика чылымдын айынан тарткан зыян 500 миллиард долларга чыкты деп кабарлайт Time басылмасы.

Американын ар кайсы штатында чылымдын баасы ар кандай болгондуктан, анын элдин экономикасына тийгизген таасири да ар башка. Wallet Hub бирикмеси АКШнын штаттарындагы чылымдын баасын анализдеген. Маселен, Виржиния штатында бир куту тамеки 5,25 доллар турса, Мичиганда 8, Нью-Йоркто 13 доллар. Чылым канчалык кымбат болгон аймактарда элдин аны сатып алуусу да ошончолук жогору экенин белгилейт Wallet Hub бирикмеси. Америкада жашаган ар бир киши эгерде орто эсеп менен Мичиган штатындагы баага чылым сатып алып тарта берсе, анын зыяны ар бир адамга 1,9 миллион доллар болот. Аляскада бул сумма 2 миллионго чыккан. Жалпысынан АКШ экономикасы чылымдын айынан 2013-жылы 333 миллиард зыян тартты деп кабарлайт Американын өпкө саламаттыгы жаатындагы уюму.

Ал эми Улуу Британияда 2014-жылдагы эсептөөлөр боюнча жогорку сапаттагы тамекини сатып алган адам жылына 2 миӊ 900 фунт стерлинг коротот, акыркы он жылдан бери бул өлкөдө чылымдын баасы 80,2 процентке көтөрүлгөн. 2013-жылы Британияда 18,7 миллиард фунт стерлинг суммасындагы чылым сатылган. 50 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөдөн улам Англияда чылым тарткандардын үчтөн эки бөлүгү өпкөнүн рак илдетине кабылып каза табышкан. Ооруканага кайрылган 25 жаштан өткөн 1,6 миллион адам чылым тартуудан улам келип чыккан оору менен жабыркап, саламаттыкты сактоо тармагынын каржысына да бир топ сокку урулууда дейт ASH изилдөө борбору.

Чылым тартуунун Кыргызстандагы зыяны канча?

Кыргызстанда чылым тартуу экономикага канчалык зыян алып келип жатканы азырынча изилдене элек. Күн сайын эки кутудан “Парламент” үлгүсүндөгү чылым тарткан Улан Бакелов жылдык чыгашасын мурда изилдеп көрбөгөнүн, чылым менен арактын баасын көтөргөн менен аны сатып алуучулардын саны азайбайт деген ойдо.

- Мен бир күндө 65 сомдук “Парламент” тамекисинен эки куту тартам. Бул орточо тартканым. Кээде андан көп, же аз болуп калышы ыктымал. Чылымдын баасы анын сапатына жараша бизде ар башка. Мисалы, эӊ арзан “Полет” деген куту 25 сомдон. Эӊ кымбаты 125 сомдук деп билем. Жакында эле теледен чылым менен аракты тыйыш үчүн анын салыгын жогорулатат деген кабар уктум. Бирок бул эки нерсенин салыгын же баасын жогорулатып, аларды колдонгондорду тыя албайт болушубуз керек.

Чылымдан улам АКШнын саламаттыкты сактоо тармагы жылына 96 миллиард, Германияныкы 7 миллиард, Австралияныкы 1 миллиард доллар зыян тартууда. Чылым тарткандан улам келип чыккан өрт кырсыктарынан Америка жылына 27 миллиард зыян тартат.

Дүйнөдө чылымды эӊ көп тарткан өлкөлөрдүн башында Кытай, Орусия, АКШ, Жапония жана Индонезия турат. Кытай дүйнөдө өндүрүлгөн тамекинин 35 процентин чегет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чылым чыгарган компанияларды чылымдын баасын көтөрүү талабын ар дайым коюп келет. Жылына чылым тартуудан дүйнөдө 6 миллион киши каза табат. Алардын үй-бүлөсү тарткан экономикалык зыян азырынча изилдене элек.