Forbes басылмасы 2014-жылы жыйырмага чыкпай туруп, миллионер болгон 40 жеткинчектин тизмесин чыгарган. Алардын башында 10 жашынан тарта күлкүлүү сүрөттөрдү тартып жүрүп пайда тапкан Жулияз Бриндак турат. Анын кирешеси 14 жашка чыккыча 15 миллион доллар болгон.
Шотландиялык Фрейзер Дохерти аттуу бала 14 жашынан тарта чоӊ апасын туурап мөмө-жемиштен кыям жасап сатып, буга 9 миӊ доллар инвестиция жумшап, аз убакыттын ичинде кирешеси миллион доллардан ашкан. Анын кыям рецепттерин жазган китебине азыр да суроо-талап күчтүү.
"2013-жылы Бангладеште 1100 жумушчу фабрикада кырсыктан улам каза тапкан окуя эл аралык коомчулукта кызуу талкууга алынган. Мунун себеби каза болгондордун арасында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн да иштегенине байланыштуу", - дейт Huffington Post басылмасы.
Бириккен улуттар уюмунун Балдарды коргоо фондунун маалымдоосу боюнча, дүйнө жүзүндө 5 жаштан 14 жашка чейинки 150 миллион бала иштеп акча табат. Алардын дүйнөлүк экономика менен өз үй-бүлөсүнө алып келген кирешеси толук саналып, тактала элек. Мунун себеби, балдардын эмгегин колдонуу көп өлкөдө мыйзамсыз болгондуктан, наристелерге төлөнгөн акча да көмүскө экономиканын бир бөлүгү болуп калууда дейт UNICEF.
Эл аралык Эмгек уюмунун маалымдоосу боюнча, дүйнө жүзүндө иштеген балдардын жалпы кирешеси жылына болжол менен 760 миллиард долларга жетет. 2020-жылга чейин бул сан 5,1 триллионго чейин өсүшү ыктымал дешет аналитиктер. Бул уюм UNICEFтен айырмаланып, азыр дүйнөдө иштеп киреше тапкан балдардын санын 246 миллион, же ар бир сегизинчи бала үй-бүлөсүнө киреше алып келет деп белгилеген.
Кыргыз балдар да кем калбайт
Кыргызстанда да үй-бүлөсүнө жаштайынан жардам берүү ар бир балага бешиктен эле үйрөтүлөт. Балдардын чарбада аткарган ишинен тышкары көптөрү өспүрүм кезинде иштеп, акча тапканга акыркы мезгилде көбүрөөк умтулуп, буга жеке эле жакыр үй-бүлөдөн чыккандар эмес, кирешеси жакшы ата-энелердин балдары деле өз алдынча акча табууга кызыкдар боло баштаган тенденция улам күчөп жатат дейт Социология илимдеринин профессору Топчугүл Шайдуллаева:
- Кол арага жараган, тирикарак балдар азыр иштеп эле жатышат. Ал тургай колунда бар үй-бүлөнүн балдары деле сабактан тышкары учурда өзү акча таап, үйүнө кирешеси алып келгиси келген жаӊы баалуулук, жаӊы түшүнүк пайда болду да. Эми бул балдардын эмгегин эксплуатациялоо, аны аша чаап колдонуу же укугун бузуу дегендикке жатпайт. Эзелтен эле дүйнөлүк экономикада баланын эмгегинен киреше табуу практикаланып келет. Азыр да мунун жакшы өздөштүргөн өлкөлөр көп. Бирок ошол иштеген балдардын укугун бузбай, алардын өз жашына жараша иштерге салуу жана ден соолугуна зыян алып келбегендей шарт түзүп берүү деген маселе турат. Ушул шарттар каралганда балдардын жаштайынан иштеп акча табуусунда эч кандай жаман деле нерсе жок.
Социалдык өнүгүү министрлигинен буга чейин "Азаттыкка" кабарлашкандай, акыркы эки жылда Кыргызстанда ишке тартылган балдардын саны 70 пайыздай азайган.
Расмий маалыматтар боюнча алардын саны 2552. Көбү базарда жана талаа жумуштарында жалданып иштейт.
Бирок "Балдар укугун коргоо” лигасы азыр өлкөдө 40 миңге жакын бала иштеп жүргөнүн айтышат.