Теңизбаев: Күзүндө шайлоо кандай өтөрү билинип калды

Айбек Теңизбаев

«"Азаттыкта" айтылды» рубрикасынын коногу - саясат талдоочу Айбек Теңизбаев.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев 11-апрелде Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү тууралуу:

«Азыр эл кымбатчылыкта жашап жатат. Алар үчүн 1000 сом бир күндүк акча болсо дагы, өзүнүн добушунан пайда алып келгени үчүн тандоосун сатып жиберди. Элде бийликтен үмүт жок, баягыдай эле келет дешет. Андан көрө ушуну алайын дейт. Эми ушул абалдан акчасы бар партиялар пайдаланып жатат. Ал эми бийлик жоопкерчиликти алып, абалды түшүнүп оңдоого аракет жасаганы байкалбады. Демек, мурункудан сабак алган жокпуз. Жергиликтүү кеңеш добуш сатып алуу жана административдик ресурс коштолгону күзүндөгү Жогорку Кеңешке шайлоо кандай боло турганы белгилүү болуп калды».

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев менен маекти аудиодон толук уга аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Теңизбаев: Жакырчылык капчыктуу партияларга колдоо болду (аудио)