Темир жол курулса Кыргызстан эмнеден утат?

Президент Садыр Жапаров жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрү курулуш үчүн коюлган атайын ташты ачып, темир жол долбооруна символикалуу түрдө старт беришти. 27-декабрь, 2024-жыл

27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.

Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе Кытай лидери Си Цзинпиндин долбоордун башталышына байланыштуу кайрылуусун окуп, бул Бээжин үчүн маанилүү экендигине токтолду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун бул өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров долбоор үчүн коңшу эки өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болоорун жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.

"Бүгүн биз бул жерге Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун баштап, анын алгачкы ташын коюу салтанатына чогулуп отурабыз. Бул жолдун курулушу региондун транспорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүндө жаңы доорду баштай турган тарыхый окуя. Мен Кыргыз Республикасынын атынан өнөктөштөрүбүз Кытай жана Өзбекстанга бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга койгон ниети, кошо турган салымы жана туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу бул жөн гана транспорттук коридор эмес. Бул Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт", - деди президент Садыр Жапаров.

Мындан соң Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү курулуш үчүн коюлган атайын ташты чогуу ачып, долбоорго символикалуу түрдө старт беришти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үч өлкөнүн темир жолу Борбор Азияны өнүктүрөбү?

Жалал-Абад облусунда өткөн иш-чарага Садыр Жапаров баштаган кызмат адамдары, коомдук ишмерлер жана чет өлкөлүк дипломатиялык корпустардын башчылары катышты.

Жолдун ачылышына келген "Узбекистон темир йуллары" акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Хикматулла Рахметов темир жолдун келечеги кең экенине токтолду.

"Бул жүк ташыган эле жол болбойт. Жүргүнчү ташыган поезддер да Өзбекстандын, Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга барат деп үмүттөнөбүз. Биздин бир тууган эл үчүн бул абдан маанилүү күн".

Кыргызстанда кылым долбоору деп бааланып жактан стратегиялык долбоор ишке кирсе, ал Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганы айтылып келе жатат. Ал өлкөнү Борбор Азия аркылуу дүйнөлүк логистикалык түйүндөргө туташтырууну көздөйт.

Инвестиция боюнча адис Шумкарбек Адилбек уулу жолду соода үчүн да колдонуу керек деген пикирде.

"Логистикалык жактан алганда туңгуюктагы өлкөбүз. Кошуналардан запкы көрүп жүрөбүз. Бул маселенин чечилгени жакшы. Транзитке эле эмес, КМШ аркылуу сооданы өстүрүүгө да басым жасасак жакшы болмок. Анүчүн бажы, салык жактан жеңилдиктер берилиши шарт".

Ал эми Сузак районунун тургуну Бекболот Ибрагимов Кыргызстан адистерди даярдоого көңүл бурушу керектигин белгиледи.

"Кесиптик окуу жайлар ушул маселеге көңүл бурушу керек. Темир жолдо иштегенге атайын даярдыктагы адистерди даярдоону азыр баштаган оң".

Бишкекте түзүлгөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасынын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

"Логистика өнүгөт, адистер пайда болот"

Мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чөлкөмдүн экономикасы үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

Жамшитбек Калилов

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча соңку жыйырма жылдан бери сөз болуп, быйыл гана тараптар долбоорду ишке ашырууга бел байлашты. Бул жааттагы адис катары айтсаңыз, бул долбоордун Кыргызстан, дегеле чөлкөм үчүн мааниси кандай?

- Долбоор көп жылдардан бери сөз катары гана айтылып, бирок жүзөгө ашпай келген. Жол Кыргызстан гана үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Мен Транспорт жана жолдор министрлигинен кеткенден кийин "Кыргыз темир жолу" алдында темир жолдорду долбоорлоо боюнча дирекцияны жетектегем. Ошондо биз Торугарт-Ак-Сай-Макмал-Жалал-Абадды бул жолдун маршруту катары белгилегенбиз. Бул эң кыска бирок, шарттары өтө оор жол. Болжолдуу эсеп менен 100 чакырымдан ашык аймагын туннел, көпүрөлөр ээлейт. Андан сырткары бийик участоктордун болушу темир жолду эксплуатациялоону кыйла кыйындатат, көп каражатты талап кылат.

- Айрым экономисттер, президент өзү да өлкө бюджети жылына транзиттен эле 200 млн долларга толукталып турарын айтып жатат. Бул канчалык реалдуу жана долбоор өзүн канча жылдан кийин актайт?

- Жолдун өзүн актоосу көп мөөнөттү талап кылат, себеби жана айткандай курулуш иштери өтө оор шарттарда жүргүзүлөт. Бирок, Кыргызстан үчүн 200 миллиондон кем эмес доллар транзиттин эсебинен пайда алып келет. Албетте өз учурунда бул долбоорду ишке ашырууга саясий да экономикалык да маселелер тоскоол болгон. Бирок, мында эң маанилүүсү - жоопкерчилик. Аны ишке ашырууну мойнуна алган адам керек болчу. Президент Садыр Жапаров мындан башка да бир топ амбициялуу долбоорлорго жоопкерчилик алып, аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзүп атат. Мисалы Транспорт жана коммуникация министрлиги тиги же бул долбоорду ишке ашырып жатканда бири дагы ара жолдо аткарылбай калган эмес. Бул долбоор да ошондой эле ишке ашат, анын заман талабына жооп бергени да өтө маанилүү. Мында Балыкчы менен Кара-Кече барып Макмалга кошулуп, андан Жалал-Абадга кошулуп жатып, өзүбүздүн ички жолубузду куруп алабыз. Себеби Кара-Кечеден Макмалга чейин болгону 100 чакырым жол калат. Ошондуктан түндүктөн Чүйгө, түштүктөн Кара-Суу, Анжиянга такалган темир жолду өнүктүрүп кете алабыз, ал түндүк менен түштүктү байланыштырат.

- Кыргызстан тоолуу аймак. Муну эсепке алганда, курулуш иштерин жүргүзүүдө кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн? Себеби, Кыргызстанды басып өткөн 300 чакырым темир жолдо 25тен ашык туннел жана 42 көпүрө куруу керек экени айтылып жатпайбы?

- Кыргызстанда бул темир жол 300 чакырымды басып өтөт, анын дээрлик бардык участогу оор шарттарда жайгашкан. Бирок, курулуш аяктагандан кийин аны эксплуатациялоо маселелери сөзсүз чечилет. Болгону курулуш иштери жүрүп жаткан кезде сапатка көңүл буруу зарыл. Мен Транспорт министрлигинде иштеп турганда түндүк-түштүк алтернативдүү жолу салынган. Ошондо көп эксперттер бул жол эч жакка алып барбайт, келечеги жок деп айтышкан. Бирок мына, жол бүтүп калды. Бул темир жолдун да шарты оор болгону менен келечеги бар. Анын үстүнө күчтүү техникалар бар, аларды колдонуу менен кыйынчылыктан чыгып кетсе болот. Анын үстүнө электр энергиясы да колдонулат деп жатат, ал да шартты жеңилдетет.

- Темир жол ишке кирсе Кыргызстан үчүн кыйла эшиктер ачыларын айткандар да бар. Мисалы жол турган бекеттерде чакан кыштактар пайда болуп, жумуш орундары түзүлүп, логистика жакшырат дешет. Анын үстүнө ушуга туштап Манас айылы да курула баштады. Кытайдан ташылган чийки зат же товарларды Кыргызстан өз пайдасы үчүн кандай пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ?

- Темир жол менен жүк ташуунун логистикасы жашыруун иш эмес, бул абдан көп пайда алып келе турган тармак. Анын үстүнө Балыкчы-Кара-Кече курулуп жатат, демек, темир жолдор канчалык көп болсо, ал өлкө экономикасына сөзсүз пайда алып келет. Унаа жолдорун же темир жол курган бир да мамлекет утулган эмес. Ал адамдын кан тамырларына окшош. Ошондуктан сөздөн ишке өтүп, тез эксплуатацияга бериш керек. Анткени, коңшу Казакстан "Хоргос" базарына алып барган жолду курганда бир жылда 24 млн тонна жүктү 2024-жылы ташый баштайбыз деп пландаган. Жол ишке берилгенден кийин айтылган көлөмгө 2019-жылы эле жетти. Демек, Кыргызстандын да жолу андан кем болбойт, сөзсүз товар жүгүртүү жогорулайт. Анын үстүнө бул узун эмес, өтө кыска жол.

Мен бул долбоорду түзүүгө катышкан адисмин. Анын экономикалык пайдасы бар. Кыргызстан транзиттик кызматты аткарат. Ал эми Өзбекстан жылына 8-12 млн тонна жүккө кепилдик бере алабыз дешкен, бул божомолдор 6-8 жыл мурун айтылган. Андан бери экономика өнүктү, коңшу өлкөлөрдүн өндүрүшү күч алды. Ошондуктан бул жерде "жүк болбой калсачы" деп кооптонбош керек. Канчалык жүк көп өтсө, транзиттен ошончо көп пайда көрөбүз. Темир жол аркылуу жүк ташуу кыйла жеңил болгондуктан, ошого жараша товарлардын түрү да көп болот. Кыргызстан Кытайдан ошол эле тетиктерди ташып келип, аны өлкөбүздөн кураштырса деле болот, эч зыяны жок, пайда гана табат.

Дагы караңыз Бюджеттеги ашкан акча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна салынат


Убагында түндүк-түштүк алтернативдүү жолун курган учурда бизде туннелдерди долбоорлоо боюнча адистер жок эле. Аны көзөмөлдөй турган адистер да жок болчу. Көгарттагы туннелди кургандан кийин мыкты адистер пайда болду. Бул чоң курулуш Кыргызстан үчүн кесипкөй адистерди даярдап алууга да жол ачат. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын потенциалы да кеңейет. Биздин кызматкерлер тажрыйба топтойт, темир жол куруу боюнча тажрыйбасы мол, дасыккан адистер өсүп чыгат.

Утур-утур жылган долбоор

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясы” ишканасы 20-декабрда инвестициялык макулдашууга кол койгон. Кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюу аземи Бишкектеги “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өткөн.

Макулдашууга Кыргызстан тараптан транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын элчиси Саидикрам Иязходжаев да катышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев макулдашуу темир жолун долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камтый турганын, бул документтин кабыл алынышы менен процесс аны ишке ашыруу бөлүгүнө өткөнүн белгилеген.

“Жетекчилерибиздин ар тараптуу колдоосу менен гана бүгүн биз бул долбоордун фундаменталдык документтеринин бирине кол коюуга мүмкүнчүлүк алдык”, - деген Төрөбаев.

20-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.

“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багыты боюнча салынат. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 туннел курулат. Макмалдын эки жагындагы коллея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.