Темир жол долбоорунун артындагы аткезчилик жана карыз коркунучу

Ишкерлер үмүт арткан жол

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан ким пайда табат?» деген макаласында The Diplomat "маанилүү долбоорду ишке ашырууда камтама кылган жагдайлар да бар, бул – ачык-айкындыктын жоктугу, аткезчилик коркунучу жана карыздын тузагына түшүү ыктымалдыгы" деп баяндаган.

Өзбекстандык жана тажикстандык журналисттер Навруз Каримов менен Аброр Курбонмуратов Орусиянын Украинага каршы согушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка кетчү альтернативдүү маршруттарга кызыгууну күчөтүп, 20 жылдан берки долбоордун жандануусуна алып келгенин жазышты. Алар Кытай премьеринин Кыргызстанга пландалып жаткан сапары темир жол курула баштайт деген ишарат болушу мүмкүн деп боолгошот.

«Жаңы маршрут менен жүктү Европага 7-8 күндө жеткирсе болот, муну менен Борбор Азия өлкөлөрүнө континенталдык соодада «борбордук» роль ойноого өбөлгө түзүлмөкчү», - деп жазышат журналисттер.

Авторлор андан ары долбоорго байланышкан тобокелдиктерди да тизмектеп чыгышты. Алар сөзгө тарткан өзбекстандык ишкерлердин бири жаңы жолдун ачылышын күткөнүн, товарларды импорттоодо коррупция кеңири жайылганын айтып берген. Отабек Сиддиков темир жол ишке киргенде ишкерлерге товарларды алып келүү ыңгайлуу жана арзан болуп калат деген үмүттө.

Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай соодасы министрлигинин маалыматына караганда, тараптар Кашкар, Торугарт, Арпа, Макмал жана Жалал-Абад аркылуу өтчү 450 чакырым жолду макулдашкан.

Макалада айтылгандай, 1-июнда Кытайдын темир жол компаниясы өзбек жана кыргыз өкмөттөрүнө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин сунуш кылды. Негиздеме канча турары белгисиз, бирок ар бир мамлекет анын жалпы баасынын 30% кем эмес бөлүгүн каржылады. Журналисттер Кыргызстан жана Өзбекстандын министрликтери, долбоорду ишке ашырууга жооптуу компаниялар ошол документтин жок дегенде кыска мазмуну же деталдары тууралуу маалымат беришпегенин жазышты. Алардын пикиринде, мындай үн катпоо долбоор канчалык ачык ишке ашырылат деген суроону пайда кылат.

Андан ары экологиялык маселелерге токтолуп, жер титирөө, кургакчылык, дарыялардын толуп кетүү, айланадагы турак жайлар менен инфраструктураны каптоо ыктымалдыгын баяндашкан.

"Темир жолдун курулушу жергиликтүү калктын көчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн", - деп улантышкан журналисттер.

Авторлор долбоорду каржылоо да маанилүү маселе бойдон кала бергенин, өзгөчө Кыргызстан үчүн өз аймагынан өтчү бөлүктү каржылоо кыйын болорун белгилешет.

Темир жолго 3-5 миллиард доллар жумшалары болжолдонууда. Демек, Кыргызстандагы тилкени салууга 1,8-3,1 миллиард доллар керек болмокчу. Эксперт Темур Умаровдун көз карашында, реалдуу варианттардын бири - үчүнчү тараптардын каражаты.

- Акча Батыштан түшөрү күмөн, - деген Умаров, ал Кытайдан келиши ыктымал, бирок Бишкек Бээжинден ого бетер көз каранды болууну каалайбы деген суроо жаралат, - деп белгилейт.

Өзбекстанды чочулаткан канал

Eurasianet 19-октябрда региондогу суу коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануу жараткан дымактуу Кош-Төбө каналынын айланасындагы окуяларга кайрылды. Маалыматка караганда, Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы сүйлөшүү жүргүзүү максатында жакынкы айларда Ооганстанга жөнөмөкчү. Мунун алдында талибдердин бийлиги каналдын экинчи баскычы башталарын билдирген. Алардын айтымында, долбоор Ооганстандын айыл-чарба муктаждыктарын камсыздоону көздөйт.

Курулуштун ачылыш аземинде “Талибандын” тышкы иштер министринин орун басары Шер Мохаммед Аббас Станикзай Амударыянын боюндагы кошуна өлкөлөрдү тынчытууга аракеттенди. Ушул жерде оогандык ToloNews маалымат каражатына шилтеме менен аткаминердин: “Коңшуларыбыз курулушка кабатыр болсо, алар менен дипломатиялык каналдардан байланышууга даярбыз”, - деген сөздөрүн жазган.

Кош-Төбө каналынын курулушу. Ооганстан, 15-май, 2023-жыл

Ошол эле маалда талибдердин коргоо министринин милдетин аткаруучу куралдуу күчтөр долбоорго бут тосуу аракеттерине туруштук берерин эскертти.

Макалада Кабул 285 чакырымдык каналга чоң үмүт артары, ал бүткөрүлгөндө 550 миң гектар жерди сугарууга колдонулат деп күткөнү айтылат.

Авторлор сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев калган борбор азиялык жетекчилерди бул маселени чечүүдө биргелешип аракет көрүүгө үндөгөнүн эске салышты. Мирзиёев каналдын эксплуатацияга берилиши Борбор Азиядагы суу режимин жана балансын түп тамырынан өзгөртүшү мүмкүн деп билдирген.

Eurasianet болжолдогоной, “Талибандын” долбоорду ыкчам алга жылдыруу аракети алар техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүү сунушуна көнбөйт деген ойго жетелейт.

Мындан тышкары каналдын курулушу менен Өзбекстан менен Түркмөнстанда суу таңсыктыгы жаралышы мүмкүн.

Байыркы глобустар

Deutsche welle 20-октябрда жердин эң байыркы сакталып калган глобусу жөнүндө айтып берди. “Бехайм глобусу” бүткөрүлөрү менен Христофор Колумб Американы ачкан. Андыктан жердин ал моделинде Америка жана Австралияны көрө албайсыңар. Нюрнбергдеги улуттук музейде сакталган глобуста Борбордук жана Түштүк Европа, Жер Ортолук деңиз аймагы жана Африка чагылдырылган. Быйыл ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргизилген “Бехайм глобусунун” каркасы темирден, калган бөлүктөрү түрдүү материалдардан жасалган.

Жер-суулардан тышкары анда башка элдер тууралуу маалымат, экзотикалык жаныбарлар, жаратылыш ресурстары табылган кендер, айрым товарларды сатып алуу мүмкүн болгон жерлер көргөзүлгөн. Адистер ал глобус европалыктар орто кылымда жерди элестеткендей кылып жасалганын айтышат.

Жердин сферикалык модели Байыркы Грекияда эле жасалып келген. Бирок ал абдан татаал иш болчу. Андан тышкары башка планеталардын, Айдын глобустары да бар.

1850-жылдардан тартып глобустар массалык өнөр жай продукциясына айланган.