"Атамбаев бийликти өткөрүп берди, аны Жээнбеков улантат деп ишенебиз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын соңку тарыхында эки президентти тактан кулаткан Жоогазын жана Апрель революциялары өз максатына жеткен жок деп жазылды. “Ата Мекен” партиясынын революционерлердин сап башында жүргөн лидери Өмүрбек Текебаев эки ыңкылап тең эл өз укугун басмырлаган бийликке каршылык көрсөтө ала тургандыгын далилдеп, узак мөөнөттүү саясий күрөштү калыптандырды деген ишеничте. Бирок, ыңкылаптардын башкы максатын ишке ашырууда мамлекет башчыларынын аракети негизги орунду ээлерин баса белгиледи.