Дүйшөмбү cапары: "Тажикстан Путин үчүн коопсуз өлкө"

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу Тажикстанга барды. Анын Дүйшөмбү сапары эмнени көздөйт?

Дээрлик беш айдан бери Орусиянын аймагынан чыкпай келген президент Владимир Путин 28-июнда кечке маал Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө барды. Орусиянын мамлекеттик телеканалдары Путинди аэропортто тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алганын көрсөттү.

ТАСС агенттиги жазгандай, Путин Рахмон менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана алардын жолугушуусу шейшембиде кеч аякташы мүмкүн.

Буга чейин Кремл Путин Дүйшөмбүгө Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, Тажикстандагы "жогорку деңгээлдеги" сүйлөшүүлөрдө "орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн" тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу "регионалдык маселелер" да талкууланарын гана билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, Путиндин Дүйшөмбүгө 2019-жылдан бери биринчи сапарында эч кандай документке кол коюлбайт.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков президенттердин сүйлөшүүсүндө Тажикстандын Москва үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болушу тууралуу маселе козголушу мүмкүндүгүн айтканын Орусиянын ТАСС сыяктуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Ушаковдун айтымында, Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

"Сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кырдаала өзгөчө көңүл бурулат. Тажикстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо, радикалдуу топтордун ооган аймагынан кирип келишин алдын алуу боюнча биргелешкен чаралар талкууланат", - деди Ушаков.

Путиндин максаты эмне?

ЖККУнун аскерлерлери тажик-ооган чек арасына жакын аймакта, 5-июль 2021-жыл.

Тажикстан чөлкөмдөгү мамлекеттерден айырмаланып, Ооганстанда "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келишине ачык эле каршы чыккан. 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй ок атылганы кабарланган. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп билдирген.

Кремлге жакын аскердик эксперт Александр Храмчихин да Дүйшөмбүдө Ооганстандагы кырдаалга жана тажик бийлиги менен талибдердин мамилесине көңүл бурулушу мүмкүндүгүн "Озоди" радиосуна айтты.

"Орусияга башка географиялык багыттар боюнча жаңы фронттордун кереги жок. Андыктан Ооганстан негизги, балким, жалгыз маселе болушу мүмкүн. Так айта албайм. Аны билбейм. Бирок логикалык жактан ушундай деп жоромолдосок болот. Азыр талибдер өздөрүн жакшы эле алып жүрүшөт. Алар эч кимге тийишпей турганын көрсөткүсү келип жатат. Экинчи жагынан Тажикстанда талибдерге каршы маанай бар. Балким Путин алар менен кепке келүү керек экенин түшүндүрөм деши мүмкүн", - деди Храмчихин.

Айрым тажикстандык талдоочулар Путиндин Дүйшөмбүгө сапарында Орусиянын эл аралык санкцияларды Тажикстан аркылуу буйтап өтүү маселеси тууралуу да сөз болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Орус күчтөрү Украинага кол салгандан бери Орусия Батыштын жана бир катар өнүккөн өлкөлөрдүн "буга чейин болуп көрбөгөн санкцияларына кабылган". Тажикстан Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле Москванын Украинага басып киргенин ачык айыптаган эмес.

Бирок тажикстандык талдоочу, журналист Наби Юсупов Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрдө Украинадан мурда коопсуздук маселелери жана Орусиянын Батыш өлкөлөрүнө экспорттой албай калган мунай-газын Тажикстанга арзан берүү демилгеси көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

"Менимче, эки президенттин чечилбеген күнүмдүк маселелери көп. Бул сапарды жалаң эле Украина менен байланыштырганга болбойт. Балким талкууланышы мүмкүн. Бирок бул башкы маселе эмес. Тынчыбаган Ооганстан менен чек араны биргелешип коргоо сыяктуу эки тараптуу мамилеге тиешелүү орчундуу маселелер бар. Анын үстүндө бизде да ички маселелер чыкты. Кыргызстан менен да чек ара чатактары болду. Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы экономикалык алакага байланыштуу суроолор да көп", - деди Наби Юсупов.

Рахмонго пайдалуу сапар

Тажик президенти Эмомали Рахмон уулу Рустам менен.

Кантсе да бул Путиндин орус күчтөрү Украинага басып киргенден берки алгачкы чет өлкөлүк сапары болуп калмакчы. Ал акыркы жолу Украинада согуш башталардан бир нече апта мурда, февраль айынын башында Бээжинге барып Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышкан жана кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Май айында Евразиялык экономикалык кеңештин Бишкектеги жыйынына орус президенти Владимир Путин баш болгон бир катар өлкөнүн лидерлери келери кабарланган. Бирок жыйынга саналуу күндөр калганда жыйын виртуалдуу форматта өтөрү белгилүү болгон. Путин баштаган президенттердин Кыргызстанга келбей калганынын себеби так түшүндүрүлгөн эмес.

Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер учурда Путин үчүн Тажикстан ыңгайлуу өлкө экенин, бул бул сапарында Рахмондун өз бийлигин уулу Рустам Эмомалиге өткөрүп берүү аракети да талкууланышы мүмкүндүгүн айтты.

"Тажикстан Путин үчүн коопсуз өлкө. Тажикстан Украина тууралуу үн катпай келди. Орусия Рахмонго керек. Ал мамилеге доо кетирбейт. Путин Тажикстанга тынчтык орнотууда Орусиянын маанилүү роль ойногонун белгилегиси келет. Рахмон Ооганстан боюнча кандайдыр бир убадаларды күтөт. Эгер жоромолдой турган болсом, Тажикстанда бийликти өткөрүп берүү жараяны жакындап келатат жана Рустам Эмомалиге колдоо көрсөтүү тууралуу да кандайдыр бир талкуу болот", - деди Брюс Панниер.

Дүйшөмбүгө бир күндүк жумушчу сапардан кийин Путин Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадга барат. Кремлдин маалыматына ылайык, Путин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен чогуу Каспий саммитине катышат.

Жакында бийликти атасынан өткөрүп алган түркмөн президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапарын Москвага жасаган.

Путиндин Борбор Азиядагы соңку сапарынын алдында украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович тажик жана түркмөн өкмөттөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө үндөдү.

Буга чейин Путин июндун аягында Беларуска барары айтылган. Бирок Союздук мамлекеттин форуму онлайн өтөрү кийин белгилүү болду.

Мындан тышкары Путин "Чоң жыйырманын" ноябрь айында Индонезияда өтүүчү саммитине катышууну көздөп жатканы кабарланды. Апта башында Орусиянын мамлекеттик медиасы Путин Индонезиянын президенти Жоко Видодонун саммитке чакыруусун кабыл алганын кабарлашты.

Орусия Украинага кол салгандан кийин бир катар Батыш өлкөлөрү Путинге өз аймактарына кирүүгө тыюу салган болчу.