Салык декларациясынын санаасы

Иллюстрациялык сүрөт.

Киреше-чыгашалар боюнча жарандардын декларация тапшыруу мөөнөтү бүтүп баратат.

Декларация боюнча мыйзам мамлекетке эмне берди? Аны тапшырбай койгондорго кандай чара көрүлүүдө? Бул мыйзамдын механизмдери толук иштеп жатабы?

2017-жылы 2-августта мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда турган адамдарды киреше-чыгашасын, ээлеген мүлкүн декларацияга киргизүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам жеке ишкерлерге да, жарандарга да тиешелүү. Мыйзам кабыл алынганга чейин абдан көп талкуулардан өтүп, көптөн кийин гана ишке ашкан процесс болду. Бирок ал мамлекетке жана өлкөдө жашаган жеке ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлерге кандай таасир этип жатат? Декларацияны тапшыруунун механизмдери, жол-жобосу толук иштелип чыгып, элге жеткиликтүү түшүндүрүлдүбү?

«Арай көз чарай» талкуусуна мыйзамды иштеп чыккан негизги авторлордун бири, парламенттин депутаты Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын жетекчиси Мукай Нусупов катышты.

Башкалардан артта калдык

«Азаттык»: - 1-апрель - бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Элдин көбү азыр салык кызматтарында жүрөт. Буга биз өзүбүз күбө болдук. Акылбек мырза, мыйзам элге эмне берди?

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров: - Тилекке каршы, бул мыйзам он жылдан ашуун убакыттан бери эле улам-улам артка жылдырылып келе жатат. Азыр биз коррупция менен күрөшөбүз деп жатабыз, жалбырагын үзгөнүбүз менен бак соолуса да тамырын кыйган эч ким жок. Эң оболу Конституциянын 55-беренесин карасак, биздин жарандардын салык боюнча атайын милдети бар. Биринчиден жарандарыбыз салык төлөшү керек. «Ушул милдетти аткарып жатасыңбы же жокпу?» деп, жылына бир сыйра өлкө текшериши керек. Ушул себептен улам жылына бир жолу Кыргызстандын жараны киреше-чыгаша боюнча декларация тапшырууга милдеттүү. Алыс кетпей эле жаныбыздагы Алматы шаарында бир миллион киши жашайт. Азыркы тапта 1 миллиард 650 миллион доллар салык чогултуп, Кыргызстандын бир жылдык бюджети менен тең болуп калды. Грузияда 3 миллион 900 миң киши жашайт, 4 миллиард 744 миллион доллар салык чогулат. Биз бюджетке болгону 2 миллиард долларды араң чогултуп жатабыз. Демек, биз салык төлөгөндү үйрөнө албай койдук. Менимче, биз бара-бара муну үйрөнүшүбүз керек. Азыр салык төлөп жаткан жеке ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин киреше эмес, чыгаша жагын иреттеп, жөнөкөй формаларын электрондук форматка салуу зарыл. Алдыдагы 5-10 жылдын ичинде биз да дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй заманбап база түзүп алганыбыз жакшы.​

«Азаттык»: - Артта калган жокпузбу, 5-10 жыл дегенде?

Акылбек Жапаров: - Биз 20-30 жылга артта калып калдык. Алматаны эле айтпадымбы, бир шаар чогулткан акчаны бир өлкө болуп туруп биз чогулта албай жатабыз. Демек биз фискалдык реформалар жаатында эң артта калдык. Кечээ эле Орусиянын президенти Владимир Путин дал ушул фискалдык реформага жардам берерин айтты. «Товардын ар бир жылышын көзөмөлдөө деген түшүнүк бар, ошондон акча чогултканды үйрөтөйүн» деди. Себеби буларда ар түрдүү санкциялар болуп, 1 триллион 400 миллиарддай рубль келбей калган. Анан Орусия электрондук форматка өтүп, салык алууну жөнөкөйлөтүп, чыгашаларды эсептеп чыккандан кийин 1 триллион 250 миллиард рубль салык чогултуп, санкциялардан зыян тартпай калды. Эгер биз салыкты туура чогулта турган болсок, пенсия төлөмдөрү 5 эсе, бюджетте иштеген кызматкерлердин, дарыгерлердин, мугалимдердин айлыгын 6-7 эсеге чейин көтөрө алабыз. Бирок бул үчүн бюджетке 6 миллиард доллар чогултушубуз керек да. Салыкты Кыргызстанда эч ким төлөбөй баратат. Мени абдан кооптонткон жагдай ушул. Себеби 2023-жылдан баштап 380 миллион доллардан ашуун сырткы карызды төлөй баштайбыз. Бирок салыктан качкандар аябай көп.

Декларацияны кыйгап өткөндөрдү издеш кыйын

«Азаттык»: - Мукай мырза, бирдиктүү салык декларациясын тапшырбай койгондор кантет? Аларга кандайдыр бир чара көрүлөбү? Мына, 18-мартка карата силердин кызматка 196 миң эле декларация түшүптүр. Бул өтө эле аз көрсөткүч го?

Мукай Нусупов: - Сиз айтып жаткан көрсөткүч - 14-марттын эсеби. Азыркы учурга чейин 300 миңге жакын адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Былтыр 254 миң адам декларация берген. Бүгүнкү күндө 1-апрелде салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. 31-март жекшемби болуп калгандыктан, 1-апрелде да кабыл алынат. Эгер бул убакытка чейин тапшырбай калсаңыз айыппул жаңы административдик кодекстер боюнча миң сом болот.

«Азаттык»: - Эл арасында «киреше-чыгаша декларациясын тапшырбай койгон оң экен» деп айтылып жүрөт. Себеби тапшыргандарга салыштырмалуу декларация бербегендер мамлекеттик органдардын көзөмөлүнө түшпөй калып жаткан тура. Аларды издеп табуу системасы жөнгө салынганбы?

Мукай Нусупов: - Биз эми декларация бербегендерди биринчи кезекте Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу издейбиз. Маселен мүлкү, автоунаалары боюнча маалыматтарды алабыз. Эгерде 1-апрелге чейин тапшырбай коюшса аныкталгандан кийин айыппул салынат. Былтыр 15 миңден ашуун адамга декларация тапшырбаганы үчүн айыппул салынды. Биз негизи Мамлекеттик салык кызматында каттоодо тургандарды биринчи кезекте издейбиз. Кээ бир жарандар башка мамлекеттерге чыгып кеткен болот. Аларды табуу бир топ кыйын. Маселен, автоунаалар боюнча айтсам, бизде ишеним кат менен айдоо деген эреже бар. Бир киши машинесин сатып, алган адам өзүнө каттатпай эле ишеним кат менен жүргөн болот. Айрымдары Орусияга кетет. Бирок анын наамында жер, мүлк бар. Ушундай жагдайлар бизге кыйынчылык жаратат. Бирок жылдан жылга алар менен иштөөнүн үстүндөбүз.

Электрондоштуруу маселени чечмек

«Азаттык»: - Акылбек мырза, ушул мыйзамдын үстүнөн сиз бир нече жыл иштедиңиз. Бирок практика жүзүнө келгенде негедир дагы деле чала сыяктанат. Механизмдер толук иштелип чыккан эмеспи?

Акылбек Жапаров: - Анткени бул турмушка ашпай жатпайбы. Мамлекеттик кызматкерлердин көбү мал-мүлкүн, автоунааларын ага-туугандарына каттатып коюп эле «менде эч нерсе жок» деп декларацияга көрсөтө берген да. Эгер бул мыйзам толук иштеп кетсе, өлкөдөгү коррупцияга абдан чоң сокку уруп, тамырын кыркат. Экинчиден өлкө экономикасынын өнүгүшүн шарттамак, эгер 6 миллиард салык чогулса, бюджетте иштегендердин жашоосу оңолмок да.

Угарман: - Мен Жайыл районунан чалып жатам. Мурдагы күнү декларация тапшырдым. 2017-2018-жылдары да берген элем. Бирок акыркысында «2014-2016-жылдары тапшырбапсың» деп 2 миң сом айыппул салышты. «Буга кошумча 10 күндөн кийин бул жылдар үчүн айыппулдун тууму да болот. Аны да төлөшүң керек» деп жатышат. Ушул туурабы?

Мукай Нусупов.

Мукай Нусупов: - Айыппул туура салынган. Себеби 2014-16-жылдары декларация тапшырбай калса, ошол жылдары жер салыгын төлөгөн да, көрсөтүлгөн документтерде салык тууралуу маалыматтар. Тапшырбаган жылдары үчүн туумун да төлөшү керек. Жогоруда айткандай, дал ушул сыяктуу декларация тапшырбагандарды биз аныктап жатабыз.

Салык төлөөчүгө сый-урмат жок

«Азаттык»: - Эмнеге салык төлөгөнү барган, декларациясын тапшырган ишкерлер ушинтип кайра айыппулга жыгылып, мамлекеттик органдын каарына калууда? Алардын жүгүн жеңилдетиш үчүн эмнеге электрондук салык төлөө, отчет тапшыруу толук иштебей жатат?

Акылбек Жапаров: - Бир жарым жыл мурда эле Мамлекеттик салык кызматынын бардык документтерин электрондоштурууну киргизгенбиз. Азыркы жаңы өкмөткө деле бул багытта көмөк көрсөтүп келе жатабыз. Онлайн кабинет, виртуалдык кампа деген программалардын баары түзүлгөн. Тилекке каршы, менимче Мамлекеттик салык кызматында саботаж болуп жатат. Бул боюнча премьер-министр, президент, парламент сөзсүз чара көрүүгө тийиш. Жаранды кыйнабаш керек да! Тескерисинче, биз ошол салыкчылардын эсебинен жашап жаткандан кийин аларга салык төлөөгө шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Маселен, Орусияда салык төлөгүсү келген жаранды чай, кофе берип, сый-урмат менен тосуп алышат. Ал эми биздин психология өзгөрбөй койду. Салык төлөгөнү барган кишиге кайра айыппул салып, коркутуп-үркүтүп, «жайлайм» деп кетиришет. Ал эми салык төлөбөй жүргөндөрдөн акырын жең ичинен акча алып коюп, «бармак басты, көз кысты» деп жүрө беребиз. Системаны өзгөртүш керек. Азыр айылга барсаң жетимиштеги аксакалдар «WatsApp» менен олтурат. Биздин салык кызматы эң артта калып калды. Бул кызматка өкмөттүн да көз карашы өзгөрбөй койду. Бир чети Мамлекеттик салык кызматынын да акча табуу мүмкүнчүлүктөрүн кесип койдук.

«Азаттык»: - Мукай мырза, мына мен кечээ эле өзүм ошол декларацияны тапшырып келдим. Азыр мына колумда турган 14 барактуу документтин 80 пайызын түшүнгөн жокмун. Эмнени каякка жазарымды билбейм, ал эми салык системасында иштегендер элге жеткиликтүү маалымат бере алышпай жатат. Бул ишти ким аткарышы керек?

Мукай Нусупов: - Биринчиден, бизде кайсы бир ишти аткарбай коёлу деген саботаж жок. Экинчиден, электрондоштурууга токтолсом, буга биз ар дайым даярбыз. Ушундан улам былтыр мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин декларациясын дал ушул электрондоштуруудан өткөрдүк. Толук автоматташтырууга бизде бир топ тоскоолдуктар бар. Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматын алалы, бир салык төлөөчүнүн маалыматын алыш үчүн биздин базага анын жеке салык төлөөчү кодун гана жазабыз. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматында аты-жөнү аркылуу издешет. Декларация тапшырбагандарды издеп табууда бизге ушул себептерден улам бир топ кыйынчылык болду. Бир система жок. Эми сиз айтып жаткан декларацияны тапшыруу шарттарына келсек, ооба, кыйынчылыктар бар. Мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Ушул жумадан баштап биздин салык кызматындагылар түнкү саат 12ге чейин иштеп жатышат. Түшкү дем алууга да кетпей, декларацияларды кабыл алышууда. Мониторинг жүргүздүк, кечки алтыдан түн жарымына чейин эл келип эле атат. Дагы бир айта турган нерсе - бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу январдан апрелдин бирине чейин деп мөөнөт коюлган. Биздин эл эң акыркы күнгө чейин күтүп олтура берип, ушундан улам Мамлекеттик салык кызматынын имараттарында киши көп, тыгын болуп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.