Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жумурияттагы акын-жазуучулар менен котормочуларды түрк тилдүү өлкөлөрдүн адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн өзбек тилине которуп, 100 томдук жыйнак чыгарууга чакырганы маалым болду.
Мына ошол маанилүү вазийпа менен Бишкекке атайын келип, кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн топтой баштаган өзбек калемгери Зухридин Исамидиновду кепке тартып, баарлаштык.
- Кыргызстанга кош келипсиз, Зухридин мырза!
- Рахмат.
- Ала-Тоого эмне максат менен келип калдыңыз?
- Биздин өлкөдө азыр адабиятка өзгөчө көңүл бурулуп, китеп басып
чыгаруу жагы аябай күчөгөн. Быйыл "Түркий адабияттардын дүрданалары» деген аталышта өзбек тилиндеги 100 томдон турган жыйнакты чыгармакчыбыз. Бул жыйнактар тили жагынан тектеш татар, азербайжан, өзбек, казак, кыргыз башкыр, түркмөн, якут, каракалпак, түрк ж.б. түрк тилдүү адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн негизинде даярдалат. Ошол 100 томдун 10 тому кыргыз адабиятына багышталган. Бул он томду Ташкентте туруп даярдап чыгарсак деле болмок.
Бирок ишибиз дагы да сапаттуу, макулдашуу жолу менен ишке ашырылышы үчүн Бишкекке атайын баралы деп чечкенбиз. Кайсы акын-жазуучунун кайсы чыгармасын которуп чыгарса болорун тийиштүү уюмдар менен кеңешүү, сунуш кылынган үлгүлөрдүн тизмесин жана электрондук вариантын алып келип тезирээк которо баштоо зарылчылыгы себеп болду менин келишиме.
Дагы караңыз Улуттук көркөм сөздүн аскар тоосу- Абдан маанилүү, тарыхый иш жасап жатыпсыздар. Бул иш эмнеге байланыштуу колго алынып жатат?
- Быйыл ноябрь айында борбор калаабыз Ташкентте түрк мамлекеттердин жетекчилеринин саммити өткөрүлмөкчү. Биздин урматтуу президентибиз Шавкат Миромонович Мирзиёевдин китеп белек кыла турган бир жакшы адаты бар. Китепти эң баалуу соогат деп эсептейт ал киши. Кайсыл өлкөнүн башчысы астанабызды аттап келбесин, ага өзбек абадиятына таандык мыкты китепти, же болбосо ошол урматтуу меймандын улуттук адабиятынын өзбек тилине которулуп чыккан үлгүсүн белек кылып берет.
Бул абдан жакшы адат. Муну башка башчылар деле адат кылып алышса экен деп ойлоп калам. Атаганат, өз ара алакаларыбыз күчөп, адабияттарыбыздын мыкты үлгүлөрүн которуп окуп турсак, кандай сонун болот. Абдан чоң пайдасы бар мунун баарыбызга. Адабият – бул ыйык байлык. Адабият адамдарды жакындатат. Бири-биринин тилин түшүнүүгө түрткү бере турган руханий кудурет. Азыркы жасайлы деп жаткан ишибиздин түпкү максаты – адабияттын мына ошол улуу кудурети аркылуу элдерибизди кучак жайдыруу, достук-ынтымакты бекемдөө экендигин өзгөчө белгилеп айткым келет.
Албетте, 100 томдук чыгармаларды которуп даярдоо оңой-олтоң иш эмес. Убакыт чектелүү. Шашылышпыз. Кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн тандап алып барып, котормону тез арада баштоо жагы мага тапшырылган.
Дагы караңыз Түрк тилдүү мамлекеттер: орток мурас жазуудагы келишпестик- Кыргыз адабиятына багышталган ошол он томдук жыйнактарга киргизиле турган чыгармаларды кыргыз тилинен которо турган котормочулар бар болсо керек өзүңүздөрдө?
- Котормо маселесине өзгөчө көңүл бурганбыз. Кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн которуу жагынан анчейин кыйынчылык болбойт деген ойдомун. Өзүңүздөргө маалым болсо керек, "Манас" эпосун атактуу акыныбыз Миртемир алгачкылардан болуп которгон. Раматылык Турсунбай Адашбаев агабыз кыргыз акын-жазуучуларынын отуздан ашуун китептерин өзбек тилине которуп, эки элдин ортосунда өмүр бою көпүрөлүк кызматты аткарган.
Кыргыз тилинен которо ала турган котормочуларыбыз бар бизде. Айта кетчү өзгөчө талап бар – 100 томго киргизиле турган чыгармалар орус же башка тилдерден эмес, түрк өлкөлөрүнүн эне тилдеринен түз которулушу керек. Котормочуларыбыз азыр ошол түп нускаларды күтүп турушат. Иш башталып калса эле жолубуз ачылат, буюрса.
- Бишкекте кимдерге учурап, кимдерден жардам сурап жатасыз? Натыйжа болоруна ишеним барбы?
- Адегенде Кыргыз улуттук университетине бардым. Алдын ала кабарлап табышталган айрым маалыматтарды беришти. Мындан тышкары Улуттук илимдер академиясындагы Тил жана адабият институту, Улуттук жазуучулар кошууну, Улуттук китепкана бар. Эми ошолорго барышым керек. Улуттук жазуучулар кошуунунда кайсы калемгердин кайсы чыгармасын которууну кеңешип, алардын тизмесин жана электрондук варианттарын алайын деп турам.
- Эми өзүңүз жөнүндө да азыноолак айтып берсеңиз. Эмне менен алектенесиз?
- Ардактуу эс алууга чыксам деле “Өзбекстан – Кыргызстан” достук коомун жетектеп келатам. Көбүнчө котормочулук менен алектенем. Өзбекстан жазуучулар кошуунундагы котормо кеңешин да жетектейм. Ошол себептен 100 томдук котормо жыйнактарын даярдап чыгаруу жоопкерчилигин мага жүктөшкөн. Бул иш октябрь айынын аягына чейин бүтүшү керек. Кыскасы, менде азыр эч бир тыным жок. Ишим чачымдан да көп болуп турган чагым азыр.
Дагы караңыз Айтматов менен Турсунзаде арабызда болгондо…- Өзбекстанда Сүйүн Караев деген кыргыз аалым, чыгармачыл инсан жашап өткөнүн билебиз. Араңыздарда ошол кишидей котормочулук кылып, чыгармачылык менен алектенген кыргыздар барбы азыр?
- Раматылык Сүйүн агай менен Манастын 1000 жылдык мааракеси өткөрүлгөндө Фрунзеге (азыркы Бишкек) чогуу келген элек. Жакшы жашады. 95 жашында ааламдан өттү. Өзбек адабияты менен илимине талбай кызмат өтөдү. Өмүрүнүн аягында чоң иш жасады ал киши. Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын өзбек тилине которуп берди. География илиминин доктору, филология илиминин кандидаты даражаларына жетти, "ийне менен кудук казып" жүрүп. Кең пейил, мээнеткеч киши өмүрүнүн аягына чейин урмат-сыйдын бешигине бөлөнүп ааламдан өттү.
Ташкентте азыр көптөгөн кыргыз жаштар эмгектенет. Кыргыз тилин деле, өзбек тилин деле жакшы билишет. Котормочулар тигил же бул чыгарманы кыргыз тилинен которуп жатканда алар жандарына олтуруп, түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрүп беришкенин көрүп жүрөм. Кыргыз адабияты үчүн багышталган 10 томдук топтомго киргизилген чыгармаларды которуу ишине алар деле салым кошот деген ишеним бар.
Аңгемелешкен Мирзохалим Каримов, жазуучу.