Ташкенттин жашыруун метросу

Ташкенттеги метронун станцияларынын бири.

Ушул жылы жай айында Ташкенттеги метрону сүрөткө тартууга биринчи жолу уруксат берилди. Борбор Азиядагы өзөктүк соккуну көтөрө ала тургандай курулган метрого "Азаттыктын" фото кабарчысы Амос Чаппл түшүп чыккан.

Метродон чыга берген жердеги "Буюк Ипак июли" барельефи. (Өзбек тилинен "Улуу Жибек жолу" деп которулат).

​Космонавттар станциясы "космосту багынткандардын" өзгөчө сүрөттөрү менен кооздолгон.

Космоско биринчи болуп учкан аял космонавт Валентина Терешкованын сүрөтү. Дубалдагы керамика панели көк жана кара түскө боёлгон. Бул Жер шарынын атмосферасын туюндурат.

"Пахтакор" станциясындагы жүргүнчүлөр.

Өзбек акыны жана жазуучусу "Гафур Гулям" атындагы метро. Совет доорунда метро куруу үчүн шаарда сөзсүз "миллион" адам жашашы керек деген талап болгон. Ташкенттин жашоочулары бул көрсөткүчкө 1960-жылы жеткен.​

"Пахтакор" станциясындагы жүргүнчүлөр. Туннелди казуу 1971-жылы башталган. Метро 1977-жылы ишке берилген.

​Эки станцияны байланыштырган өтмөк. 1966-жылдагы жер титирөөдөн кийин метронун тереңдиги кичирейтилген, туннелдин төбөсү кыйла бекемделген.

"Мингурик" станциясындагы жүргүнчү. (Өзбекчеден которгондо "Миң өрүк") дегенди билдирет. Метро таңкы саат бештен баштап иштейт.

Метродогу сүрөт.

"Чиланзар" станциясындагы асма шамдар. Ташкенттеги метрону кооздоо үчүн бүткүл Советтер Союзунан сүрөтчүлөр тартылган. Бул беш метрлик асма шамдар латыш дизайнери тарабынан жасалган.

Өзбек поэзиясынын негиздөөчүсү Алишер Навоинин портрети.

"Новза" станциясы. Ташкент метрополитени Москваныкына окшош. Бул моделдеги техника чоң ылдамдыкта жүргөнү менен белгилүү.

Метронун жол кире акысы 1200 өзбек (15 цент же 12 сом). Бул постсоветтик аймактагы эң арзан метро.

СССР кулагандан кийин метронун көптөгөн станциялары "декоммунизация" болуп, аталышы өзгөртүлгөн. "Амир Темир Хиебони" (Эмир Тимурдун аянты) - мурда Октябрь революциясы станциясы деп аталчу.

​"Пахтакор" ("Пахта жыйноочу") станциясындагы мозаика. Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө ак алтын узак жылдар бою мажбурлоо менен жыйналып келген. 2018-жылы бул тажрыйба токтотулду.

2018-жылдын июнь айынан чейин ​метрополитендин ичин сүрөткө тартууга тыюу салынып келген. Объекттин аскердик да мааниси бар. Метро бомбадан сактоочу жай катары да курулган.

​Бул эбегейсиз чоң болот каалга аскерлерди жана жай тургундарды өзөктүк чабуулдан сакташы керек.

Коопсуздук сиздин кепилдигиңиз.

Метродогу эскертүү.

Алишер Навои атындагы станция.

Космонавттар станциясы.

Айбек атындагы станция. Таштагы элестер акын жазган поэманын каармандары.

Ташкенттин 2200 жылдыгын белгилеген фреска. Ташкент вокзалы.

​Метронун станцияларынын кире бериши жер алдындагы архитектуралык кооздукту жар салбагандай өтө жупуну жасалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.