Украинанын оккупацияланган аймактарынан он миңдеген баа жеткис
музей экспонаттарын Орусия тартып алган. Адистер бул өнөктүк бир жагынан талап-тоноочулук жана экинчи жагынан тарыхты кайра жазуу аракети экенин айтууда.
Роберт Коалсондун Украинанын аймагынан ташылган маданий мурастар тууралуу макаласын сунуштайбыз.
Өткөн айдын соңунда Орусия аннексиялаган Крымдын Севастополь
шаарындагы "Херсонес Таврический" музей комплексинде Украинанын
Запорожье облусунун басылып алынган бөлүгүндөгү таш дооруна таандык
"Таш Күмбөздүн" аймагында археологиялык казуу иштеринин
жүрүшүндө табылган таберик табылгалардын көргөзмөсү ачылды.
"Херсонес Таврический" коругунун өзүнөн алынган табылгалар учурда
Орусиянын Новгород шаарында "Византия алтыны" көргөзмөсүндө
коюлган.
"Көргөзмөдө 200дөн ашык экспонат бар. Фрескалар,
мозаика, чачылган смалт, чиркөө буюмдары херсонестик жана новгороддук ибадатканалардын мурдагы ажайып сөөлөтүнөн кабар берет", – деп айтылат көргөзмөнүн сыпаттамасында.
Мындай көргөзмөлөр – баа жеткис табылгаларды оккупацияланган
аймактардан Орусияга алып кетүүнүн айрым гана мисалдары.
Украиналык эксперттердин пикиринде, бул согуш
кылмышына тең болуп көрбөгөндөй экспроприация.
Киев-Печерск лавра улуттук коругунун илимий кызматкери Денис Яшный:
"Орусиянын жорук-жосуну "мыйзамсыз ташып кетүү" жана "мыйзамсыз
ээлик кылуу" деген аныктамаларга туура келет", – дейт.
"Баскынчылардын украин маданий мурастары, "Херсонес Таврическийге"
жана "Таш Күмбөзгө" жасаган бардык мыйзамсыз аракеттери
Украинанын мыйзамдарын гана эмес, эл аралык укуктун талаптарын да
бузат", – деди "Крым.Реалииге" курган маегинде эл аралык укук боюнча
профессор жана украин президентинин Крымдагы мурдагы өкүлү Борис
Бабин.
"Булар – оккупацияланган аймактардагы маданий мурастардын кол
тийбестиги жөнүндөгү Женева конвенциясынын талаптары жана 1954-
жылкы Гаага конвенциясынын биринчи протоколу менен куралдуу
кагылышуу учурунда маданий мурастарды коргоо ченемдери. Ээлик кылып алган тарыхый украин эстеликтеринин тарыхый маанисин
мыйзамсыз "бурмалоо" боюнча агрессордун пропагандасынын бардык
аракеттери. Агрессордун украин элин кырып-жоюу ниетин ачык көрсөтөт, демек, БУУнун 1948-жылдагы Конвенциясын одоно бузуу", – деди ал.
МУЗЕЙ АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП
Украиналык маданият таануучу жана саясий серепчи Евгений Сависко
Орусия 2014-жылы Крымды басып алгандан бери Украинанын маданий
мурастарын "аң-сезимдүү жана максаттуу түрдө" талап-тоноодо деп
эсептейт.
"Орусия Украинага материалдык зыян гана келтирбестен, Крымдын эзелки маданиятын жок кылууну көздөйт", – деди ал. – Бул аларга Крымда жашаган жана жашап жаткан этностордун тарыхын кайра жазуу үчүн керек. Мунун баары Орусия Федерациясынын жогорку жетекчилигинин
көрсөтмөсү менен жасалып жатат", – деп сөзүн улады ал. – Крымдан
экспонаттарды мыйзамсыз ташып кетүүнү уюштуруу жана координациялоо бери дегенде Орусиянын Маданият министрлигинин жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) борбордук аппаратынын деңгээлинде ишке ашууда".
Крымда жана Азов деңизинин жана Днепр дарыясынын тегерегиндеги
Украинанын түштүк аймактарында байыртан бери: грек, скиф, түрк, герман, рим жана славян ж.б. ар түрдүү уруулар жашаган.
Херсон мамлекеттик университетинин археологиялык музейинин мурдагы жетекчиси Сергей Немцев:
"Бул Украинанын аймагында жашаган элдин тарыхында маанилүү роль ойногон укмуштуудай кызыктуу аймак", – дейт. – Запорожье казактары – аталган жээктерде күн кечирген маданияттар менен
коомдордун узун чынжырынын акыркы тогоосу гана".
Орусиянын Украинанын оккупацияланган аймактарынын маданий
мурастарын манипуляциялоо аракетин 2012-жылдан бери Сергей Нарышкин жетектеген Орус тарыхый коому (ОТК) көзөмөлдөйт. Ал президент Владимир Путиндин жакын санаалашы, КГБнын мурдагы кызматкери, 2016-жылдан бери Орусиянын тышкы чалгын кызматын (ТЧК) башкарат.
«ЭЧ КАНДАЙ ЖАЛПЫЛЫК ЖОК»
Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын
февралында ОТК "музейлер аралык жумушчу топ" түзгөн.
"Топтун максаты - Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарынын оккупацияланган аймактарын изилдөө жана "музейлерде жана архивдерде сакталган кайталангыс материалдардын" негизинде "чөлкөмдүн Орусия менен тарыхый ажырагыс байланышын көрсөтүү", - деп айтылат жумушчу топтун 2022-жылдын сентябрында Президенттик маданий демилгелерди колдоо фондунан каржы алуу үчүн берген өтүнмөсүндө.
2022-жылдын ноябрында Москвада Путин менен жолугушууда ОТКнун
Украинанын оккупацияланган Луганск шаарындагы өкүлү Артём Рубченко жумушчу топтун ишинин жыйынтыгын чыгарган.
"Анын курамына өз ишинин кыйындары – Орусия Федерациясынын алдыңкы музейлеринин кызматкерлери жана университеттердин окутуучулары кирди", – дейт Рубченко. – Бул топ үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери иштеп келе жатат, буга чейин 20га жакын адам катышты. Быйылкы жылдын негизги окуясы аймактарга барып, 4 миңден ашуун экспонат жыйноо болду. Алардын айрымдары илимий жактан кайра иштетилүүдө жана бул топтомдордун натыйжасында Орусиянын эң ири музейлеринде төрт көргөзмө ачылды".
2022-жылдын июль айында "Интерфакска" берген комментарийинде
Нарышкин Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү "өздөрүнүн
жалпы ата мекенин коргоо үчүн орустар жана орус-малоросстор курган"
байыркы чептерди иликтөөнү сунуштаган. "Малоросстор" дегени –
украиндерди эскиче мазактап атаганы. "Изилдөөнүн жүрүшүндө табылган бардык объектилер "Орусия Федерациясынын маданий мурастарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилиши керек", – деди Нарышкин.
2022-жылдын ноябрында ОТК Севастополдогу "Херсонес Таврический"
музей комплексине административдик көзөмөлдү орнотуп, "Таш Күмбөз"
тарыхый-археологиялык коругунун базасында (Запорожье облусундагы
палеолит доорунан калган жай) "Херсонес Таврический" тарыхый-
археологиялык музей-коругунун филиалын" түзүү чечимин кабыл алган.
Украин археологу Эвелина Кравченко январь айында сайтка жазган
макаласында:
"Бир дагы тарыхчы, археолог же маданият таануучу мындай "айкалыштырууга" аң-сезимдүү түшүндүрмө бере албайт.
Анткени Украинанын тиешелүү коруктары түптөлгөн ажайып жайлар тарыхта да, археологияда да, архитектурада да эч кандай жалпылыгы жок таптакыр башка социалдык топторго таандык", - деп белгилеген.
Украин археологу Эвелина Кравченконун айтымында, Орусия "Таш Күмбөзгө" "орус православиесинин бешиги" деп "жасалма маани" берүүгө аракет кылууда.
"ЭБЕГЕЙСИЗ" ЖОГОТУУЛАР
"Элестүү түрдө Украинага курал-жарактын партиясы келди деп айтак болот", – деп айтылат Украинанын Маданият министрлигинин 20-октябрдагы билдирүүсүндө.
Министрлик АКШдан Украинага "энеолит доорунан орто
кылымдарга чейинки 14 даана байыркы куралдын" кайтарылганын
жарыялады.
Бул буюмдар музей коллекцияларынан уурдалганбы же аларды "кара
археологдор" Украинанын Орусия басып алган аймактарынан металл
издегичтердин жардамы аркылуу тапканбы, белгисиз. Мындай
көрүнүш июнь айында Каховка плотинасы жарылганда жана андан кийин
суу каптаган аймак кургатылганда кеңири жайылган. АКШнын өзүнөн эле
Украинада тонолгон жана өлкөдөн мыйзамсыз ташылып кеткен 20дан ашык экспонаттардын тобу кайра алынды.
"ГЭСтин суусу каптаган аймак казачествонун киндиги болгон", – дейт украин тарыхчысы Александр Алферов, Запорожье облусунун объектилеринин Украинанын мурдагы тарыхындагы мааниси тууралуу айтып жатып.
"Суу каптаган аймактар Запорожьенин борбору гана болбостон, Киев Русу үчүн да маанилүү болгон, анткени алар анын тарыхый аймагын кеңейткен".
Украиналык тарыхчылардын айтымында, мурда изилденбеген же жетишсиз изилденген көптөгөн объектилер учурда туш келди талап-тоноого дуушар болууда. Алар таберик эстеликтердин көбү маданий баалуулугун билбеген адамдар тарабынан талкаланып жок кылынышы мүмкүн деп чочулашат.
Киевдеги өкмөттүк мамилелер институтунун серепчиси Екатерина Штепа
тарыхый объектилер чет өлкөгө аткезчилик жолу менен алынып кетсе,
Украина оңой эле кайтарып алат деп эсептейт.
Июнь айында Нидерланддын Жогорку Соту жарым арал Орусия тарабынан оккупацияланып турганда өкмөттүн Амстердамдагы Крым музейлеринин биринин көргөзмөсүнүн алкагында
коюлган алтын скиф экспонаттарын Украинага кайтаруу чечимин колдогон.
Москва болсо бул кенчти Крымга жөнөтүүнү көздөгөн.
"Ал жерде мыйзамдуу бийлик бар болгону үчүн экспонаттар Украинага
кайтарылды", – дейт Штепа. – Бул иштин чоо-жайын изилдеп чыккандан
кийин, уурдалган башка баалуулуктар үчүнчү өлкөлөрдө болсо, аларды да
кайтарып алууга болот".
Евгений Сависко Москва эл аралык соттордун чечимдерин түк этибарга
албай жатканын, андыктан Орусияга алынып кеткен буюмдарды кайтарып алуу дээрлик мүмкүн эместигин белгилейт.
"Аянты учу-кыйырсыз өлкөнүн аймагынан тонолгон нерсени табуу дегеле мүмкүн эмес", – деди ал. – Кээ бир экспонаттар Орусиянын белгилүү музейлеринде пайда болуп калбаса эле".
"Орусиянын оккупациясынан кийин, жакында эле табылган, ошол себептүү украиналык илимпоздор тарабынан каталогго алынбаган буюмдар, кыязы, эч качан табылбайт же талаптагыдай иликтенбейт", – деп кошумчалады Сависко.
"Жоготуулар "эбегейсиз" дегидей, – дейт тарыхчы Яшный. – Бирок бул
сөздүн артында эмне турганын эч ким так айта албайт".
Путин 2022-жылдын 4-ноябрында Эл биримдиги күнүнө арналган
Манеждеги көргөзмөдө орус тарыхчыларынын жана православ дин
кызматчыларынын алдында сөз сүйлөдү. Эч кандай далил келтирбей туруп эле ал 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан бери "Батыш Украинаны Орусияга каршы тукуруп келе жатат" деп эски жомогун кайталады.
"Эгер кимдир бирөөлөр мамлекетти эгемендигинен ажыратып, анын
жарандарын вассалга айлантууну кааласа, анда алар элди өз тамырынан
ажыратып, эс-тутумун жок кылуу үчүн аталган өлкөнүн тарыхын кайра
жазуудан баштат", – деди Путин.
Бирок орус бийлигин сындагандар Путин Украинаны өзү айткандай кылууга жан үрөп жатат деп эсептешет.