"Тарых баарын ордуна коет". Ишкердин мүлкүн ким коргойт?

“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген мүлктүн наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат.

Байболовдор мындай саясатты "мүлктү тартып алуу" катары сыпаттап, эл аралык сотторго чейин кайрыла турганын билдиришти.

“"Өз ыктыяры менен" мамлекетке өткөрүп берип жаткандарга тил бүтөт”

29-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Байболовдордун базары боюнча түшүндүрмө берип, 1998-жылы мэриянын 8,1 гектар жери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирди. Алардын маалыматында, эми “Орто-Сай” жана “Дордой” базарынын Байболовдорго тиешелүү делген бөлүгүнүн кирешелери шаар бюджетине түшө баштайт.

“Тактап айтканда, "Оберон" ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан "Оберон" ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан. Муну менен наркы 3 млрд 889 млн 563 сом, жалпы аянты 8,1 гектар жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мэриянын менчигине өткөн базарлар, укугун талашкан Байболовдор

Ал эми "Оберон" компаниясынын жетекчиси Нуржамал Байболова аларга таандык Орто-Сай базарындагы 1,68 гектар жер убагында котлован, ал эми “Дордойдогу” 6 гектардан ашуун жер тилке саздак жер болгонун билдирди. Соңку 27 жыл ичинде "Оберон" Кыргызстандагы эн мыкты салык төлөөчүлөрдүн бири болгонуна да басым жасаган.

Нуржамал Байболова Эми Жогорку сотко кайрыларын, андан ары эл аралык сотторго чейин жетерин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бирин-эки мүчүлүштүктөрүн таап камап, опузалап, өз ыктыяры менен демиш болуп тартып алмай бизге келгенде ишке ашпай калды. Айлалары кетип, 27 жыл мурун жерди мыйзам бузуу менен алгансыңар деп, буйлаланган соттору аркылуу бизден жерди тартып алышты. Тек, болуп жаткан баскынчы, зордукчу саясаттан кулак кагыш болуңуздар. Түбөлүк эч ким доорон сүргөн эмес, булар да кетет. Алиги мүлкүн, акча каражаттарын “өз ыктыяры менен” мамлекетке өткөрүп берип жаткандарга тил бүтөт. Кайсы мүлк, жер, акча каражат кай жакка кетип жаткандыгы ачыкка чыгат. Тарых баарын өз ордуна коёрун бөркүмдөй көрөм”.


Соңку жылдары УКМК иш козгоп, анын артынан имараттар, жер тилкелер жана ар кандай объектилер мамлекеттин эсебине алынып жатат. Азырынча мыйзамсыз менчикке чыгарылганы айтылып, мамлекетте алынып жаткан мүлктөрдүн жалпы санын, наркын так айтуу мүмкүн эмес.

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөн.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна 29-октябрда жооп берген министр каражат канча убакыт ичинде кайтарылганын тактаган жок.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Кубанычбек Жаниев мамлекетке алынган мүлктөрдүн так саны тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Тиешелүү органдар мамлекетке кайтарылган мүлктөр боюнча дайыма эле маалымат тарата бербегени менен, бардык аракеттер мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтып келет.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева "Азаттыкка" мындай деди:

Үмүткан Коңкубаева.

"Ар бир органдын кылып жаткан иштери мыйзам чегинде. Мисалы, прокуратура атайын доо арыздын, козголгон кылмыш иштин негизинде гана мүлктөрдү мамлекетке кайтарат. Атайылап, карасанатайлык менен тартып алууга мыйзам жол бербейт. Ошондой эле башка укук коргоо органдарында дагы атайын козголгон кылмыш иштеринин, текшерүүлөрдүн алкагында гана ушундай иштер жүрүп жатат”.

Депутат Сурабалдиева Кыргызстанда соңку учурда жер тилке, мүлктөр массалык түрдө сатылып жатканын айтып, бул жаман тенденция экенин белгиледи. Эл өкүлү бул көрүнүштү анализ кылыш керек деген ойдо.

Тартып алуубу же мыйзамсыз иштердин изине түшүүбү?

Ишкерлер канчалык чочулап, экономисттер сындабасын бийликтин мамлекетке кайтаруу саясатын колдогондор да жок эмес.

Анткени “90-жылдардагы менчиктештирүүдө коррупция болуп, ошол учурдагы аткаминерлерге артыкчылык берилген” деген сөздөр көп айтылат. Мисалы, Ташиевдин тарапташтарынын бири Мирлан Дүйшөнбаев мындай деди:

Мирлан Дүйшөнбаев.

"Мамлекетке өткөн мүлктөрдүн ээлери өздөрүнүн киреше булактарынан ажырап, ичтери ачышып жатат. Анан, албетте, "рейдерлик басып алуу болуп атат" деген сөздөрдү айтып, коомго ар кандай кептер тарап жатат. Бирок чын-чынына келгенде баардыгы мыйзамдын чегинде болуп, сот аркылуу алынып жатат да. Убагында мыйзамсыз менчиктештирип кеткендиги аныкталууда. Эгер байкасаңыздар, ушундай мүлктөрдүн аз гана бөлүгүнүн ээлери айгай салууда. Көбү мыйзам чегинде болуп жаткандыгына макул болуп жатышат".

Айрым талдоочулар бийликтин "мамлекетке кайтаруу" жараяны ишкерлик чөйрөгө, инвесторлорго жакшы таасирин тийгизбестигин айтып келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай саясат жалпы ишкерлерди кооптондуруп жатканын белгилеп, Конституцияда кепилденген менчик укугу сакталышы керек деген пикирде:

Дастан Бекешев.

“Көбүнчө ишкерлер коркуп калышты. Алар компания ачкандан качышуула. Ал эми бизге келген компаниялар "силерде коркунуч бар" деп айтып жатышат. Алар эртең башка бирөө ишканасын тартып алабы деп чочулашат. Өткөн аптада бул маселени Жогорку Кеңеште көтөргөм. Бирок эл колдоп жатат. Эл экономикалык анализ кылбайт экен. Албетте, элге жагат. Бирок мамлекет абайлашы керек. Ишкерлер мындай маалыматты терс кабыл алышат".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.