Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин 20-ноябрда кайра ачылды. Беш жылдан бери жабык турган маданий жайда эмне өзгөрүүлөр болду?
Музей жетекчилигинин айтымында, маданий мекеме дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталды. Анда байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлган.
Музейдеги байыркы палеолит доорунан берки жалпы экспонаттардын саны 100 миңге чамалайт.
Музей жетекчилиги бул экспонаттардын 80 пайызы жаңы коюлганын айтууда. Маселен, мурда таш доорунда табылган эки гана артекфакт көрсөтүлсө, учурда Кыргызстандын 20-30 аймагынан табылган эстеликтер коюлган.
Коло доорун, сактардын доорун, алардын убагындагы көрүстөндөрүн, ырым-жырымын, күмбөзүн чагылдырган экспонаттар менен катар музейде Түрк кагандыгы, караханийлер доору тууралуу да маалыматтар бар.
Тарых музейинин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудиновдун айтымында, экспонаттардын көбүнүн түп нускалары коюлду.
“Алгачкы бешиктер коюлду, кыргыздын байыркы алтындар залы да ачык көрсөтүлүүдө. Этнографияга арналган бурчтан алгачкы жолу Кыргызстандын саясий тарыхынын XVI кылымдан XIX кылымга чейинки учурун туруктуу көргөзмөдө чагылдыра алдык. Бул өтө татаал тема болгондуктан, буга чейин чыга элек болчу. Буга биздин адистердин салымы чоң. Мурда экспонаттардын 20% гана көрсөтө алсак, азыр 80% жакынын эл көрүп жатат. Көптөгөн мамлекеттердин тарых музейине кайрылсак, көпчүлүк экспонаттардын түп нускалары көп көрсөтүлбөйт. Биздин музейдин эң башкы өзгөчөлүгү - дээрлик 80 пайызга жакын экспонаттардын түп нускалары коюлду”.
Мурда музейдин фондунда 100 миңден ашык экспонат болсо, алардын 20 пайызга жакыны гана көргөзмөгө чыгарылчу. Ал кезде археологиялык жана этнографиялык көргөзмөлөр гана көрсөтүлүп келген.
Маданий жай толук реконструкциядан өткөндөн кийин өлкө тарыхынын бардык этаптары тематикаларга бөлүнгөн көргөзмө уюштурулду.
Азыр музейде эгемен Кыргызстандын чагылдырган төмөнкү стенддер орун алган.
- Кыргызстандын бийлик түзүмү
- Улуттук гвардия
- Улуттук валюта
- Мамлекеттик атрибуттар
- Мамлекеттик сыйлыктар
Тарыхка так салган окуялар
Ошону менен катар музейдин бул бурчунда өлкөнүн коомдук, саясий жана экономикалык турмушу, алгачкы агрардык реформалар, менчиктештирүү, руханий турмуштагы өзгөрүүлөр, мамлекеттик тил жана улуттук маданиятка арналган көргөзмөлөргө орун берилген.
1995-жылкы Манастын 1000 жылдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы өңдүү урунттуу окуялар да чагылдырылган.
Маданий жайда 2002-жылдын 17-апрелиндеги Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын” революциясы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияга арналган стенддер бар.
Ушул эле катарда Кыргызстандын эл аралык дүйнө коомчулугу менен болгон байланыштарына арналган буюм-тайымдар коюлуп, стенддердин акырынан өлкө тарыхындагы алты президенттин сүрөтүн көрүүгө болот.
Тарых музейинин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов:
“2010-жылы 7-апрелдеги окуя кыска берилди дегендер болгону менен, эгемендүүлүккө арналган музейдин аянтчасында башка саясий окуяларга караганда Апрель окуясына тескерисинче көбүрөөк орун берилип, төрт витрина бөлүнгөн. Анда революцияга катышкан жарандардын сүрөттөрү, өздүк буюм-тайымдары, документтери турат.
Ошондой эле “Апрель революциясына” атайын медиастанция коюлган, бул жабдуудан Апрель революциясында курман болгондордун аты-жөнүн, сүрөт-видеолорун көрө алышат. Булар менен катар Акаевдин, Бакиевдин доорунда мыйзамсыз берилип кеткен жерлер карта аркылуу көрсөтүлгөн. Бул бөлүк дагы кеңири качан чагылдырылат? Ошол окуяга байланышкан иш-чаралар болгондо атайын тематикалык көргөзмөлөр ачылып турат. Алардын убактысы бир айдан алты айга чейин созулат. Ошондо көрүүчүлөр дагы кенен тааныша алат”.
Музей 1984-жылга чейин Ленин музейинин филиалы болгондуктан, анда Кыргызстандын тарыхы толук чагылдырчу эмес.
Мумия эмне болот?
Археолог Юрий Баруздин Баткендин Мактым-Гөр аймагынан аялдын мумиясын таап алып, аны тарых музейине өткөрүп берген.
2017-жылы октябрь айында ошол кездеги маданият министри Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен биздин замандын I – V кылымына таандык мумия табылган жерине кайра көмүлгөн.
Бул коомчулукта түрдүү кайчы пикирлерди жараткан. 2018-жылы ошол кезде маданият министри болуп дайындалган Султан Жумагулов жана айрым депутаттар аялдын сөөгүн кайра казып келүү демилгесин көтөргөн.
Өмүрбек Самудинов мумияны кайра казып алууга мүмкүнбү деген сурообузга мындай жооп узатты.
“Мумиянын жерге берилгени албетте, өкүнүчтүү. Бирок эми кеч болуп калды окшойт. Анткени ал учурда мумия атайын арча табыттын ичинде бир температурада сакталып турган, азыр тилекке бузулуп кетсе керек деген пикирдебиз”.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы 2018-жылы Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын иликтеген. Программанын жүрүшүндө мумияны көмүүдө мыйзамдар одоно бузулганы, чечим кабыл алууга бүбү-бакшылардын гана кайрылуусу негиз болгону белгилүү болгон.
Сот иштери
Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.
Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жакшыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.
2018-жылы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнүн шардана кылган. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.
Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.
Бул иште шек саналган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.
7-декабрда Жогоркусот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.
Музейдин тарыхы, кызматкерлери жана көрүүчүлөр
Өмүрбек Самудинов Тарых музейинде 2005-жылдан бери эмгектенип келе жатат. Ал 15 жыл ичинде илим агартуу бөлүмүндө 30 кызматкер алмашканын, алардын көпчүлүгүнүн себебин маянанын аздыгына байланыштырат:
“Башка маданий тармактагы кызматкерлердин катарында эле музей кызматкерлеринин айлыгы деле чеке жылытарлык эмес. Бизде кадрлардын кармалып калышы өтө кыйын. Мисалы, техникалык кызматкерлер 5-6 миң сом, илимий кызматкерлер 8 миңден жогору, ал эми эң жогорку айлык алгандар 10-15 миң сом алат. Соңку кезде айлык көтөрүлдү деп маалымат тарап жатканы менен музей кызматкерлеринин маянасына 800 сомдон 1300 сомго чейин гана акча кошулду. Ушул себептен баяндамачылар, жаш кызматкерлер кызматтан кетип жатат. Биз бул кызматтагы адамды алты ай дегенде тарбиялайбыз. Жалпы эле музей кызматкерин экспозициялык, илимий изилдөө өңдүү иштерге тарбиялоо үчүн жылдар кетет. Азыр тарых музейинде өз кесибин билген адамдар иштеп жатканы менен аймактардагы башка музейлерде кадрдык маселе да оор абалда”.
Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 2021-жылдын 19-ноябрында салтанаттуу ачылган. Жарандарды 20-ноябрдан баштап кабыл ала баштаган. Алгачкы он күндө кирүү акысыз экени расмий кабарланган.
22-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы Улуттук тарых музейи эки күндө 8 миңдей кишини кабыл алганын “Азаттыкка” кабарлаган.
Тарых музейи андан кийинки дагы бир күндү эсептегенде, көрүүчүлөрдүн саны 15 миңден ашканын билдирди.
Айрым интернет колдонуучулар бул көрүнүштү алкап, “эл маданиятын, тарыхын сагынды” деген пикирлерин калтырышты.
Улуттук тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.
Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында Улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.
1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 1973-жылдын 28-декабрында музейде жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы метр аянтты ээлеген 45 залга палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбор Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.
Музей 1984-жылга чейин Ленин музейинин филиалы болгондуктан, анда Кыргызстандын тарыхы толук чагылдырылган эмес. Музейдин фондунда 100 миңден ашык экспонат болсо, алардын 20 пайызга жакыны гана көргөзмөгө чыгарылып, археологиялык жана этнографиялык көргөзмөлөр гана көрсөтүлүп келген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.