Улуттук тарых музейиндеги жаңылыктар

Улуттук маданият музейи 1954-жылы "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 

Токтогул Сатылгановдун чыгармаларына арналган бурч.

Экспонаттарды көрүп жаткан кыздар. 

Музей 1926-жылы алгач М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Музейдин музыкалык бөлүгүндө кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын түрлөрү коюлган. Ал эле эмес ар бир аспаптын үнүн атайын кулак таккыч менен угууга болот.

Музейде байыркы доорго таандык алтындан жасалган зер буюмдар коюлган. 

Байыркы кылымга таандык тыйындар.

Тарых музейин оңдоо иштери 2016-жылы башталып, чуу менен коштолгон. Анда музей үчүн сатып алынган эмерек жана экспонаттардын баасы өтө кымбат экени аныкталган.

Мисалы сүрөттөгү бул жыгач аттар 28 миң евродон турары айтылган.

​Музейдин ички жабдыктарын жаңылаган германиялык Vitrinen und Glasbau REIER компаниясы​ 60 жыгач мамынын ар бирин 1137, жүзгө жакын отургучтун ар бирин 1200 жана эки жыгач атты 28 миң евродон алып келген.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. 

Жыгач атка катылган жүгөн.

2019-жылы күзүндө ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин, ал төлөнбөсө музейдин ачылышы кыйын экенин билдирген. Ал бул каражат төлөнгөндөн кийин музейди автоматташтыруу системасы ишке кирип, андагы тиркемелердин ачкычы берилерин айткан.

Музейдин ачылуу аземи театрлаштырылган иш-чара менен коштолду. 

Музейге илинген шырдак. 

Музейдеги боз үйдүн ички көрүнүшү.

Музейдин ичи заманбап технология менен жасалгаланып, айрым экспонаттар мультимедиалык жабдууларга туташкан.

Музейдин сырткы көрүнүшү.

Дээрлик беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылды. Музей 20-ноябрдан баштап көрүүчүлөрдү кабыл алып баштайт. Алгачкы он күндө кирүү акысыз болот.