КДК таасирдүү саясий уюм болгон

Бишкек, 1991-жыл.

Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) саясий уюмунун түзүлгөнүнө ушул күндөрү 30 жыл болду.

Бул уюмдун доор өзгөргөн, система алмашкан учурдагы орду, ролу кандай болду? Демократия баалуулуктарын калыптандырууда ал кандай салым кошту? Кыргыз коомунун өнүгүү багытын аныктай алганбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна укук коргоочу Турсунбек Акун, саясий серепчи Алмаз Акматалиев жана коомдук активист Таалай Ылайтегин катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) саясий уюму кандай шартта, кандай зарылчылыктан уюштурулду эле? Анын кыймылга айланышына эмне себеп болгон?

Алмаз Акматалиев: - «Кыргызстан демократиялык кыймылы» уюмунун массалык саясий күчкө айланышына негизги факторду бөлүп көрсөтөр элем. Биринчиси - ал убакта Коммунисттик идеология четинен ыдырай баштаган эле.

Алмаз Акматалиев.

Экинчиси - СССРдин президенти М. Горбачевдун «кайра куруу» жана «жаңылануу» саясатынын жемиши. Үчүнчүсү - улуттук аң сезимдин ойгонушу, көтөрүлүшү, «улуттук тамырыбызга, баалуулуктарга кайтышыбыз керек» деген ойлор көп айтыла баштады. Мына ошондой шартта жашап жаткан, ошондой ойдо жүргөн адамдардын, майда уюмдардын топтору сөзсүз саясий күчкө айланмак. Ал күч «Кыргызстан демократиялык кыймылы» болду.

«Азаттык»: - Турсунбек мырза, сиз кечээги кайрылууңузда КДК учурунда Компартияга атаандаш, таасирдүү күчкө, саясий институтка айланганын айтыпсыз. Эгер ушул чын болсо, аны кандай жүйөлөр менен бекемдей аласыз?

Турсунбек Акун: - Коммунисттик партия 70 жылдан ашуун мезгилден бери «кылычынан кан тамдырып», СССР деген улуу өлкөнү башкарып келди. Компартия башка саясий уюмдарга, өкмөттүк эмес уюмдарга, эркин басма сөзгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Заман жаңыланып жаткан, кайра курууну, эркиндикти эңсеген майда-майда топтор жер-жерлерден чыга баштады. Арадан убакыт өткөн сайын алардын башын кошуп, бир кыймылга биригүү зырылчылыгы келип чыкты. Алар бириккен күнү, 1990-жылдын 26-майында КДК түзүлдү.

Турсунбек Акун.

КДК ошол күндөн баштап чоң күчкө айланып, демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги, пикирлердин ар түрдүүлүгү деген маселелерди кабыргасынан коё баштады. Элдин колдоосу улам көбөйүп жатты. Андан кийин эң башкысы Кыргызстандын көз каранды эместигине жетишүү тууралуу ураандар көтөрүлө баштады.

КДК Кыргызстандын Компартиясынын, парламенттин, өкмөттүн жетекчилерине катуу талаптарды коюп, пикет-митингдерди уюштуруп келди, элдин колдоосу өсүп жатты. Кыргыз жаштарына Бишкектин айланасынан үй салууга жерлерди берүү тууралуу талаптарды да КДК көтөргөн. Ушунун баары ошол учурда бийликте турган Компартияны кокодон алгандай эле көрүнүп, бийликке атаандаш болуп, КДКнын таасири масссалык мүнөзгө ээ боло баштаган. КДКга жеке адамдар эле эмес, колхоз-совхоздор бүткүл жамааттары менен мүчө болгон учурлар болгон. Чоң күчкө айланды дегеним ошол. Коомдун ишенимине, сүймөнчүгүнө ээ болуп, элдин оозунда «Кыдыке» деген атка конгонбуз.

«Азаттык»: - Таалай мырза, КДК 1990-жылы уюшулуп, 1993-жылы таркап кетти. Анын өмүр эмне үчүн кыска болду? Таасири кете баштаган беле же саясий миссиясын өтөп бүттү беле?

Таалай Ылайтегин: - КДКга кирген майда уюмдардын ишмердүүлүгү 1988-жылы эле башталган. Күрөш ошондон бери жүрдү. Балтика өлкөлөрүндөгү өзгөрүүлөр, күрөштөр, жазылган макалалар бизге чоң таасир берген. Ошондо биз «Кыргызстан жаштары» деген уюм уюштурганбыз. Кийин ондогон майда уюмдар биригип КДКны түздүк. Баарыбызды бириктирген бир максат – Компартиянын үстөмдүгүнөн кутулуу, эркиндикке чыгуу болчу. Анан 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алды, КДК максатына жетти. Баягы өз алдынча максаттары бар уюмдар кайра тарай баштады. Убагында КДК өз миссиясын татыктуу аткарган десем болот. КДКдан «Асаба», «Эрк» ж.б. бир нече партиялар өсүп чыкты.

Турсунбек Акун: - КДК негизги беш маселени ишке ашырды: биринчиси - демократиялык багыттагы уюмдардын башын кошо алды, экинчиси - адам укуктарын коргоо жаатындагы уюмдарды чыгарды, үчүнчүсү - саясий партияларды чыгарды, төртүнчүсү - эркин массалык маалымдоо каражаттарын (Кыргыз жерТВсы, «Майдан» гезити ж.б.) чыгарды, бешинчи - эркин, жеке менчик ишкерликти өнүктүргөнгө («Шоро» ж.б.) шарт түздү.

Дагы караңыз КДК: Советтик доордогу демократиячыл блок

«Азаттык»: - Алмаз мырза, сиз ж.б. жигиттер ошол учурда Балтика боюндагы өлкөлөргө каттап жүрдүңүздөр. Алардын тажрыйбасын үйрөнүш үчүн бардыңыздар беле? Дегеле КДК уюмунун уюштурулушуна чет өлкөлөрдүн таасири, жардамы болгонбу?

Алмаз Акматалиев: - Кыргызстандагы демократиялык кыймылдарга чет элден моралдык жана интеллектуалдык жардам болгон. Илимдер академиясында иштеген жаш окумуштуулар Латвиянын Рига шаарына барганбыз. Бизди Кыргызстан комсомолунун жетекчилиги колдогон, анда Тынычбек Табылдиев жетектеп турган.

Биз Латвиянын «Элдик фронт» деген саясий кыймылынын, алар чыгарган гезиттеринин иштери менен таанышып келгенбиз. Биз аябай таасирленип келдик. Анткени Балтика өлкөлөрүндө өз алдынчалыкка умтулган күрөш 1985-жылы эле башталган болчу. Аларда көп тажрыйба топтолуп калган. Ошондон кийин Кыргызстанда мамлекеттик тил, тарыхты тактоо, айыл-кыштактардын, шаарлардын аттарын кыргызчалатуу деген чоң маселелер көтөрүлө баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​