"Таманго" - кара ниеттикти айыптаган чыгарма

Иллюстрация сүрөт.

Француз жазуучусу Проспер Мерименин "Таманго" аңгемеси айры бут пенде баласынын эң ыплас аракетин айыптаган чыгарма. Мында баары: арам акча, баёолук менен кара ниеттик, караңгылык, катаал замандын азабы адам тагдыры аркылуу кемелине келтире сүрөттөлгөн.

Америка континенти европалыктарга ачылып, ал жерде кант өстүрүү күчөй баштаганда ысыкка чыдамдуу кара адамдарды кул катары иштетүү ХVI кылымдын ортосунан тарта күчөй баштаган. Бекер жумушчу күчү Африкадан ташылган. Пенде баласынын айбан жасагыс кылмыштуу аракети XIX кылымга чейин уланган. Ишке жарамдуу жаштарды континенттин өзүндөгү эле адамдар жээкке кемесин токтоткон сатып алуучуларга айдап келип беришкен. Бекер эмес, албетте, кадимкидей соода жүргөн.

Проспер Мерименин "Таманго" аңгемесиндеги капитан Леду аскердик иштерден четтетилгенден кийин кул сатуучулукка өткөн. Өмүрү уруш-талаштарда жүргөн, башкаларды басмырлаганды, өмгөктөгөндү жакшы көргөн аскер адамы жай турмушка көнбөй, акча табуунун оңой жолун издей баштаган. Андай иш Африкадан кулдарды сатып алып, америкалык фермерлерге сатуу болчу. А бирок бул иштин опуртал жагы да бар эле, кул сатуучулукка тыюу салынып, француздар андайларды куугунтукка алып, англичандар Африка жээктерин аскер кемелери менен тозоттоп калышкан.

Капитан Леду тартынчыктоо, коркуу, уялуу деген сезимден таптакыр куржалак калган беттеген ишин аягына чыгарганча жаны жай албаган, башкаларга да тынчтык бербеген көк, өжөр, чаарбаш неме эле. Уруштардын биринде катуу жарадар болуп, бир колунан ажыраганы менен дагы деле демдүү, өткүр, тажаал болчу.

“Үмүт” Африкага жакындаганда кемени текшерген инспекторлор эмне үчүн анда темир чынжырлар менен кишендер көптүгүнө деле маани беришпеди, капитандын Сенегалдан жыгач пил сөөгүн алып келгени баратышканына ынанып, эмнеликтен таза сууну көп алып алышканына деле кызыгышпады. Сенегалга баратса ушунча суунун эмне кереги бардыгын сурашпады, деңиз мемиреп тынч болуп, жел кеме жылбай туруп калса суу аябай керек экенин эсепке алышты окшойт.

Бул ирет баары жакшы башталды, “Үмүт” кемеси Африка жээгине маалында жетти. Англис крейсерлери ошол учурда текшербей турган Жоаль булуңуна якорун таштап, жергиликтүү соода агенттери менен сүйлөшүүгө киришти. Бул жерде кулдарды ийрилтип чогултуп жээкте күтүп турчу Таманго бар эле.

Дагы караңыз Аскар тоонун алптыгы алыстан көрүнөт: Садырбаевдин мурасы

Бул жердегилерге белгилүү жоокер, айтканы эки болбогон, көзүн жашылданткан байкуш адамдарды малдай айдап, урганын уруп, өлтүргөнүн өлтүрчү жанкечти кемесин жээкке токтоткон ак адамды күтүп калган. Аны менен арак, керектүү оокат-аштын баары келчү. Деңизге чыкчу кемелерди катуу текшерип калышкандан бери кул сатуучулук азыноолок тыйылып, соода солгундай баштаган, ошондон кулдар арзан сатылып калган.

Капитан Леду жээке чыгып Тамангого жолугушу керек. Ортолук соода жакшы өтүшү үчүн Таманго үстүнө европалык аскерлердин эски кийимин кийип, жанына эки аялын, топураган күзөтчүлөрүн чогултуп чөп алачыкта отурган. Жылаңач денесине иле салган кийими чак келбей, курсагы ачылып калган бул адам бою бийик, аябай карылуу, анан да кимге болбосун тике караган Таманго алып келген кишилерин канчага сатам деп ойлонуп жаткан. Ортолук соода ал-абалды сурагандан кийин арак ичүүдөн башталды. Капитан Леду Тамангого Наполеондун сүрөтү чегилген жез куту тартуу кылды. Көлөкөсү калың дарактын алдында арактан алагүү болуп калышканда сатылчу адамдарды алып келишти. Жыгач бакандарга бекем байланган илкиген байкуштарды карап туруп капитан адамдар майдаланып кеткенин, кабелтең күчтүүлөр аз экенин айтса, Таманго мыктыларды табыш мүмкүн болбой калганын айтып, соода анча кызыбады.

"Таманго айткан бааны котормочу француз тилинде айтары менен, Леду таң калганынан жана нааразы болгонунан аз жерден чалкасынан кете жаздап; анан карганып-шиленип, ушундай кейбир адам менен сүйлөшүүнү токтотмок болгон түр менен ордунан турмак болду. Таманго аны кармап, бир кыйла убарачылык менен кайрадан отургузду. Дагы бир бөтөлкө ачылып, соода кайрадан башталды. Эми Таманго ак капитандын акылга сыйбас, болбогон сунуштарына нааразылыгын билдирип, көпкө чейин кыйкырык, талаш-тартыш менен арак арбын ичилди. Арак да аларга ар кандай таасир этти. Француз канчалык көп ичсе, ошончолук бааны азайтып, африкалык канчалык ичкен сайын ошол баага макул боло берди. Ошентип себеттеги арак түгөнүп, арзан кездеме, мылтыктын дарысы, оттук, үч бочке арак жана эптеп-септеп ремонттолгон элүү мылтыкка – жүз элүү кул, күңдөрдү алды."

Баары дурус болгонсуду, аягында отузга жакын туткун, карыган чалдар, эселек балдар, оорукчан аялдар калышты. Кеме жык толгон кулдарды кайда жайгаштырат? Таманго буларды бир бөтөлкө аракка айырбаштоону сунуштады. Капитан ойлонуп отуруп жыйырмасын алды, ансыз да тирелген адамдар арасына арыгыраак мына бул жыйырма туткунду батырмак болду. Соңунда экөө стакан кагыштыра олтуруп дагы үчөөнү алып, калганын албай турганын билдирди. Таманго артыкбаш туткундарды бир стакан аракка албай жаткан капитанга өчөшүп, бир четтен ата баштаганда чыдамы түгөнгөн аялдарынын бири анын колун түртүп жиберип ок асманга кетти. Аракка тойгон Таманго ачуусу менен ошол аялын капитанга бермек болду, сага белек кылам деди. Чырайлуу аялга көзү түшүп турган капитан ага кемеден орун табыларын айтып ордунан турду.

Дагы караңыз Бейтааныш аялдын арзуусу

Иши бүткөн Таманго отурган жеринде уйкуга кирди. Ал ойгонгондо жанында жакшы көргөн аялы Айше жок болчу. Күзөтчүлөр аны масчылыкта капитанга Ледуга тартууга берип жибергенин уккандан кийин алыска узай элек кеменин артынан булуңду көздөй чуркады. Жээкте турган кайыктарды бирине түшүп тез эле кемени кууп жетти. Жеткени менен капитан тартууга берилген сулуу аял берилбесин айтып, Тамангону кемеден түш дегендей ишарат кылды. Таманго да көгөрүп, Айше үчүн алынган товардын бир бөлүгүн, мылтыгын, кылычын кайтарып беришке даяр экенин тилмечке түшүндүрдү. Капитан макул болбоду, ал ортодо жардамчысы жүктөлгөн туткундардын үчөө өлүп калганын айтып, Тамангону деле кошуп албайлыбы деп калбаспы.

"Леду Айше үчүн алмашканга мылтык татыктуу бекен дегендей мылтыкты колуна кармап, затворун текшеримиш болуп, дүрмөтүн алып койду. Улук жардамчысы кылычын кармалап жатканда, куралсыз немеге эки карылуу матрос кол салып жыгып алып байлай башташты. Күтүлбөгөн жерден алдырып коюп, эми өзүнө келе түшкөндө, ыңгайсыз абалда болсо да экөө менен күрөшүп жатты. Ченебеген күчүнө салып, бутуна турду. Көк желкеден кармаган немени бир муштап жыгып, мундиринин өңүрүн экинчисинде калтырып, кылычын кармап турган улук жардамчыга умтулду".

Ошентип кул сатар өзү кулдар арасына кошулуп, "кечээ эле ал сатып ийген туткундар, Тамангонун аларга кошулуп" калганына таңданбай маңыроо туруп калышты. Алардын бири да байкуштарды кул кылып сатып ийген жанкечтиге даай алышпай, көздөрүн жашылдантышат. Капитандын жолу болуп шамал жакшы согуп, кеме ачык деңизге чыккандан кийин Леду табар пайдасын ойлой баштады.

Дагы караңыз Апийим соодасына азгырылган келин

Катуу жарааттан оңоло албаган Таманго кыйла мезгил сыртка чыкпады. Акыры чыкты, сөөлөтүнөн жанбай башты бийик көтөрүп палубага көтөрүлсө капитан тамексин чегип жайма-жай отурат, Айшеси жарашыктуу кийинип анын жанында кичинекей табак кармап мостоёт. Таманго ага "Айше!" деп кыйкырып, "актардын өлкөсүндө Мама-Жумбо жокпу" деп жиберди. Ушул сөз байкуш аялды аябай коркутту, ордунан жылбай титиреп туруп калды. Мама-Жумбо африкалыктардын коркунучтуу жан алгычы экен. Ал жерде эринин көзүнө чөп салган зайыпты "Мама-Жумбо" деп коркутушат. Бөкөчө дегени кайсы бир шумпайдын жасаган каракчысы, бирок маңыроо аялдар андан аябай коркуп, күнөөсүн мойнуна алып эси-көөнүнөн кеткис таяк жешчү.

Ак жамынган шумпайдын оюлган ашкабактын ичиндеги шамдан корккону момун элдин маңыроолугу болчу. Аны шумпайдар ушундайча пайдаланчу. Таманго болсо өң-алеттен кеткен байкуш Айшенин жүрөгүнүн үшүн алып, өгөө таап берүүнү буйруду. Таманго туткундарды күн-түн дебей үгүттөп, актарды жок кылышса, кемени артка буруп кайра Мекенине алып бара турганын айтып, ишенбегендерди коркутууга өттү. Акыры кулдардын кемедеги каршылыгы башталды.

"Байкатпай чынжырын үзүп алган Таманго козголоң баштоо тууралу белги - ачуу айкырык салып, жанында турган матросту буттан алып палубага көтөрүп урду. Мылтыгын ала коюп вахтада турган башчыны атып калды. Ошол замат калгандары да кароолдогу матросторго кол салып, куралдарын тартып алып, өлтүрүп жатышты. Бардык жактан кыйкырык угулат. Кишендердин ачкыч алып жүргөн боцман биринчилерден болуп өлтүрүлдү. Ошону менен бардык туткундар палубага чыгып, куралы жоктор кайыктын калактары, таяктар менен салгылашты".

Аягында Таманго капитан Ледуну өлтүрдү, кемеде толук жеңиш орноду. Балакеттин баарын алып келген акыркы ак түстөгү адамдын сөөгү кемеден сууга ыргытылгандан кийин, жел кеме эч нерсе болбогондой буларды кулчулукка алып баратты. "Актардын буюму" бизди мекенибизге алып барар бекен?- деген суроо баарынын оюнда турду.

Кемени артка кайтаруу бир келсе, Тамангонун гана колунан келет. А бирок анын сыйкыры деле эч нерсе кыла албачудай. Таманго бир нерселерди күбүрөп, кеме башкарчу адам турчу жерге барып компасты карап, анын жанындагы штурвалды тегеретип жиберди.

Ойдолоп турган күлүккө ат мингенди билбеген бирөө олчоюп отуруп алганда мөңкүгөндөй, ыраатында келаткан кеме толкундарга чайпалып, багытынан тайып, устун чыгачтары сууга тийчүдөй оодарылып барып оңолду. Кемедегилердин биртобу сууга кулап, шамалга туруштук бере албаган эки мачта сынып кулап түштү.

Иллюстрация сүрөт. Деңиздеги толкун.

"Коркконунан чыры-чуу түшүп, жүрөгү түшкөн кишилер люктарга чуркап, шамалга каршы парустар болбогондон кийин кеме түздөлүп, толкундарга жай чайкалат. Таманго кыймылсыз, компас турган үкөккө чыканактап жөлөнүп, алакандары менен бетин басып турат. Айше сөз айтканга батынбай, жанында".

Балээнин баары ошондон кийин башталды. Туткундар компастын жанына келип күбүрөп-шыбырап актардын буюмунан мекенине жеткирип коюуну сурана башташты. Ошол учурда алардын бири трюмда катылган аракты таап алганын айтып, баарысы ошол жакка жулунушту. Бир сааттан кийин баары мас, ырдап-бийлеп жыргап, каалаганын жасап жатышты.

Түндө өлүп калгандарды бир жерге жыйып коюшуп, асман бүркөлүп толкун күчөй баштаганда бир нече бакшылар сыйынып, күбүрөп-шыбырап тилек тилөөгө өтүштү. А бирок мачтасы сынып калган кеме ордунан жылбай, баарынын айласы куруду. Тамангого барып эмне кылабыз деп акыл сурашса ал өзүнө жетерлик оокат-ашын камдап алган экен тигилердин өтүнүчүнө унчукпай койду. Акыры келип буларды жубанткан нерсе арак болду.

"Арак түгөнө элек. Аны ичип алсаң, жок дегенде деңизди да, кулчулукту да, жакында өлө турганыңды да унутасың. Түшүңө Африка, каучук дарактуу токойлор, саман жабылган кепелер, өз көлөкөсү менен кыштакты бүт каптаган баобабдар кирет. Кайрадан аракка кирип, бир нече күн өттү. Ыйлап, кыйкырып, өз чачтарын өздөрү жулуп, андан кийин арак ичип уктап калуу – булардын жашоосунда бөлөк эч нерсе калбады. Бир тобу арактан өлүп, дагы бир тобу деңизге секирип же өзүн өзү өлтүрүп тынды".

Андан кийинки азаптарын айтып-айтпаганда не! Күндүзү саратан ысык куйкалап, анысы ал келгенсип толкундар кайыкты оодарылтчудай чайкап, калган азык-түлүктү талашкан жыйырмадай сөлөкөт калып аягында "Үмүт" кемесинде Таманго менен Айше гана олтуруп калышты. Баш көтөрүүгө алы келбеген Айше ушул азаптан улам Таманго жалгыз калганын, ага өзү гана күнөөлүү экенин айтты. Таманго акыркы каткан нанды аялына берип, анын эч кандай айыбы жоктугун билдирди. Акыры аларды адамдар таап алышты.

"Бир аз мезгилден кийин англис фрегаты “Белона” мачталары жок бир кемени жолуктурду, кыязы экипажы таштап кеткен көрүнөт. Ал эс-учу жок, бирок тирүү окшойт. Кеменин дарыгери карап, жардам берип, “Белона” Кингстонго келгенде ал кадимкидей жакшы болуп калган...

Ал бойлуу, сулуу адам эле. 75-полктун командири аны көрүп, полктун оркестрине литаврщик кылып алды. Ал анча-мынча англисче сүйлөгөнгө үйрөндү, бирок сүйлөшкөндү жаман көрчү. Ромду жана канттан тарткан аракты ашыра ичип жүрдү. Кийин өпкөсүнө суук тийип, ооруканада өлдү".

Ушундай кайгылуу баян. XIX кылымдагы француз классиги Проспер Мерименин жаамы дүйнө окурмандарына белгилүү новелласын кыргыз тилине Марсел Исаков которгон.