Талибдердин тыюусуна карабай апийим айдагандар көбөйдү
Куралчан адамдар "Талибандын" Баңгизат полициясынын апийим талаасын жок кылуу ишине байкоо салып турушат. Мазари-Шариф, Балх провинциясы, Ооганстан. 1-май.
Талибдер 2022-жылдын апрелинде апийим өстүрүүгө тыюу салган. Бирок былтыркы түшүмгө чектөө коюлган эмес. Мындан улам апийим өндүрүшү 32% өскөн.
Эксперттердин баамында, каржы тартыштыгынан улам талибдер өздөрүнүн тыюу тууралуу чечимин аткаргысы деле келбейт. Ооганстанда апийимдин мыйзамсыз соодасы негизги киреше булагы болуп саналат. 2021-жылы андан 1,8 - 2,7 миллиард долларга чейин пайда түшкөн. Бул көрсөткүч Ооганстандын ички дүң продукциясынын 12-14% түзөт.
"Талибан" азыр коңшу мамлекеттердин жана эл аралык коомчулуктун басымында турат. Дүйнө коомчулугу 2021-жылдын августунда АКШ жана НАТО баштаган чет элдик күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин бийликти басып алган радикал уюмду баңгизаттарга каршы күрөшүүгө чакырып келет.
Талдоочулардын баамында, "Талибан" 1996-2001-жылдарда бийликте болгон убакта апийим өндүрүшү бир топ азайган. 2001-жылы бийликтен куулгандан кийин талибдер өздөрүн каржылоо үчүн дыйкандарды апийим айдоого мажбурлай баштаган.
Баңгизатка каршы полициясына апийим талаасын жок кылууга жардам берген оогандык бала.
2022-жылы талибдердин жогорку лидери, молдо Хайбатулла Ахундзада апийим өстүрүүгө, колдонууга жана баңгизаттардын бардык түрүн сатууга, сатып алууга катуу тыюу салган.
"Жарлыкты бузгандардын алган түшүмү жок кылынып, өздөрү шарият мыйзамына ылайык жазаланат", - деп жазылган жарлыкта. Аны "Талибандын" Ички иштер министрлиги Кабулдагы маалымат жыйында жарыялаган.
Оогандык дыйкандар тирилик кылуу үчүн башка мүмкүнчүлүктөр болсо апийим айдоону токтотууга даяр экенин айтышат. Алардын билдирүүсүндө, талибдердин экономикалык колдоосу аз болгондуктан, элдин көбү буудайдан көрө көп киреше алып келген апийим өстүрүүгө басым жасайт.
"Эгерде бизге үй-бүлө багуу, дары-дармек алуу үчүн акча табууга башка мүмкүнчүлүк берилсе, апийимге салынган тыюуну колдойм", — деп айткан былтыр Кандагардын тургуну "Азаттыктын" ооган кызматына.
"Талибан" экинчи жолу бийликке келген 2021-жылдын августунан бери Ооганстанда адам укуктары, аялдардын укуктары бузулган учурлар көбөйдү. Бийликтеги биринчи жылы эл алдында балак уруу, өлүм жазага тартуу сыяктуу көрүнүштөр кеңири жайылды.
"Талибандын" кыз-келиндердин билим алышына, мекеме-уюмдарда иштешине тыюу салган чечимдери эл аралык коомчулуктун сынына кабылып турат. Бир катар уюмдар Ооганстандан кетип, өлкөдөгү гуманитардык кризис тереңдеп баратат.
"Талибан" кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы соттун чечими менен экстремисттик деп табылып ишмердигине тыюу салынган.
Экономикалык санкциялардын курчоосунда калган "Талибан" баңгизаттарынан арылуу үчүн чет элдик колдоого муктаж экенин айтып келет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жакырчылыктын сазына баткан оогандыктар жашоо үчүн аргасыз кадамдарга барып жатканын билдирди.
"Айрымдар үйүн, жерин же киреше алып келген активдерин сатууга мажбур. Кээлери балдарын иштетип, наристе кыздарын күйөөгө берүүгө аргасыз", — деп жазылган ПРООНдун баяндамасында.