Үч талак же Тажикстандагы СМС-ажырашуу

2005_illustration

Тажикстанда ушу кезге чейин ажырашуулар коомчулуктун талкуусуна түшпөгөн темалардын бири. Ажырашып кетүү аялдар үчүн уят иш катары эсептелет. Эркек үчүн мунун анчалык деле кыйынчылыгы жок, үч ирет “талак” деп койсо ажырашасың. Чөнтөк телефон чыккандан бери күйөөлөрү аялына талакты телефон же СМСтин жардамы менен жасаган учурлар көп катталууда.

Эркектин өзгөчө укугу

“Күйөөм Орусияда иштечү. Чалганынан ала койсом, мага үч талак берди да телефонун өчүрүп койду. Бул эми "башың бош, менин аялым эмессиң" дегени да. Адегенде ачуум келди, анан өзүмдү аяган сезим менен коркунуч пайда болду. Уят деген ушул да. Тааныштарым, жакындарым эмне дейт деп кабатыр болдум. Болгон айыптын баарын аялга жүктөп коюшат. Эриң талак берсе - сен күнөөлүүсүң. Башың бош, эч кимге кереги жок бирөөсүң. Ажырашып кеткенибизди тааныштарыма айтуудан тартынып жүрдүм. Айрымдары ачык эле басып келип “Сага талак бердиби? Ушундайга жеткирипсиң да?!” деп сурашы деле мүмкүн. Анан молдого барып буга бир нерсе жасоого болобу деп сурадык, кийин болсо болору болду деп кала бердик”, - дейт дүйшөмбүлүк 22 жаштагы Фируза.

Акыркы он жылдыкта телефон же СМС аркылуу ажырашуу Тажикстанда аялдар үчүн олуттуу проблемага айланууда. Мындай ишти көбүнесе сырттагы эмгек мигранттары жасашат, алардын миграцияга кетип башка аял алат да Тажикстанда калган аялы менен балдарына кол шилтейт. Ажырашуу үчүн аялына телефон чалып үч ирет “талак” берип, сүйлөшкүсү келбесе СМС аркылуу эле талак бергенин жазып коюшат. Арабчадан “талак” (الطلاق) ажырашуу деп которулат.

(Тажиктер аны «талок» дешет). Шарият мыйзамына ылайык ажырашкысы келген күйөөнүн үч ирет «талак» айтканы жетиштүү, нике бузулуп эрди-катын ажырашат. Талак берүү – жалаң эркекке гана берилген укук. Мындайга ал ар кыл себептерден улам барышы ыктымал. Эгер аял ажырашкысы келсе, маселени шарият соту гана чече алат.

Талактын – эч кандай юридикалык күчү жок. Бирок тажик коому дин эрежелерине ыкчам өтүүдө, ошондуктан юридикалык мыйзам эрежелерине караганда шарият жол-жоболорун сактоо маанилүү.

Көп тажикстандыктар никени расмий каттоодон тышкары молдо чакырып, диний жөрөлгөлөрдү жасап, нике кыйдырышат. Нике (النكاح‎‎), арабчадан үйлөнүү деп которулат. Айрымдар молдону чакырып, нике кыйдыруу менен гана чектелет.

2011-жылы Тажикстандын Үй-бүлө кодексине ЗАГСтан никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгү жок молдолордун нике кыйышына тыюу салган өзгөртүү киргизилген. Бирок бул нормалар такай сактала бербейт, айрыкча айыл жеринде аны эстегендер аз. Жашы жете элек кыздарды күйөөгө беришкенде же “экинчи” аялга – “токолго” үйлөнгөндө молдо чакырып нике кыюу менен иш бүтөт. (Каттоого турбай үйлөнгөндөр боюнча статистика да жок).

Дагы караңыз Тажикстан: кыз намысы, кыйылган өмүр


Фируза: Расмий ажырашууга караганда талактан коркком

«СМС менен ажырашкандар» көбүнесе молдо нике кыйгандардын арасында кездешет. Анткен менен аял-эркек расмий каттоо күбөлүгүн алганы менен ажырашуунун расмий жобосуна караганда диний жөрөлгөгө (талак) көбүрөөк маани берилет. Башында кеп кылган Фирузанын ажырашуусу ошондой болду.

«Талак – бул эркектердин аялды коркутчу жүйөсү. Мага күйөөм бир нече ирет "сага талак берип, башка катын алам" деп айта берчү. Ошондон улам расмий ажырашууга караганда талактан көбүрөөк коркчумун. Ажырашкандан кийин каалоо болсо кайра турмуш улана бере турганын билчүмүн. Андай учурлар көп эле болгон, ал эми талак берилгенден кийин ынтымакка келип жашап кеткендерди билбейм. Ислам боюнча ажырашуу катуу, эч ким дин эрежесине каршы тура албайт», – дейт Фируза.

Фируза 19 жашында күйөөгө чыкканда университеттин үчүнчү курсунда окуп жаткан.

«Күйөөм мага үйлөнгөнгө чейин Орусияда иштеп жүргөн. Мени апасы жактырып калган экен, кайненем менин апам менен чогуу иштечү. Башында мага үйлөнчү жигиттин үй-бүлөсү жакшы адамдардай көрүнгөн. Окуумду улантып, университетти бүткөндөн кийин иштей беришимди туура көрүшкөн. Болочок кайненем уулу жогорку билимдүү экенин, азыркы замандын алдыңкы жаштарынан экенин айтып мактанган. Бирок күйөөмдүн эч кандай билими жок экен. Тек гана мени алдап коюшканын тойдон кийин билдим», – дейт Фируза өткөн күндөрүн эскерип.

«Тойдон кийин баары өзгөрдү. Күйөөм жана анын жакындары таптакыр башка адамдар болуп чыга келди. Биринчи күнү эле кайненем элдин баары жаткандан кийин түнкү 11 – 12ге чейин үйдөгү иштерди бүткөрүп, таңкы 5те турушум керек экенин эскертти. Кайненем күн сайын кандай тамактарды жасашымды айтып берди. Тирүүнүн тозогу ошентип башталды.

Мен баарынан мурда турчумун, тамак жасап, үй ичин тазалап чыгам, анан башкалар туруп, тамак жешет, алардын артынан идиш жууйм. Баарын жыйыштыра салып университетти көздөй чуркайм. Түштөн кийин сабактан чыгып үйгө келип жыйыштыра баштайм, тамак даярдайм, түн ортосу оогончо жаным тынбайт. Сабакка даярданууга убактым деле калчу эмес. Кээде китеп кармап отура калсам баары жактырбай, "бизге жогорку билимдүү келиндин кереги жок, окууга да, үй ишине да жетише албаган келиндин кереги жок" деп чыгышчу. Анан күйөөм "сабакка барбай эле кой" деп телефонумду алып койду. Сабакка барбай калгандан кийин биздин группанын старостасы ата-энеме чалган экен, алар менин университетке жибербей койгон кайненем менен кайнатамды урушуп, ошондон кийин гана кайра окууга жөнөтүштү. Иш да кылып, сабактарга да жетишип барып турдум».

Дагы караңыз Сириядан азап менен кайткан келиндер

Фирузанын айтуусунда, чыныгы азап боюна бүткөндөн кийин башталган.

«Мага эч ким жардам берген жок, кайра жумуштар көбөйүп, жанымды тындырышпады. Ушунун айынан тун баламдан айрылып калдым. Жаңы жылдын алды болчу. Күйөөм карындашы экөө шаарга жөнөп, мени кайненем менен кайнатама тамак бышырып бер деп калтырып коюшкан. Кечинде өзүмдү жаман сезе баштадым. Кайненеме "ичим ооруп жатат, врач чакыртыңыз" дедим. Ал болсо "боюнда бар аялдардын баары эле ушинтип кыйналат, өтүп кетет" деп койду. Чыдай албай жаным жер тартты, "мынабу иштерди бүтүрүп коюп жата бер" деди. Ошол түнү боюмдан түшүп калды, жарык дүйнөнү көрбөй калган чүрпөмдү көрүп жаман болдум. Эмне кыларымды билбей ыйлап жатам. Кайненем кире калып “Эмне өңгүрөйсүң? Баарыбызды коркуттуң. Балаңын бойдон түшүп калышына жалгыз сен күнөөлүүсүң” деп урушуп кирсе болобу».

Боюнан түшүп калгандан кийин Фирузаны ата-энеси үйүнө алып кеткен. Бир нече күндөн кийин күйөөсү артынан келип, экөө элдешкен.

“Аз-аздан көнүмүш турмушка кайта баштадым. Ушинтип баары жакшы болуп кетет деп ойлгом. Телефонду күйөөм алып койгон, бирок кээде өзүнүн телефонунан мага сабактарды жасоого уруксат берчү. Бир жолу сабакка даярданып отурсам күйөөмө бир кыз кат жазып атпайбы. Кат “жаным...” деген сөз менен башталыптыр. Эсим ооп отуруп калдым, катты аягына чейин окуп чыктым, көрсө күйөөм мага үйлөнгөндөн бери ушул кыз менен жүрүптүр. Кызга телефон чалып жолукмай болдук. Экөөбүз жолуктук. Күйөөм менен биз баш кошкончо эле жолугуп жүрүшчү экен, бирин-бири сүйүшүп, жакшы жүрүшкөндө күйөөмдүн ата-энеси каршы болуп, келиндикке мени алып атышпайбы. Ошол жерден күйөөмө телефон чалып “келип кал” дедим. Келди, мени уккусу келген жок, жаактан ары бир чаап, тиги кыздан кечирим сурап кирди. Мен шакегимди колуман чыгарып ыргыттым да басып кеттим, ал жолумду тоскон жок».

Фируза бул жолу да ата-энесиникине кетип, артынан кечирим сурап барган күйөөсүн кыя албай кайын-журтуна кайтып келген.

«Мындан аркысы аябай начар болду. Күйөөм мени ура баштады. Чыдап жүрдүм... Бир күнү токтолор, баарысы жакшы болор, апабыз, чоң энелерибиз айткандай, аягында баары жакшы болуп кетер деп үмүттөнүп, күтүп жүрдүм. Күйөөмдүн бул жердеги иши жакшы жүрүшпөй, кетмей болду. Мага ата-энесин табыштап, мени алып кетер-кетпесин кийин чечерин айтып жолго чыкты. Боюмда бар болчу. Аным күйөөмө, үйдөгүлөргө чоң жаңылык болбоду, кубаныч сезилбеди. Күйөөм көбүнчө апасына чалчу, кээде мени менен сүйлөшчү. Ошондой күндөрдүн биринде ал мага телефондон үч ирет “талак” деп айтып, телефонду өчүрүп койду.

Эсим ооп калды. Апасы менен карындашы ырсайып күлүп карап турат, "ушуну көрмөксүң, өзүңө өзүң кылдың" деп жемелеп жатышты. Анан мага телефон беришти, ата-энеме чалдым, алар келип мени алып кетишти».

Фируза күйөөсүнөн кеткенден кийин нече айдан кийин уулдуу болгон.

«Күйөөм Орусияда болчу. Уулун көрүүгө куштар деле болгон жок. Анын ордуна ата-энеси "баладан кечебиз" деп арыз жазып беришти. Кийин расмий ажыраштык. Апасы уулунан тилкат жаздырып келип документтерге кол коюп берди».

Иллюстрациялык сүрөт.


Фарзона: Талак жарабайт

«Талакты жактырбайм. Адамдар ачуусу келгенде айтып алып, ачуусу таркаган соң өкүнөт. Күйөөм экөөбүз ушундай болдук. Бири-бирибизди аябай сүйөбүз, ачуу үстүндө айтылган сөз баарын жок кылып коюшу туура эмес», – дейт Фарзона.

Ага да Фирузага окшоп Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү үч талак берген. Бирок молдо СМС аркылуу ажырашканга болбой турганын айткан.

Фарзона күйөөгө 25 жашында чыккан:

«Алгач университетти бүтүп, иштеп жүрдүм. Кудалап келгендер көп болду, бирок алардын бири да мага жакчу эмес. Болочок күйөөм менен капыстан таанышып калдык. Менин иним Вахдат шаарында турчу. Инимдикине мейманга барып калып күйөөм менен таанышкам. Көргөндө эле узун бойлуу, сулуу жигитти жактырып калдым. Телефон номурларыбызды берип сүйлөшө баштадык. Ошентип сүйүшүп кеттик да той өткөрүүнү чечтик».

Жубайлар үйлөнгөндө алгач кайната-кайнене менен чогуу жашашкан.

«Мага оор болду. Бирок күйөөм менин сөзүмдү сүйлөп, жардам берип турчу. Бир жыл чыдадым, анан күйөөмдүн үйүндөгүлөр менен урушуп, ата-энемдикине кетип калдым. Кыздуу болдук. Күйөөм ижарага үй табам, ошондо өзүбүзчө жашайбыз деди».

Фарзона ата-энеси менен жашап, күйөөсү менен телефон аркылуу сүйлөшүп жолугушуп турганын айтты.

«Анан күйөөм бир жума жоголуп кетти. Телефон чалдым, кат жаздым, албады, өчүк экен. Бир жумадан кийин ал орусиялык номерден чыгып, ал жакка иштегени кеткенин айтты. "Азырынча ата-энең менен тура бер, күт, келемин" деди. Ачуум келип, эмнеге мага айтпай кеткенин такып, катуу уруштум. Ачууга алдырып андай болсо “талак бер” дедим. Ал кыйлага унчукпай туруп телефонду өчүрүп койду, анан кийин мага “талак бердим” деп жазып коюптур.

Ыйдан күчүмдү чыгарып, эмне кыларымды билбей отуруп калдым. Бир сааттан кийин ал дагы жазды, "мени ушуга жеткирдиң, менин ажырашкым келген эмес, өзүң суранып атып ушинттиң. Мен сени гана сүйөм, жиндилигимди кечирип кой дептир».

Дагы караңыз Сабалган, муунган, уксус ичкен келиндер

Фарзонанын атасы молдого жагдайды айтып бергенде “андай талак болбойт" деген жооп уккан.

«Кайрадан молдо чакырып нике кыйдырганыбыз жок. Бул бизге чоң сабак болду. Мындан ары ачууга алдырып, чечим кабыл албаш керек экендигин түшүнүп калдык», - дейт Фарзона.

Далер: Айыптуумун дебей калдым

«Талак баарыбызга керек болуп калган экен. Мурдагыдай өзүмдү айыптуу эсептебей калдым, Орусиядагы аялым менен балдарым чочулап, коркуп отуруудан кутулушту. Тажикстанда калган аялым боштондук алды, эми ал өз турмушун жөндөп алсын. Бул иш болгондон бери аны менен бет келише элекмин, акыры мени кечирет чыгаар деген үмүттө жүрөм».

34 жаштагы Далер СМС аркылуу Тажикстанда калган экинчи аялына талак бергенде Орусияда жашап, иштеп жүргөн. Орусияда анын расмий никеге турган аялы, үч баласы бар, экинчи аялы менен никесин молдо кыйган.

Ал мындан 20 жыл илгери үйүндөгүлөр менен урушуп, Тажикстандан кетип калганын айтып отурду.

«Менин сүйгөн кызым бар болчу, биздин баш кошуубузга ата-энем катуу каршы чыгып үйлөнө албай калганбыз. Орусияда бир дүкөндө сатуучу болуп иштеп жүрүп ала турган аялым менен ошол жерде таанышкам. Чогуу туруп калдык, анан көчүп келип бирге жашай баштадык”.

Бир топ жыл өткөндөн кийин Далер ата-энеси менен жарашып, сүйлөшө баштаган.

«Жеке турмушум тууралуу аларга эч нерсе айтпадым. 12 жыл ичинде өз жеримде үч-төрт ирет гана болупмун. Эки аптага келип, анан үй-бүлөмө кетип калчумун. Тажикстандан кетпесин деп ата-энем паспортумду катып коюшчу».

Далер үй-бүлөлүү экенин биринчи кызы төрөлгөндө ата-энесине билдирген.

«Алар мени ортого алып такып сурап, "Тажикстанда эле үйлөнбөйсүңбү?" дей башташты. Менин болсо үй-бүлөм бар, аялым, анан мен аябай жакшы көргөн үч кызым.

Акыркы жолу Тажикстанга барганда ата-энем мени кыйнап эле үйлөнтүп коюшту. Апам өзү эле бир кызды таап, кудалап коюптур, анысын билбейм. Үйгө келсем той болот деп топурап калышыптыр. Жакындарым документтеримди катып коюптур. Үйдө чоң жаңжал болду, аялым, кыздарым бар экенин айттым, бирок ата-энем мени уккусу келген жок. Айла жок ата-энемдин айтканына көндүм. Биздин салтка ылайык той болду. Тиги кыз менин аялым болуп калды», – деп Далер өткөн окуяларды эстеп жатты.

Тойдон кийин ал Тажикстанда бир жарым аптадай туруп, анан Орусияга кеткен.

«Ошол акыркы барышым болду. Үйүмдө үч жылдан бери боло элек болчумун. Ата-энем келинин айтышат. Мен аларга өзүңөр тандаган келин менен жашай бергиле, менин Орусиядагы аялым жанымда дейм. Тажикстанда калган аялым 2,5 жыл күттү, биздин үйдө жашады. Кийин ага деле мындай жашоо жаккан эмес окшойт кетип калыптыр. Мен ага СМС аркылуу талак бердим. Ал бечарага деле боорум ооруду, ата-энемдин айынан ушул иш болуп калды. Бирок үйлөнөрдө мен ага Орусияда үй-бүлөм бардыгын ачык айткам, ал унчукпай койгон, анын ордуна тойду токтотсо болмок.

Орусиядагы аялымдын, чырактай балдарымдын, Тажикстанда калган аялымдын алдында өзүмдү аябай эле ыңгайсыз, күнөөлүү сезип жүрдүм. Чын-чынына келгенде Тажикстанда калган кыз менин аялым деле эмес болчу. Баарына күнөөлүү ата-энем болду. Ошол кишилер бирөөнүн чырактай кызынын тагдырына балта чабышты».

Иллюстрациялык сүрөт.


Шахноза: Талак менен эркиндикти чогуу алдым

«Мага талак жагат да, жакпайт да. Менин жагдайыма келсек, талак боштондукка чыгуунун жалгыз жолу болчу. Ажырашып, эркиндикке чыктым. Күйөөм мага талак бербесе каалаган кезинде келип, каалагандай кордоп, каалаганын жасап кете бермек. Талак бергенден кийин ал мага эч нерсе айта албай калды, эч нерсе жасай да албайт».

Шахнозага күйөөсү талакты боюнда бар кезинде телефон аркылуу берген. Аёосуз токмоктон тажаган келин күйөөсүнөн телефон аркылуу талак беришин талап кылган.

«Күйөөгө 24 жашымда чыктым. Баары мени "кара далы болуп калдың" дешчү. Бул сөз мага жакчу эмес, туугандарым менен тааныштарымдан антип айтпагыла деп суранчумун. Жогорку билим албаганым менен менден өткөн тикмечи жок, биздин үйдө кыздарга билим алууга тыюу салып коюшкан. Буюртма көп келип, акчаны арбын тапчумун», – дейт Шахноза.

Үйдөгүлөр Шахнозаны апасынын алыс туугандарынын биринин баласына берүүнү чечкен.

«Менден сурашкан деле жок, күйөөгө ушуга чыгасың дешти, эч кимдин уккусу келбеди. Айла жок, макул болдум. Күйөөгө чыкпасам айылдагылар күлүшмөк. Бизде кыздар эрте эле 18 – 20 жашында күйөөгө чыга баштайт».

Шахноза күйөөсү менен бир жылга жетпеген убакыт гана жашаган.

«Ал баңги экен, муну мага эч ким айтпайт. Тикмечиликтин арты менен кыйла акча таап алгам, алтын кооздуктарым бар эле, баарын сатып түгөттү. Сүйлөсөм эле токмоктоп жатып калчу.

Бизди дайыма "чыда" дешет, "унчукпа, күт" деп үйрөтүшөт. "Үйдө болгонду эч кимге айтпа" деп көндүрүшкөн. Мен да тилимди тишиме катып, бирөөгө эч нерсе айтпадым. Туугандарым үйгө келип, сурап калганда жыгылып кетип көгөртүп алганымды айтчумун. Бир жолу таң эрте үйгө бутуна тура албай мас болуп келип, мени сабап кирди. Мындан ары чыдабайм дедим. Ал мени үйдөн кууп чыкты. Үйдөн эч нерсе албадым, ата-энемин үйүнө жөө кеттим. Боюмда болуп калган, мындай начар адамдан төрөгүм деле келбеди, аборт жасатайын десем кеч болуп калган экен».

Дагы караңыз Тажикстанда СМС аркылуу талак бергендерди жазага тартуу сунушталды
Дагы караңыз Индия өкмөтү талакты кылмышка теңеди
Дагы караңыз Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Шахноза күйөөсү менен расмий никеге турган эмес, ошол үчүн ал төрөлгөн баласына алимент албайт.

«Анын баласы менен иши жок. Талак бергенден кийин баласынын ага эч кандай тиешеси жоктой басып кетти, акча жагынан жардамды ойлоп деле койбойт».

«Азия-Плюс» агенттиги Тажикстандын Ислам борборунун маалыматына таянып, өлкө боюнча ажырашуу арызы менен шарият сотуна 100гө жакын түгөйлөр "телефон же СМС аркылуу берилген талак ислам нормаларына туура келеби?" деп кайрылганын белгилейт.

Бир нече жыл илгери Тажикстандын Диндер боюнча комитетинен Уламалар кеңеши телефон жана СМС аркылуу ажырашууга тыюу салчу фатва (диний токтом) кабыл аларын билдиришкен. Бирок андай фатва кабыл алынган эмес.

Ислам борборунун фатваларды жөндөө адиси Абдувохид Хамидовдун ырасташынча, тажикстандыктардын көпчүлүгү тутунган ханафий мазхабына ылайык эркектин үнү угулган жерде гана талак чын деп эсептелинет, ал үн бетме-бет турганда айтылабы же телефон аркылуу айтылабы – мунун эч кандай айырмасы жок. Талак берүүнү ырасташ үчүн күбөнүн да кереги жок. Ал эми СМС боюнча Хамидов ар бир жагдай шартка жараша каралышы керек деп эсептейт.

«Эреже катары СМСти мигранттар жөнөтөт, ачуусу келип турганда же арак ичип, нааша тартып өзүн билбей турганда “талак” деп ийиши мүмкүн. Мына ушундай себептерден улам талактардын көбүн кабыл алуу туура эмес», – дейт Абдувохид Хамидов.

Дагы караңыз Аялдардын ачуусуна тийген үч талак
Дагы караңыз Атынчалар жүйөсүз талакка каршы
Дагы караңыз Диний үй-бүлөдөгү аялга мамиленин өзгөчөлүгү

«Уламалар кеңеши эркектерди телефон аркылуу ажырашпоого чакырат. “Жерине келип аялынын абалын көргөндөн кийин эркектин чечими өзгөрүшү ыктымал. Адамдын жүзүнөн ысык нерсе жок го, бетме-бет жолугушуу жакшы сезимди жаратып ийиши мүмкүн. Мына ушул көз караштан чыгып өлкөдөн сыртта туруп үй-бүлөнү бузбагыла, ажырашпагыла деп суранып жатабыз», – дейт Улумалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода.

МГИМОнун Кавказ жана чөлкөм коопсуздугу проблемалары борборунун ага илимий кызматкери Ахмет Ярлыкаповдун пикиринде, Тажикстанга тарап кеткен телефон же СМС аркылуу ажырашуу проблемасын так жазылган фатва гана токтото алат.

«Бул биздин учурда болуп жаткан иштер. Мурда мындай окуялар болчу эмес. Ханафий масхабындагы уламалардан так диний-укуктук баа берилишин талап кылуу керек. Тажиктер миграция процессине бекем аралашып кетти, бири-биринен алыс жашаган түгөйлөр аябай көп. Күйөөсү Орусияда иштеп жүрөт, аялы балдары менен Тажикстанда жашайт. Орусияда айрым эркектер башка аял таап алып, алыстагы жарына телефон же СМС менен талак беришет».

«Ханафий масхабында акыйкатта да ажырашууну жеңилдетүүчү жоболор бар, – дейт Ярлыкапов. – Айталы, күйөөсү узакка жоголуп кетсе аялына боштондук берип, ажыратып койсо болот. Ким күбө өтүшү мүмкүн? Андай күбө жок. Ханафит окуусундагы мына ушул нюанстарды нике кыюуда жана ажырашууда айрым адамдардын пайдасына ылайык чечип койгон учурлар көп. Бул жерде күбө жок болсо аны издештин деле кажаты жок. Бирок мунун баары божомол, так диний-укуктук негиздеме жок жерде ар ким өзүнчө иш кылат. Исламдын көз карашынан алганда мындай адамдар билип-билбей тобокелдик кылууда, телефон аркылуу ажырашуу, талак берүү күнөө катары эсептелиниши мүмкүн. Бул жерде так фатва болушу керек».

Каармандардын ысымдары өтүнүчтөрү боюнча өзгөрүлдү.

Анвар Сафарзода, "Настоящее время"