Тажикстанда салафизм экстремисттик деп табылды

Абактагылар айт намазын окуп жатат. Тажикстан

Тажикстандын Жогорку Соту салафизм диний агымынын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Өлкөдө бул агым кыянатчыл максатты көздөйт деп, интернет сайты да жабылды.

Кыргызстанда салафизмдин ашынган топторуна эле тыюу салынбаса, калган жактоочулары ээн-эркин эле иш алып барышат.

Тажикстандын Жогорку Соту салафи диний агымы боюнча чечимди былтыр 8-декабрда чыгарган. Бирок коомчулукка бул маалымат өткөн жума аягында гана белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу академиясынын жетекчиси, генерал Журахон Мажидзода жазып чыкты. Генералдын өкмөттүк “Жумхурият” гезитинде жарыяланган “Салафиликтин беткабын жамынган ваххабизм” аттуу макаласында бул агым расмий түрдө экстремисттик агым катары таанылганы белгиленген. Мындан соң диний агымдын интернеттеги сайтына тыюу салынып, толугу менен жабылды.

Негизи Тажикстанда салафизмге 2009-жылы эле тыюу салынган эле. Анда бул агымдын активдүү мүчөлөрү делген бир нече киши кармалып, абакка кесилген. Алардын башында “Эшен Сирожиддин” деген ат менен белгилүү Сирожиддин Абдурахмонов жана анын уулу Киромиддин бар эле. Алар төрт жылга жакын абакка отурган соң 2013-жылы бошотулган.

Египет: Салафиттердин "ал-Нур" партиясынын "Бирге туруп, диний өлкө курабыз" деген чакырыгы. 31.12.2014

Генерал Мажидзода бул кыймыл акыркы учурда ишмердигин кайрадан жандантып, “жаңы бет каптын” артында саясий максаттарды көздөп жатканын жазган. Ал белгилегендей, бул агымдын негизги максаты коомду “мусулман” “каапырга” бөлүп, “халифат” куруу. Ошондуктан агымды экстремисттик деп, тамырын толугу менен кыркуу туура чечим болду деп жазат Мажидзода.

Тажикстанда салафи агымына киргендердин саны көбөйүп баратканын айткан диний жана коопсуздук маселелер боюнча серепчи Фаруддин Ходизаде бийликтердин бул чечими туура болду деп эсептейт:

- Бул чечим өлкөдөгү диний чөйрөнү тартипке келтирүүнүн экинчи кадамы болду. Анткени 2009-жылы бул агымга Тажикстанда тыюу салынган эле. Эми болсо аны экстремисттик деп таап, мындай агымга мүчө болгондорду катуураак жазалаганы жатышат. Болбосо бул агымдын өкүлдөрү каржылык жактан да күчтөнүп жатышат. Маселен, Дүйшөмбүдө акча алмаштыруучу жайлардын көпчүлүгүнө ушул багытты кармангандар ээлик кылышат.

Азыркы учурда Тажикстанда салафилерден башка “Ал-Каида”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Жамаати Таблиг”, “Талибан”, “Хизб-ут-Тахрир”, “Точикистони озод” жана башка онго жакын уюм экстремисттик деп табылган. Өткөн жылы алардын катарына “24 тобу” деп аталган оппозициячыл кыймыл да кошулган.

Биз сөз кылып жаткан салафизм агымына Борбор Азиянын Тажикстандан башка айрым өлкөлөрүндө да тыюу салынган. Бул агымды Сауд Арабиясы колдоого алып, каржылаары айтылып жүрөт.

Теология доктору, кыргызстандык диний серепчи Зайнабиддин Ажымаматов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Кыргызстанда салафизмди экиге бөлүп карап жүрүшөт. Бул агымдын жихаддык идеясын колдогон айрым уюмдарына тыюу салынса, калганы ээн-эркин эле иш алпарат:

- Салафилер өз ара "суудий", "жихадий", "такфирий" ж.б. болуп бөлүнөт, Кыргызстанда "жихадий", "такфирий" салафилерге, башкача айтканда ашынган багыттарына тыюу салынган болсо, "суудий" салафилерге тыюу салынган эмес. Башкача айтканда, "суудий" салафийлер Кыргызстанда өз иш-аракеттерин ачык-айкын эле жүргүзүп келет. Кайсы салафий тобу болсо да диний көз караш менен бирге саясий көз карашты да идеологиялык негизде карманышат. Ошондуктан, кандай гана багыты болбосун, аны биздин өлкөдөгү диний абалга туура келбеген агым катары санасак болот.

Спорт ордосундагы жардыруу. 30-ноябрь, 2010-жыл

Ошондуктан, эртеби-кечпи Кыргызстанда да бул агымга толугу менен тыюу салуу маселеси көтөрүлөт деген ойдо серепчи.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев агым мүчөлөрүнүн ишмердиги тыкыр иликтөөгө алынышы керектигин билдирген.

Кыргызстанда салафизмдин бир бутагы саналган “Жайшул Махди” тобу террордук уюм деп табылган. Бул уюмдун мүчөлөрүнө 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган деген айып тагылып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары, өлкөдө ондон ашык диний уюм экстремисттик деп табылып, сот чечими менен аларга да тыюу салынган.