Тажикстан: согуш жарасы жана тынчтыктын баасы
Президенттик гвардиянын жарадар болгон жоокери. Коргон-Төбө, 1997-жылдын 11-августу.
Дүйшөмбүдөгү митинг, 1990-жыл.
СССР акыркы күндөрүн жашап жаткан маалда Дүйшөмбү шаарында каршылык жүрүштөрү дүрт этип, бийлик аны күч менен баскан. Бул окуялар өлкө тарыхында "Февраль окуялары" деген ат менен калды.
1991-жылы СССР ыдырады. Мурдагы советтик республикалардын көбү, анын ичинде Тажикстан эгемендүүлүгүн жарыялады. Иллюстрациялык сүрөт.
Эгемендүүлүк жарыялардан эки ай мурунку митингдер, 1991-жылдын июлу.
Дүйшөмбүнүн борбордук аянтындагы дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысы Владимир Лениндин эстелиги кулатылды.
Дүйшөмбүдө коммунисттерди жактаган жана аларга каршы чыккандар көчөгө чыкты. Бул митингдердин арты 1992-жылы жарандык согушка алып келди.
Коргон-Төбөдөгү (азыркы Хатлон) облусундагы куралдуу жоочулар.
Жарандык согуш Коргон-Төбө жана Рашт аймагына жайылды.
1992-1997-жылдардагы жарандык согушта тартылган сүрөттөр – элдин кайгысын, муң-зарын күбөлөп турат.
1992-жылы ноябрда Кожентте Тажикстандын Жогорку Кеңешинин 16-сессиясы өтүп, парламенттин төрагасы жана мамлекет башчысы болуп Эмомали Рахмон (Рахмонов) шайланган.
Жарандык согуштун кесепетинин айрым шаарлар камалоодо калып, калк ачкачылыкка кабылды.
Эл аралык уюмдар Тажикстанга гуманитардык жардамдарды жөнөтө баштады.
Өлкөнүн түштүк райондорунда жашаган калктын көбү Ооганстанга качып өтүүгө аргасыз болгон.
Жарандык согуш учурундагы балдар.
Ооганстандагы тажик качкындары.
Тажикстандык качкындар башкалкалаган Ооганстандагы Кампи-Сахи лагери, 1993-жыл.
Миңдеген тажик жарандары ооган жеринен башкалка тапты.
Жарандык согуш учурунда тартылган сүрөт.
Ооганстандан үйүнө кайткан тажик качкындары. Вахш өрөөнү, 1997-жылдын 21-октябры.
Тажикстандагы Орусиянын Тынчтык күчтөрүнүн жетекчи орун басары генерал-майор Павел Липский. Кубодиян, 1997-жылдын 16-августу.
Бириккен тажик оппозициясынын талаа командири Мирзо Зиёев. 1998-жылдын 14-майы.
Өкмөттүк күчтөр полковник Махмуд Худойбердиевдин козголоңун басты. 1997-жылдын 18-августу.
Тажик оппозициясынын жетекчилиги ошол кезде Ооганстанда турган. Согушкан тараптардын биринчи жолугушуулары ушул жерден башталат.
Эмомали Рахмон, Бурхонуддин Раббани, Абдулло Нури жана Ахмадшах Масуд.
Москвада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулло Нури тынчтык келишимине кол койгон учур
Келишимге кол койгондон кийинки сүрөт: Орусиянын президенти Борис Ельцин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, тажик оппозициясынын лидерлери Саид Абдулло Нури менен Ходжи Акбар Тураджонзода. Москва, 1997-жыл 27-июнь.
Тажикстандын өкмөтү менен Бириккен оппозиция ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири 1997-жылдын 18-майында Бишкекте өткөн.
Качкындардын үйүнө кайтып келүүсү, Вахш өрөөнү. 1997-жылдын 21-октябры.
Качкындар туулган жерине кайтууда, 21.10.1997.
Жарандык согуш учурунда талкаланган турак-жайлар, Вахш өрөөнү.