Тажикстан эрежесиз эр урушту жактырбай турат

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда быйыл бир да жолу эрежесиз уруш жана кадимки бокс боюнча турнир өткөрүүгө уруксат берилген жок. Мындан улам спортчулар эл аралык мелдештерден сыртта калып жатат.

Коңшу өлкөдө спорттун бул түрлөрү токтотулганы айтылганы менен, бийлик бул маалыматты расмий бышыктай элек. Мындан мурдарак Тажикстандын Аалымдар кеңешинин башчысы, өлкөнүн муфтийи спорттун бул түрлөрүн “арам” деп билдирген.

Жахонгир Таиров 60 кг салмакка чейинкилер арасында эрежесиз эр уруш боюнча спорттун чебери жана машыктыруучу топтун башчысы. Азыр мушкер эл аралык мелдешке даярдык көрүүдө. Бирок канчалык машыкса да жеңишке жетүүдөн күмөн санап турган чагы. Анткени буга чейин өлкөнүн ичинде бир да жолу турнир өткөн эмес, Жахонгир эми дароо чет өлкөдө күч сынашат.

- Тажикстандын өзүндө спорттун бул түрлөрү боюнча мелдештер жана өлкөнүн чемпионаты өтпөсө, эл аралык мелдештерден байге алууга үмүттөнбөй койсок деле болот. Анткени бизде тажрыйба аз, - деди ал.

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Тажикстанда бир да жолу жергиликтүү жана эл аралык мелдеш уюштурулган жок. Мындан улам федерация өлкөнүн курама командасына да спортчуларды тандай алган жок. Ошондуктан ушул тапта Эрежесиз эр уруш федерациясынын келечеги да бүдөмүк.

“Тажикстан спорту” тобунун жетекчиси Амридин Наимовдун айтымында, азырынча Спорт комитети эч кандай маалымат бере элек:

- 2018-жылы эр уруш жана бокс боюнча бир да жолу мелдеш өткөрүлгөн жок. Ал түгүл өлкөнүн биринчилиги да уюштурулбай калды. Анын себебин эч ким түшүндүргүсү келбейт, ачык эч нерсе айтышпайт.

Эрежесиз эр уруш.

​Акыркы жылдары коңшу мамлекетте эрежесиз уруш боюнча бир нече эл аралык турнирлер уюштурулган. Алардын баары демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөн. Өлкөнүн спорт комитети буларга бир тыйын да каражат бөлгөн эмес. Спортчулар бийликтен колдоо күтпөй калышканын айтып, мелдештерди уюштурууга бөгөт койбоону гана өтүнүшөт.​

- Өлкөдө бокс менен эрежесиз эр урушка тыюу салганга болбойт. Бул спорттун түрлөрү өнүгүшү үчүн керек. Башка мамлекеттерде мындай тыюу жана чектөө жок. Спортчу өз алдынча жана мамлекеттин колдоосу менен өз чеберчилигин жана күчүн көрсөтүшү керек,- деди машыктыруучу Камил Лашкаров.

Тажикстандын Эрежесиз эр уруш федерациясынын вице-президенти Шамшод Эмамов буларга токтолду:

- Бизде азыр эл аралык компаниялар жана промоутерлер менен келишимдер үйүлүп калды. Биздин тажик спортчулары эл аралык турнирлерде өлкө желегин бийик желбиретсе деген эле максат.

Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт комитети эрежесиз эр уруш менен бокс мелдештерин өткөрүүгө тыюу салынганы жөнүндө кабарларды четке кагууда. Мекеме "мелдештерди спорттук федерациялар гана уюштурат" деген маалымат менен чектелди.

Саидмукаррам Абдулкодирзода.

Мындан мурдараак Дүйшөмбүнүн борбордук мечитинде Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода бокс жана эрежесиз эр уруш "адамдын ден соолугуна залал келтиргендиктен, исламдын шарттарына туура келбесин” айткан. Муфтий спорттун бул түрлөрүн "арам" деп атаган.

Тажикстанда учурда спорттун 10га жакын түрү боюнча уюштурулган мелдештерге 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдү катыштырууга тыюу салынган. Алардын катарында бокс менен эрежесиз эр уруш да бар. Мындан сырткары, өткөн жылы тажик өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитети "зомбулук, кадыр-баркка шек келтирүү жана кемсинтүү бар" деген жүйө менен эрежесиз эр уруш, бокс, греплинг, панкратион сыяктуу спорттун 10дой түрүнө тыюу салуу боюнча атайын документ даярдаганы айтылган. Бирок андай документтин кабыл алынганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.