Тажиктерде эмчи-домчунун кадыры өсүүдө

Шаршемби күнү пакистандыктар буту баспаган майып балдарды төшүнө чейин жерге көөмп коюшат. Элдин ишениминде, жер бетине сиңген күндүн нуру адамдын сөөгүнө өтүп, бейтап басып кетиши мүмкүн.

Тажикстанда адистешкен дарыгерлер менен ооруканалар жетиштүү болсо дагы эмчи-домчуларга кайрылган бейтаптар көбөйүүдө.
Суук тийгенде чөөнүн, учук менен ооругандарга кирпи чечендин этин жедирген - дарылоонун адаттан өзгөчө амалдары. Бүгүн мындай ыкмалар Тажикстанда катардагы көрүнүшкө айланып баратат.

Назиржон Назиров Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон дубанында жашайт. Ал учук менен ооруп калганда, дарыгерлер ооруканада алты ай дарылануу керектигин айтышкан. Бирок Назиржон анын ордуна "чүткөрдүн же кирпи чечендин этин жесең, учуктан тез айыгасың" дегенге ишенип, ооруканага жатпай койду:

Ооруганда адам кандай жол менен болсо да айыккысы келет экен. Ич десе ууну деле ичет турбайбы. Молдо мага кирпи чечендин этин же деген, эми кирпини болсо аңчыларга төлөп, алдыртып атам.

Учук менен ооругандардын саны жогору болгон Хатлондо кирпинин эти баалуу, анын 1 килограммын көмүскө базарда 40 сомони же 8 долларга сатып алышат.

Мындайды укканда Рахматулло Жураев өңдөнгөн дарыгерлер таң калганын жашырышпайт. «Кирпи чечендин эти учукка жардам бербейт, учукту кыска мөөнөттө дарылоо дагы мүмкүн эмес деп айтабыз. Бирок оорулуулар жарым жыл дарылангандан качышат» дейт Хатлон областынын борбору Куляб шаарындагы учук ооруканасын жетектеген Жураев.

Кыргызда бала көрбөгөндөр мазарга барып сыйынышат, ал эми тажиктерде айрымдар тукумсуздукка карышкырдын ургаачысынын кыны дары дешет. Аны жеп алып, ууланган жубайларларды жакында Хатлондун Муминобод ооданында жергиликтүү дарыканада өлүмдөн араң алып калышты.

Эмчи-домчулар адатта депрессия, уйкусуздук сыяктуу психологиялык ооруларга эм салышат, бирок Дүйшөмбү калаасында мамлекеттик Жүрөк оорулар борборун жетектеген Хусейн Рахмоновдун айтымында, бала көрбөгөндөр же өтүшүп кеткен илдетке чалдыккандар дагы элдик дарылоонун жолун издешет.

Катуу ооруган адам өз убагында адиске кайрылбаса, өтүшүп кеткенде ооруну айыктыруу мүмкүн болбой калышы мүмкүн.

Тажикстанда дарылоо бекер, дарыгерлер менен ооруканалардын саны алтургай айыл жерлеринде да жетиштүү. «Биздин ооруканада дарылоонун жана диагноз койчу заманбап жабдыктарыбыз бар. Анан эмнеге бул алтернативалык дарылоонун көбөйүп жатканын түшүнбөйм», - дейт дарыгер Рахмонов.

Коомдогу эмчи-домчуларга болгон талаптын өсүшүнө бейтапканалардагы коррупция менен дарыгерлердин паракорлугу тууралуу айың кептер түрткү болуп жаткан болушу дагы мүмкүн.

«Бекер дарылоо деген сөз гана, оорудан сакаям десең, көп акча чыгым болосуң» дейт дүйшөмбүлүк эксперт Давлотмурат Жумаев:

Бакшыга же молдого баргандар өздөрү туура көргөндөй, мисалы 2-3 сомони төлөшөт. Ал эми дарыгерге барсаң, дары жазып бергени үчүн эле 5 сомони сурайт. Дары-дармек да аябай кымбат, оорулар анын жарымын да төлөй алышпайт.

Жумаев элеттеги ооруканалар начар каржыланаарын да белгилейт. Бул жайларда жарык күнүгө бир нече саатка гана берилет, дааратканалары болсо короодо. Бүгүн дарыгерлик кызматтын баркы түшүп, аны аркалагандар да азайып кеткен.

Жүрөк оорулары боюнча Улуттук борбор жүргүзүп жаткан жаңы сурамжылоодон эмне себептен оорулар дарыгерлерден качып, эмчи-домчуларга бараары тууралуу дагы кошумча маалымат алынат болуш керек. Анын аралыгында учуктан жабыркаган Назиржон Назировго аңчылар кирпи чечендин этин алып келип беришти. Бейтап болсо эми этти бышырып жеп, дарттан айыгаарына үмүттөнүп турган кези.