Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө барды

Садыр Жапаров Тажикстанга болгон сапарын Дүйшөнбү шаарындагы "Дусти" аянтында орнотулган тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп баштады. 

 

Дүйшөнбү шаарындагы "Дусти" аянты.

 

Дүйшөнбү шаарындагы "Дусти" аянтына орнотулган тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги.

Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына расмий иш сапары менен 28-июнда барды. 

28-июнда Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарынын четиндеги “Бахор” резиденциясында жолугушту. 

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарынын четиндеги “Бахор” резиденциясында. 

 Дүйшөмбү шаарындагы “Улут сарайы”.

Садыр Жапаров 29-июнда Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту.

55 адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалынан көп өтпөй Садыр Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган.

Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Садыр Жапаровду Тажикстанга Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баштаган аткаминерлер коштоп барды.

 Дүйшөмбү шаарындагы “Улут сарайы”.

28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулаша турганы кабарланды.

Бул эки өлкөнүн президенттеринин 55 жаранынын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу.

Ушул тапта эки өлкөнүн чек аралары жабык. Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууну жаратты.

Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Садыр Жапаров эки күндук расмий сапары менен Дүйшөмбүгө барды.