Кыргыз-тажик чегиндеги абал

Көк-Таш айылы, Баткен.

Көк-Таш айылы, Баткен. 

Баткен облусундагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы бүгүн, 29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды салган алгачкы микроавтобус Баткен шаарына келгенин маалымдады.

"Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда", - деп маалымдаган Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Көк-Таш, Баткен. 

Көк-Таш, Баткен. 

Көк-Таш айылынын тургундары. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Көк-Таш, Баткен. 

Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 

Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү Баткендеги акыркы окуялар боюнча билдирүү таратты.

Анда тажик тараптын социалдык медиада "кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат" деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөп, мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.

28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.